ЭТ-БЕТИНЕН КЕТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бир нерсеге өтө дилгир экенин билдирүү аябай үзүлүп түшүү. Командировка десе эт-бетибизден кетип, абдан талашабыз го («Ала-Тоо»). Байкеңкине барып кел десем эт-бетинен кетти (Бердикеев). 2. Өтө жакшы көрүү, жан дили менен мээримдүү кабыл алуу. Ата да, эне да балам деп эт-бетинен кете турган болот (Мырзаев). -Жезде, болуш эт-бетинен кетип ыраазылыгын билдирбеди, - деп таарынбаңыз (Бейшеналиев).