ЭТЕГИНЕН ЖАЛГОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Төрөө, балалуу болуу. Ага жараша кудай этегинен жалгап койсо, Гүлбүбүнүн үй-жайдын ээси жеке өзү болоруна шек жок (Сыдыкбеков). Экөө эки ууртаган соң, Ак Эрке чынынын түбүндөгү калган сууну «этектен жалгасын!», «Очогунан жалгасын!» деп ырым кылып, оттун боюна тегерете сээп салды (Касымбеков). Жамийла этегинен жалгап, эркек балалуу болду (Сыдыкбеков). Оюңузда болсо аны жасай бериңиз. Этегинен жалгаса, жардыдан мураскер тапсаңыз, ырыскыңыз ошо (Матисаков).