Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө сыйынуу, айткан-дегенинен чыкпай аябай көзүн кароо, көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу, кулдук уруу. Башкарма боло электе өз агасы Мендирман Шоорук менен Бердибайдын этегине намаз окуган көшөкөрү эле (Сыдыкбеков). Нөкөн менен өмүр шерик болмок түгүл, этегине намаз окууга тура чуркоочуларды жок деп ким айта алат (Үмөталиев).