Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Назар салбоо, көңүл бөлбөө, байкас албоо. Болот миң башы элдин буркан-шаркан түшүп жатканын этибарга албай, эл ичинен чыгып кетти (Абдукаримов). Жеңижок ичинен кым деди, «чоң жолго таштап» деген кайраштырууну этибарга албай, кеп Токтогул жөнүндө чыгып калганына кубанды (Касымбеков). Анан барып жазылат дедиби, Шарипа күйөөсүнүн бул мүнөзүн этибарга албады (Кушубеков).