ЭТЕГИ ЭЛЕК, ЖЕҢИ ЖЕЛЕК БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Чын ыкласы, бүт мүмкүнчүлүгү менен, тыным албай, аябай эмгек кылуу, кам көрүү. Эне бечара келин алганына жетине албай этеги элек, жеңи желек болуп иштеп жүрдү («Кыргызстан маданияты»). Деги жек көргөн кишисин да эрите сүйлөп, этеги элек, жеңи желек болгон элпек мамилеси менен жайлаган атасы кыйын эле дешет (Бейшеналиев).