ЭТ-БЕТИНЕН КЕТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсеге өтө дилгир экенин билдирүү, аябай үзүлүп түшүү. Командировка десе эт-бетибизден кетип, абдан талашабыз го («Ала-Тоо»). Байкеңкине барып кел десем эт-бетинен кетти (Бердикеев). 2. Өтө жакшы көрүү, жан дили менен мээримдүү кабыл алуу. Ата да, эне да балам деп эт-бетинен кете турган болот (Мырзаев). – Жезде, болуш эт-бетинен кетип ыраазылыгын билдирбеди, – деп таарынбаңыз (Бейшеналиев). В.: Эт-бети менен кетүү. Сабыр бул жолку саякатка сүйүнүп, эт-бети менен кетти (Жусупов). Эт-бетинен жыгылуу. Ушу китеп дегенде өмөчөктөп эт-бетиңден жыгылып түшчү элек (Медетов). Эт-бетинен түшүү. Кузгундай эт-бетинен түшө калып, эти менен сөөгүн таразалап (Көчкөнов).