Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. жив. (набросок) этюд, алгачкы набросок (сүрөттүн, скульптуранын ж.б. эскиз түрү);
этюд к картине картинага этюд;
2. муз. этюд (көнүктүрүү, үйрөтүү үчүн жазылган же усталык үлгүлөрүн көрсөтө турган музыкалык чыгарма);
3. лит. (очерк) этюд;
4. шахм. этюд (утуу же эч ким ута алышпай турган абалга чейин жеткирүү максатын көздөп, атайын түзүлгөн позиция).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүрөт искусствосуна таандык кандайдыр бир чыгарманын же анын айрым бөлүгүнүн жалпы болжолун, дагы өнүктүрүлө турган алгачкы көрүнүшүн элестетүүчү сүрөт, скульптура, картинка. Булар графикалык жана живопистик, этюддар эле («Советтик Кыргызстан»). 2. муз. Көнүктүрүү, үйрөтүү үчүн жазылган же чебердиктин үлгүлөрүн көрсөтө турган музыкалык чыгарма. 3. Адабий, илимий же философиялык темадагы очерк. 4. Шахмат, шашки ойноонун техникасын үйрөнүү же мелдешүү максатында атайын түзүлгөн позиция.