Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Төрөө, балалуу болуу. Ага жараша кудай этегинен жалгап койсо, Гулбүбүнүн үй-жайдын ээси жеке өзү болоруна шек жок (Сыдыкбеков). Экөө эки ууртаган соң, Ак Эрке чынынын түбүндөгү калган сууну «этегинен жалгасын!», «Очогунан жалгасын!» деп ырым кылып, оттун боюна тегерете сээп салды (Касымбеков).