Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чын ыкласы, бүт мүмкүнчүлүгү менен, тыным албай, аябай эмгек кылуу. Эне бечара келин алганына жетине албай этеги элек, жеңи желек болуп иштеп жүрдү («Кыргызстан маданияты»). Деги жек көргөн кишисин да эрите сүйлөп, этеги элек, жеңи желек болгон элпек мамилеси менен жайлаган атасы кыйын эле дешет (Бейшеналиев).