ЭТ БЫШЫМ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кыргыздын эски убакыт ченеми. Эт бышкыча кеткен убакыт (1–1,5 саат убакыт). Эт бышымга курган жан («Семетей» С. К.). Эси эндиреп Табылды, Эт бышымдай жатты эми («Эр Табылды»). – Ашыкпаңыз. Сары-Үңкүрдүн белесин эт бышымда ашып, тез эле жетем (Бейшеналиев). Каалашса акындар чай кайнам, эт бышым жамактатып ташташат (Токтогул).