ЭТ ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кыймыл-аракеттин болушун, бир нерсенин иштелишин билдирүүчү көмөкчү этиш. Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Чоң эне азыр жай сүйлөп, небересине өткөндү баян этти (Сыдыкбеков). Чоңдордун жемеси Орусбектин сезимине таасир этти (Сыдыкбеков). Карагай таш тийгендей солк этти (Токомбаев). Машина лып этип келип токтой калды (Жантөшев). Каныбек акырын гана күңк этип койду (Жантөшев). Мылтыктын тарс эткен үнү чыкты (Баялинов).