ЭТЕГИН КАРМОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөгө сүйөнүп, аны кара тутуу, ага ишенүү, ошонун жардамын көрүү деген мааниде. Каленжан, мындан ары ушул турган көпчүлүк сенин этегиңди кармамакчы (Укаев). Көнгөнүңдөй казалын көчүрүп, таркатып, кат-сабатыңды арбытып, Молдокеңдин этегин карма, - деп атам жиберди (Бейшеналиев). Бакы менен куда-сөөк болуп этегин кармасам, чамгарагыман кут түшпөйбү (Осмоналиев).