Киргизско-русский словарь Юдахина
ой I
1. мысль, помысел;
адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт погов. человек мыслью не насыщается (всё время думает), волк овцами не насыщается;
ой-сөздүн сандыгы погов. мысль - сокровищница (букв. сундук) слов;
эр карыса да, ой карыбайт молодец стареет, (но) помыслы не стареют (он всегда готов тряхнуть стариной);
оюма келди мне пришло в голову;
оюна эмне келсе, ошону кылат он делает всё, что ему вздумается;
оюна келгенди бербейт он настойчиво, упрямо стоит на своём;
ойдон чыгар- забыть;
ойдон чыгарыла коюлган милдет забытая задача;
менин оюмча по моему мнению, по-моему;
сении оюңча по твоему мнению, по-твоему;
өз оюңча болорсуң ты поступишь по своей воле, как захочешь;
кимдин оюн ким билет? в чужую душу не влезешь; чужие мысли кто знает?
ойдогудай как того хотелось бы;
ойдогудай болбой калды не удалось, не вышло так, как хотелось бы;
ой жүгүрт- или ой жүргүз- обдумывать, размышлять;
ой жүгүртүү или ой жүргүзүү размышление; умозрение;
ою бөлүндү его взяло раздумье; его мысли раздвоились;
...деген ой оюма келди мне подумалось, мне пришло в голову;
мени атып жиберет деген ой оюма келди мне пришло на ум, что меня могут застрелить;
арам ой или жаман ой задняя мысль, злой умысел;
оюна эч жамандык албаган в его мыслях ничего дурного не было, он ни о чём дурном не помышлял;
ойдон кетпейт из головы не выходит, засело в голове;
акы ой басты его преследовала мысль;
ою менен (он) вволю, сколько хотел;
ою менен өбүшүп вволю нацеловавшись;
баланын ою менен болбо не будь ребёнком (которому всё дозволено);
ойдо жок жерден нежданно-негаданно, как снег на голову;
оюна кой- позволить делать так, как он захочет; давать кому-л. поблажку, давать кому-л. полную волю;
оюна койсо, иштин баарын буза турган если ему дать волю, он всё дело испортит;
журт куруткан Коңурду койсо болбойт оюна фольк. нельзя давать волю Конгуру, который извёл народ;
ой-сезим сознание;
койчулардын оор турмушу жаш Токтогулдун ой-сезимин ойготкон тяжёлая жизнь овечьих пастухов пробудила сознание молодого Токтогула;
2. совет, обсуждение;
чакырамын, баарың кел, ойлоно турган ой болот, үч күндөн кийин той болот фольк. я приглашаю, вы все явитесь, обсудим, через три дня будет свадебный пир (о чём и нужно посоветоваться);
3. ист. судебное решение бия или биев (см. бий II);
бийдин ою решение бия.
ой II
(ср. ойдуң)
низина, впадина, котловина;
ойду-тоону айта бер- (или соктура бер- или койгулата бер- или оттой бер-) нести околёсицу, говорить всякую чепуху.
ой III
восклицание ой!, ах!;
ой, атадан айланган иттин баласы! ах ты, отцом проклятый собачий сын!
ой- IV
выдалбливать, делать углубление; гравировать, делать резной орнамент;
кашык ой- выдалбливать ложку;
бечет ой- вырезать печать;
көз ой- вырвать глаз;
каш коёмун деп, көзүн оюп алды погов. хотел брови навести, да глаз выковырнул (усердие не по разуму);
ал калыңды оё бычып жеди он заграбастал большой калым;
эттин сулп жерин оё кесип алды он разом вырезал большой кусок мякоти мяса;
көйнөктү оё бычып алды она скроила платье из целого куска.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Ойлоо процесси; акыл жүгүртүп ойлонулган ниет. Экөө тең алда кандай терең ойлордун кучагына түшүп термелди (Жантөшев). Булактай кайнап түгөнгүс ою терең (Сыдыкбеков).
2. Ойлоо продуктусу, пикир. [Капитан] өзүнүн оюн бирөөгө түшүндүрүүгө абдан уста (Жантөшев). Сабыр азыр Сырганын оюн түшүнүп тургансып, балдарга суроо берди (Сыдыкбеков).
ОЙ II зат. Чуңкурураак болуп кеткен жер, айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, ойдуң. Ал өзүнүн туулуп өскөн жеринин ой-чуңкурун калтырбай көргүсү келет (Сыдыкбеков). Чаргын.. быштысын желдирип,.. келатып, ой-тоого карап коюп, өз алдынча күңкүлдөй берет (Сыдыкбеков).
Ойду-тоону айтуу — болбогон нерселерди сүйлөө, дайыны жок сүйлөө, аркайсынын башын бир айтуу.
ОЙ III этиш. 1. Казуу, чуңкурайтуу. [Ашыр] Мустафа менен бирге.. көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатышты (Сасыкбаев). Кайгынын баарын коёлу, Кара жерди биз быйыл Кетмендеп жатып оёлу («Манас»).
2. Тешүү, чукуп салуу. Бош эмес бардык аңыздар, Төмөндө коон, дарбыз бар, Бөйрөгүн оюп кетпесин Карга деген кансыздар (Осмонов). Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы).
3. Металлдын, жыгачтын ж.б. бетине из түшүрүп сүрөт, тур салуу, оймонун үлгүсү, формасы боюнча кесүү. Үйлөр турат жашылдарга бөлөнүп, Тукабаны сүрөт менен ойгондой (Аалы).
ОЙ IV сырд. Чочугандыкты, таңкалгандыкты билдирүүдө же бирөөнү чакырууда колдонулат. – Ой, Омор, сен эмне алдагы сүрөткө урушчудай карайсын, ык?! (Сыдыкбеков). Ой, келген акем турбайбы, — деп Сартбаев ордунан тура калды (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
восклицание ой-ой!;
ой-бой, чечен, нары тарт! фольк. ой-ой, мудрец, проваливай!;
ойбоюна койбостон невзирая на его протесты и жалобы;
ойбоюна койбостон атын алып кетти несмотря на его протесты и жалобы, он увёл его коня.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Акидей асылуу, эркине, макулдугуна карабоо. Тигинин ойбоюна койбой алмак-салмак жалынып-жалбарат жатышып, бир кайыкты жарым саатка сурап алышпайбы? (Мавлянов). Ал экөөбүз Тозордун ой-боюна койбой жатып жөнөтуп жибердик (Эшмамбетов). Жолдо жакшы санаалашы жолугуп, ой-боюна койбой үйүнө алып келип коноктойт («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акидей асылуу, эркине, макулдугуна карабоо. Тигинин ойбоюна койбой алмак-салмак жалынып-жалбарып жатышып, бир кайыкты жарым саатка сурап алышпайбы? (Мавлянов). Ал экөөбүз Тозордун ой-боюна койбой жатып жөнөтүп жибердик (Эшмамбетов). Жолдо жакшы санаалашы жолугуп, ойбоюна койбой үйүнө алып келип коноктойт («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Уйкусу ачылуу, уйкудан туруу. Сергек Зарыл күндөгүсүндөй эрте ойгонуп, эрте турду (Сыдыкбеков).
2. өт. Жандануу, кыймылга келүү, козголуу. Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). Батыш, чыгыш ойгонду, Дос, душман таанып ойлонду (Турусбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилиндеги ойгон, ойгоо, ойгот сөздөрүн өз ара салыштырганда, ойго же ойг бөлүгү баарына орток болгондуктан, аны сөздүн уңгусу катары кароого болот. Бирок ошол уңгу кандай маани бергени белгисиз бойдон калат. Кыргыз тилиндеги ойгот, ойгоо, ойгон сөздөрү байыркы түркчө одуг «ойгоо» (ДТС, 362) сөзүнө -от, -ог, -он мүчөлөрү жалгануудан келип чыккан. Закон ченемдүүлүк боюнча одуг+от, одуг+ог, одуг+он түрүндө айтылууга тийиш болсо, уңгуга мүчө уланганда уңгунун аяккы муунундагы үндүү тыбыш түшүп, одгот, одгок, одгон түрүнө келген. Кийин д тыбышы й тыбышына алмашып, жогорку сөздөр ойгот, ойгоо, ойгон болуп айтылып калган. Алгачкы одуг сөзү од+уг морфемаларынан куралган. Анткени байыркы түрк тилинде одул, одун этиштери да болгон. Анын одул этиши туюк мамилесинин мүчөсү аркылуу жасалса, одун дегени өздүк мамилесинин жардамы менен жасалып, азыркыча ойгон сөзүнө мааниси боюнча туура келген. Одуг сөзү болсо мааниси боюнча азыркы ойгоо сөзүнө туура келет. Байыркы кезде од уңгусунун өзү эле «ойгонуу» маанисин берген. Ага этиштен сын атооч жасоочу -ыг мүчөсү жалганып, одуг «ойгоо» сөзү жаралган. Бирок бул сөздөн байыркы кезде эле одгур түрүндө аркылуу мамилеси жасалган. Кыргыз тилинде одул, одун түрлөрү унутулуп, одуг негизинен жасалган ойгон, ойгоо, ойгот сөздөрү пайдалана баштаган. Натыйжада азыркы ойгоо деген сөздө этиштен атооч жасоочу -ыг мүчөсү эки жолу кайталанган: од+уг+ог+одгог>ойгог> ойгоо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уйкусу ачылуу, уйкудан туруу. Сергек Зарыл күндөгүсүндөй эрте ойгонуп, эрте турду (Сыдыкбеков). 2. өт. Жандануу, кыймылга келүү, козголуу. Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). Батыш, чыгыш ойгонду, Дос, душман таанып ойлонду (Турусбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бодрствующий, неспящий;
ойгоосунда оюнан, уктаганда түшүнөн кетпеген ни наяву ни во сне его не покидала (эта) мысль;
ушул сыяктуу ойлор түшүндө да, ойгоосунда да оюнан кетпей алек кылды подобные мысли ни во сне ни наяву не покидали и мучили его.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. олда, олдо I)
возглас, выражающий похвалу или неодобрение вон как!, здорово!;
ойда, десеңчи! ох, здорово получилось!;
ойда, келишип калды! вот нашли ведь друг друга! (напр. пьяницы, клеветники).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Ойлогондой, көңүлдөгүдөй, каалагандай, эң сонун. Оңой эмес ойдогудай өстүрмөк, Он бир бала — он бир баатыр кабланды (Осмонов). Сан, сапатын ойдогудай иштесек, Ушу күндө жердин бети бал каймак («Советтик Кыргызстан»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙДОГУ КЕПИЛДИКТЕР – камсыздандыруу полисинин текстине киргизилбеген, бирок бар экени камсыздандыруу келишиминин ажырагыс бөлүгү катары ойдо болгон кепилдиктер. Алсак, кемелерди каттамга камсыздандырууда кеме каттамга чыгар алдында деңизде сүзүүгө жарактуу турганы тууралуу камсыздандыруучу тарабынан кепилдик бериле турганы өзүнөн өзү ойго алынат. О. к-тердин ачык бузулушу камсыздоочуну жоопкерчиликтен бошотот.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бир орунга турбай тез-тез кыймылдоо, тыбырчылап, тынч тура албоо, ойсоктоо. Минип турсаң, бийлеп турат ойдолоп, Жерди чапчыйт, күрөк менен казгандай (Аалы). Отун алган кыз-келин, Ойдолошот кылтылдап (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бежать вприпрыжку, взбрыкивая; нетерпеливо двигаться, ёрзать; вести себя бойко, озорно;
ат ойдолоп турат лошадь приплясывает (горячится);
ойдологон бойкий, резвый;
ойдолобой отур сиди и не ёрзай, сиди спокойно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир орунга турбай ары-бери кыймылдоо, тыбырчылап, тынч тура албоо, ойсоктоо. Минип турсаң, бийлеп турат ойдолоп, Жерди чапчыйт, күрөк менен казгандай (Токомбаев). Отун алган кыз-келин, Ойдолошот кылтылдап (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ойдоло-;
Мирбек велосипедин ары-бери ойдолотуп, коңгуроосун катуу шыңгыратат (мальчик) Мирбек, носясь туда и сюда на своём велосипеде, звонит звонком;
колун ойдолотуп жазат он строчит (быстро пишет);
атын ойдолотуп, токтой калды он (всадник) остановился, а конь его приплясывает (горячится);
ойдолотуп жүрүүгө, опсуз күлүк Мааникер фольк. прекрасный скакун (конь) Мааникер для резвой езды.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, мейкиндик, ой. Беттеги жылкыларды ойдуңга айдап барды (Абдумомунов). Кыштак мына ушул ойдуң, көмүскө жерге орношкон (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, мейкиндик, ой. Беттеги жылкыларды ойдуңга айдап барды (Абдумомунов). Кыштак мына ушул ойдуң, көмүскө жерге орношкон (Таштемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көп жумуш аткаруу, абдан катуу иштөө, таш-талканын чыгаруу. Чындасак, ойду омкоруп, тоону томкоробуз («Кыргызстан аялдары»). Мына ойду омкоруп, тоону томкоруп жүргөн кезеги (Кыдырмышев). Өзүнчө ойду омкоруп, тоону томкоруп,... көтөрүңкү ишенимде келген Кожон, ...артына шарт бурулуп, кароолчу болуп иштеген гидрометстанциясы тарапты көздөй бет алып жүрүп кетти (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп жумуш аткаруу, абдан катуу иштөө, таш-талканын чыгаруу. Чындасак, ойду омкоруп, тоону томкоробуз («Кыргызстан аялдары»). Мына ойду омкоруп, тоону томкоруп жүргөн кезеги (Кыдырмышев). Өзүнчө ойду омкоруп, тоону томкоруп, көтөрүңкү ишенимде келген Кожон, артына шарт бурулуп, кароолчу болуп иштеген гидрометстанциясы тарапты көздөй бет алып жүрүп кетти (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Акыл жүгүртүүнүн жыйынтыгында пайда болгон нерсе. Экөө тең алда кандай терең ойлордун кучагына түшүп термелди (Жантөшев). Булактай кайнап түгөнгүс ою терең (Сыдыкбеков). Ой жеткен менен кол жетпейт (макал). Ойдун гүлдөгөнү – акылдын өркүндөгөнү (макал). 2. Аң сезимдин продуктусу, пикир. Капитан өзүнүн оюн бирөөгө түшүндүрүүгө абдан уста (Жантөшев). Сабыр азыр Сырганын оюн түшүнүп тургансып, балдарга суроо берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чочугандыкты, таң калгандыкты билдирүүдө же бирөөнү чакырууда колдонулат. – Ой, Омор, сен эмне алдагы сүрөткө урушчудай карайсын, ыя?! (Сыдыкбеков). – Ой, келген акем турбайбы, – деп Сартбаев ордунан тура калды (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чуңкурураак жер, айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, ойдуң. Ал өзүнүн туулуп өскөн жеринин ой-чуңкурун калтырбай көргүсү келет (Сыдыкбеков). Чаргын быштысын желдирип келатып, ой-тоого карап коюп, өз алдынча күңкүлдөй берет (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Казуу, чуңкурайтуу. [Ашыр] Мустафа менен бирге көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатышты (Сасыкбаев). Кайгынын баарын коёлу, Кара жерди биз быйыл Кетмендеп жатып оёлу («Манас»). 2. Тешүү, чукуп салуу. Бош эмес бардык аңыздар, Төмөндө коон, дарбыз бар, Бөйрөгүн оюп кетпесин, Карга деген кансыздар (Осмонов). Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы). 3. Металлдын, жыгачтын ж. б. бетине из түшүрүп сүрөт, түр салуу, оймонун үлгүсү, формасы боюнча кесүү. Үйлөр турат жашылдарга бөлөнүп, Тукабаны сүрөт менен ойгондой (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ойку I
резко склоняющийся на одну сторону (напр. о пламени от ветра);
ойку-кайкы
1) волнообразный, извилистый (напр. о горной тропе); неровный (то выше, то ниже; то подъём, то спуск);
ойку-кайкы жүр- ходить извилистыми, путаными тропами;
ойку-кайкы бастырып, ар тарапка барыптыр фольк. он везде поездил, сворачивая то в одну, то в другую сторону;
өмүр жолу ойку-кайкы боло баштады для него началась жизнь, полная беспокойства и неожиданностей;
2) причудливый (напр. об узоре, орнаменте);
ойку-тойку неспокойный, превратный;
ойку-тойку аламан заман смутные, неспокойные времена.
ойку- II
сделать резкое движение, сделать рывок в сторону, шарахнуться;
ойкуп-кайкып то вниз, то вверх, то в одну сторону, то в другую.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: ойку-кайкы — толкун сымал, өйдө-ылдый; закымдаган сыяктуу. Ал атчандар жүрүүчү ойку-кайкы белестерден өткөн чыйыр жолдун нугунан эчак бөлүнгөн (Аалы). [Каныбек] ыкыс берип ойку-кайкы кубултуп, түркүм порум менен чертүүдө (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Толкун сымал, өйдө-ылдый; закымдаган сыяктуу. Ал атчандар жүрүүчү ойку-кайкы белестерден өткөн чыйыр жолдун нугунан эчак бөлүнгөн (Токомбаев). Каныбек ыкыс берип ойку-кайкы кубултуп, түркүм порум менен чертүүдө (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(в эпосе) род грозного меча;
колунда кылыч ойкума, жара чаап таштады фольк. в руках у него грозный меч, разрубил он (врага) вдоль;
Алакең кетип баратат, ойкумасын белендеп фольк. едет Алаке, держа наготове свой грозный меч.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. двигаться игриво, шаловливо;
оймок ооз, бото көз, ойкуштаган жал-жал көз фольк. с маленьким ротиком, томными глазами игривая красавица девица;
ойкуштап турган кыздар резвящиеся девушки;
2. (о лошади) горячиться, просить поводьев;
ойкуштаган бээнин оозун жыйып алды он потянул поводья разгорячившейся кобылицы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. думать, мыслить, помышлять; мнить;
ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө погов. даже если в шутку говоришь, говори подумав;
иш кылсаң, артын ойло если дело делаешь, то думай о последствиях;
ар ким өзүн эр ойлойт погов. каждый мнит себя богатырём;
коногум, үйүңдү ойлой отур погов. ты, мой гость, думай о доме своём (угощайся и не привередничай, т. к. дома у тебя не лучше);
ойлоп чыгар- или ойлоп тап- изобрести;
менин ойлоп чыгарганымбы? разве это моя выдумка?
ойлоп чыгаруучу или ойлоп табуучу изобретатель;
ойлоп чыгаруучулук изобретательство;
ойлоп тапкычтык или ойлоп чыгаргычтык изобретательность;
ойлоп чыгара турган башы жок у него ума не хватит, чтобы выдумать;
2. (о дореволюционном суде) выносить решение;
сот бүтүм ойлоду суд вынес решение;
кун ойло- ист. определять размер виры;
кун ойлогон бийлер бии, определявшие размер виры.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от ойло-
впасть в раздумье, задуматься, призадуматься, подумать;
ойлонуп турбастан недолго думая, не задумываясь;
ойлончу иш болуп калды произошло дело, о котором нужно хорошо подумать;
ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры кете турган болдум я и так думал, и этак думал и, наконец, решил уехать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ойлон-
заставить задуматься; навеять думы;
бизди ойлондура турган маселе - орфография вопрос, над которым мы должны хорошо подумать, - орфография;
бул иш бизди ары ойлондурду, бери ойлондурду это дело нас заставило и так подумать, и этак подумать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от ойлон-
быть обдумываемым, обдумываться;
мурунтан ойлонулган пикир заранее продуманная мысль;
ойлоно турган маселе вопрос, над которым следует задуматься; вопрос, о котором следует подумать.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУ – өнөржай менчигинин объектиси. О. т. катары сунуш кылынган нерсе чын эле жаңы, ойлоп табуучулук деңгээл болсо жана өндүрүштүк негизде пайдаланууга мүмкүндүк берсе, ага укуктук коргоо берилет. Эгер ал мурдагы техника деңгээли боюнча белгисиз болсо, жаңы О. т. катары кабыл алынат. О. т. ошо кездеги техника деңгээлине туура келбесе, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот. Дүйнөдө белгилүү болгон баардык маалыматтар О. т. артыкчылыгы берилгенге чейин техника деңгээлине кирет. О. т-нун жаңычылдыгын аныктоодо башка жактардын Кыргызпатентке сунуш кылынып, кайра чакыртып алына элек нерселердин техникалык деңгээли боюнча маалыматтар жана КРде каттоодон өткөн ойлоп табуулар менен пайдалуу деп табылган үлгүлөр эске алынат. Эгер өнөржайда, айылчарбада, саламаттык сактоодо ж. б. элчарба тармактарында колдонулушу мүмкүн болсо, О. т. өндүрүштүк негизде пайдаланууга жата турган нерсе катары таанылат. О. т-га жатуучу нерселер: түзүлүш, ыкма, зат, микроорганизм түрү, өсүмдүк менен жаныбарлардын клетка түзүлүштөрү, ошондой эле мурда белгилүү болгон түзүлүштөрдү, ыкмаларды, заттарды жаңы багытта колдонуу же техника менен технология чөйрөсүндөгү баардык жаңы жетишкендиктер. Төмөндөгүлөр О.т. катары таанылбайт: илимий теориялар менен математикалык усулдар; чарбаны уюштуруу жана башкаруу усулдары; шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, эрежелер; акыл эмгегинин аткарым усулдары; эсептөө машинелери үчүн алгоритм менен программалар; курулмаларды, имараттарды, аймакты пландаштыруу долбоорлору жана схемалары, буюмдун көркөмдүк керектөөлөрдү канагаттандыруу багытына тийиштүү сырткы жасалгалары; интегралдык микросхемалар топологиясы; өсүмдүк менен жаныбар түрлөрү; коомдук кызыкчылыкка, гумандуулук жана морал принциптерине кайчы келген чечимдер; айлана-чөйрөгө зыян келтире турган нерселер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУ ФОРМУЛАСЫ – патенттик укукта белгиленген ченемдик документтердеги эрежелер боюнча ойлоп табуунун техникалык маани-маңызын, анын көлөмүн аныктоочу сөз түрүндөгү кыскача мүнөздөмө. О. т. ф. бир баскычтуу жана көп баскычтуу болуусу жана ошого жараша 1 же бирканча пунктту өзүнө камтуусу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУЧУЛУК ДЕҢГЭЭЛ – ойлоп табуунун патентке жарамдуулук шарттарынын бири. Эгер ойлоп табылган нерсе ошо кездеги техника деңгээлине туура келбесе, ал О. т. д-ге ээ болот. Анын жаңычылдыгы менен өндүрүштүк негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгү дагы бир шарты болуп саналат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
объятый думой, одолеваемый мыслью, находящийся в задумчивости;
ойлуу адамча жерге үңүлө карап, кабагын саал чытыды он, будто одолеваемый мыслью (букв. будто человек в задумчивости), вперил взгляд в землю и нахмурил брови;
ойлуу жигит рассудительный парень;
Өмүрбек ойлуу жылмайып күлгөн болду Омурбек в задумчивости старался деланно улыбнуться;
Каныбек отургандарга терең ойлуу карады Каныбек пристально посмотрел на сидящих;
эки ойлуу находящийся в нерешительности; не знающий на что решиться;
арам ойлуу злонамеренный, коварный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Ойго баткан. Анархан али ойлуу (Жантөшев). Аким да башын шылкыйтып, ойлуу (Сасыкбаев).
Эки ойлуу болуу — олку-солку болуу, чечкиндүү ойго, чечимге келе албоо, эмне кыларын анык биле албоо. [Сабхат] эки ойлуу болуп, каалгый басып постуга барды (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Чеберчилик менен бир нерсенин бетине оюп түшүрүлгөн көчөт, сүрөт, түр, оюу. Тегирич, жабык баш, тизгичтердин түрдүү оймо кыялдарын сүрөттөп болбойт (Аалы). [Апар] оймосуна бермет төккөн укмуштуу кемерди.. өз колу менен курчады (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чеберчилик менен бир нерсенин бетине оюп түшүрүлгөн көчөт, сүрөт, түр, оюу. Тегирич, жабык баш, тизгичтердин түрдүү оймо кыялдарын сүрөттөп болбойт (Токомбаев). Анар оймосуна бермет төккөн укмуштуу кемерди өз колу менен курчады (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
напёрсток (имеет вид перстня);
туюк оймок напёрсток русского типа (глухой с одного конца);
ийнеси оймоктон тайып кетти у неё игла соскользнула с напёрстка;
жез оймок искусная рукодельница;
оймок ооз или оозу оймоктой у неё ротик маленький (букв. как напёрсток);
оймок ооз, бото көз (красавица) с маленьким ротиком и томными глазами (см. бото I);
оймок бооч или оймок боош (или оймокбооч, оймокбоош, оймокпооч):
оймок бооч сал- ущипнуть с вывертом, больно ущипнуть (см. бооч);
оймок боош салса этине, бар-бар этип, бала ыйлайт фольк. когда она больно щипала, ребёнок (будущий богатырь) ревел басом;
оймок боола- см. боола- I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Шакек сымалдуу, төгөрөк таман салынган жагы сөөмөйдүн ич жагына келтирилген, тигүүдө ийненин түбү колго өтпөс үчүн колдонулуучу буюм. [Айымжандын] оймогу сөөмөйүндө жүрөт (Сыдыкбеков). Сайма түргөп, салаага оймок кыстарган (Аалы).
Жез оймок — ишмер аял, колунан көөрү төгүлгөн уз. Жез оймок аял өзү эле, Сарамжал менен үй кармап, Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Оймок ооз — оозу кичинекей (көбүнчө кыздарга, алардын сулуулук сапатына карата айтылат. Ордунан турду буралып, Оймок ооз, калем каш («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шакек сымалдуу, төгөрөк таман салынган жагы сөөмөйдүн ич жагына келтирилген, тигүүдө ийненин түбү колго өтпөс үчүн колдонулуучу буюм. Айымжандын оймогу сөөмөйүндө жүрөт (Сыдыкбеков). Сайма түрлөп, салаага оймок кыстарган (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оозу кичинекей, бөйтөйгөн (көбүнчө кыздарга, алардын сулуулук сапатына карата айтылат). Оймок ооз, бото көз Кыздары сулуу кыргыздын (Осмонкул). Ордунан турду буралып, Оймок ооз, калем каш («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Оймосу бар, оймо түшүрүлгөн, оймолонгон. Төр жакта салынган оймолуу шырдак үй ичин көрктөндүрүп турат (Бейшеналиев). Жаңгактын уюлунан кырган, оймолуу, сабына күмүш чөгөргөн чоң жанаяктын биринчисин Дыйканга сунду (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оймосу бар, оймо түшүрүлгөн, оймолонгон. Төр жакта салынган оймолуу шырдак үй ичин көрктөндүрүп турат (Бейшеналиев). Жаңгактын уюлунан кырган, оймолуу, сабына күмүш чөгөргөн чоң жанаяктын биринчисин Дыйканга сунду (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Шоок кылуу, кандайдыр бир нерсе, оюнчук же оюн менен алак суу, көңүл ачуу. Жадырап гүлдөй жаш бала, Күлүңдөп ойной баштады (Бөкөнбаев).
  1. 2.                  Ойноктоо, оюн салуу, тез, ар кыл кыймыл-аракетте болуу. Жээрде жалт берип сымаптай ойноп, мүнөзүн көрсөттү (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  3. Тамаша кылуу. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө (макал).
  3. 4.                  4. Сахнада оюн-шоокторго катышуу, белгилүү бир роль аткаруу.
  4. 5.                  5. Кандайдыр бир музыканы же күүнү музыкалык инструментте аткаруу. Петя кыягын алып Бористин жанына келди да:Бористин урматына! — деп ойной баштады (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. играть, забавляться, резвиться; шутить;
чүкө ойно- играть в альчики;
ойноп айт- сказать в шутку;
ойноп айтса да, оюндагысын айтат хотя он и шутит, но говорит то, что думает;
роль ойно- прям. , перен. играть роль;
ат ойноп кетти лошадь умчалась (без седока);
арпа жеген ат ойнойт погов. лошадь, которая ест ячмень, резвится;
2. быть в любовных отношениях;
баланча менен ойноп коюптур она с таким-то имела связь;
3. уст. (о бахши, шамане) камлать;
бакшы ойноп атат шаман камлает;
колу ойнойт у него руки быстро двигаются;
көзү ойнойт у него глаза бегают;
акчалуунун колу ойнойт, акчасыздын көзү ойнойт погов. у денежного руки играют (он даёт, покупает, получает и т.п.), у безденежного глаза бегают (завидует);
жүрөгү ойноду она очень волнуется, она очень беспокоится;
камчы башына ойноду плеть заходила по его голове.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Шоок кылуу, кандайдыр бир нерсе, оюнчук же оюн менен алаксуу, көңүл ачуу. Жадырап гүлдөй жаш бала, Күлүңдөп ойной баштады (Бөкөнбаев). 2. Ойноктоо, оюн салуу, тез, ар кыл кыймыл-аракетте болуу. Жээрде жалт берип сымаптай ойноп, мүнөзүн көрсөттү (Сыдыкбеков). 3. Тамаша кылуу. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө (макал). 4. Сахнада оюн-шоокторго катышуу, белгилүү бир роль аткаруу. 5. Кандайдыр бир музыканы же күүнү музыкалык аспапта аткаруу. Консерваторияда ар кандай аспаптарда ойноону окутуп машыктырат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бир орунга тынч тура албоо, тынч ала албоо, оюн салуу, ойдолоо, өтө тез, элпек, ар кыл кыймыл-аракетте, абалда болуу, бир калыпта тура албоо. Ойноктосо Телтору ат, Ок жетпеген мал эле («Курманбек»). Деңизде сүзүп ойноктоп, Дем кылган жакка бара алсам (Аалы). [Орусбектин] бакырайтып чоң ачылган капкара көздөрү ойноктоп оттуу (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир орунга тынч тура албоо, тынч ала албоо, оюн салуу, ойдолоо, өтө тез, элпек, ар кыл кыймыл-аракетте, абалда болуу. Ойноктосо Телтору ат, Ок жетпеген мал эле («Курманбек»). Деңизде сүзүп ойноктоп, Дем кылган жакка бара алсам (Токомбаев). [Орусбектин] бакырайтып, чоң ачылган капкара көздөрү ойноктоп оттуу (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от ойно-
быть разыгрываемым, разыгрываться;
жүз сом ойнолот разыгрывается (ставится на кон) сто рублей;
ойнолуп бүтпөй калган партиялар аягына чейин ойнолду были доиграны отложенные (букв. недоигранные) партии.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от ойно-;
2. резвый, шаловливый;
он алтыда бала элең, ойноо бала жан элең фольк. ты был шестнадцатилетним пареньком, ты был шаловливым ребёнком;
ойноо бала кезимде когда я был (ещё) шаловливым мальчиком;
ойноо бала уулуңду уй кайтарган кул кылды фольк. твоего резвого сынишку он сделал рабом, пастухом коров;
кыз бала болсо, жаш эле, ойноо кези, мас эле фольк. девушка была ещё молода, в игривом возрасте, была опьянена (своей молодостью);
бороондун ойноосу неистовство бурана, вьюги;
белден соккон бороондун нак ойноосунда в том самом месте, где неистовствует буран, дующий с перевала.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. шаловливый, игривый; игрун;
балык менен акындын ойноок мүнөзү - окшош у рыбы и акына одинаково игривый характер;
2. перен. часто смещающийся (о вывихнутом и вправленном суставе);
бармагым ойноок болуп калыптыр мой (вывихнутый и вправленный) палец сместился.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Кол, буттун муундарынын чыгып кеткен жери ордунан жылып, бирде чыгып, бирде ордуна келип турган, кылтылдак. Бармагым ойноок болуп калыптыр.
2. Оюнкарак, шайкелең, ойноо. Кубалашкан кулундар Ойноок, тентек балдардай (Аалы). Ойноок бала жакшылыктуу оттоткон да эмес окшойт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кол, буттун муундарынын ордунан жылып, чыгып кетүүсүнүн кайра-кайра кайталанышы, адат болуп калышы. Бармагым ойноок болуп калыптыр. 2. Оюнкарак, шайкелең, ойноо. Кубалашкан кулундар Ойноок, тентек балдардай (Токомбаев). Ойноок бала жакшылыктуу оттоткон да эмес окшойт (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ойно-;
ойнотом десем, уулум жок фольк. хотел бы я позабавиться игрой сынишки, (но) его нет у меня;
кыз ойнот- устраивать кыз оюн (см. оюн);
кыз ойнотор
1) южн. игры молодёжи во время свадебного обряда;
2) сев. этн. подарки от жениха родственницам невесты (за увеселения, устраивавшиеся в ауле невесты во время посещения её женихом);
алаканына ойнот- распоряжаться кем-л., требуя беспрекословного подчинения; держать в полном подчинении;
анда жашагандардын улуу-кичүүсүн алаканына ойноткон всех живущих там от мала до велика он держал в полном повиновении;
ат ойнот-
1) въехав на коне на возвышение, подавать знаки (гл. обр. рукой, созывая народ);
ат ойнотуп, кол булгап фольк. сидя на коне и махая рукой (созывая народ);
2) горячить коня;
казарманын дарбазасынан, ат ойнотуп, отуздай атчан солдат чыга келди горяча коней, из ворот казармы вдруг выехали около тридцати конных солдат;
бакшы ойнот- уст. устраивать сеанс камлания шамана;
бача ойнот- уст. устраивать пляски бачей (см. бача);
камчы ойнот- хлестать плетью.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ойнош I
любовница, любовник;
ойнош оттон ысык, агер калса - боктон сасык погов. любовник горячее огня, а когда разлюбит, зловоннее дерьма.
ойнош- II
взаимн. от ойно-
1. совместно играть, забавляться, резвиться;
2. быть в любовных отношениях.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Никесиз мамиле жана ушундай бири-бирине жыныстык жагынан жакын болгон мамиледеги аял менен эркек, тамыр. Катыныңа ойнош деп, Кадыры жеткен ойнопдеп («Манас»).
ОЙНОШ II ойно этишинин кош мамилеси.

Киргизско-русский словарь Юдахина
впадина;
дөңсөнүн суулары, ойпоңдорго барып, бир катар убакка көлдөп калат вода с возвышенности, стекая во впадинки, на некоторое время застаивается;
ойпоң-тойпоң стычка, схватка.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. разрушенный, уничтоженный, погибший; гибель;
ойрон кыл- разрушить, уничтожить;
ойрон бол-
1) разрушиться;
2) испытывать муки, терпеть муки;
отун алып, от жактын, ойрон болуп кой бактың стих. ты (батрак) ходил по дрова, разводил (для хозяйки) огонь, в муках пас овец;
ойрону чыкты совсем разладилось, пришло в полный упадок;
оңолот десе, кайта ойрону чыга берди думали наладится, а оно всё хуже и хуже;
ойронун чыгар- разгромить кого-л.;
ойронуңду чыгарат он тебя разгромит;
2. так обычно, оплакивая, называет вдова своего умершего в молодости мужа или женщина умершего молодого мужчину (в этом смысле чаще күл ойрон);
ойрондон калган сен, Сейтек, төрөлө элек курган жан үч айлык мезгил боюмда фольк. от моего (покойного) богатыря остался ты, Сейтек, ещё неродившаяся бедная душенька, трёхмесячным в моём чреве;
3. очень, весьма;
ойрон мыкты очень сильный, могучий;
онго жашы толгону, ойрон мыкты болгону стих. вот достиг он десяти лет, вот стал он могучим.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Баатыр, оён, эр. Эр Табылды ойронуң, Ташка жакын бастырып («Эр Табылды»). Оң жагында баатырдын, Ойрон Бакай баш болуп («Манас»).
  1. 2.                  Күл ойрон менен бирдей.
  2. 3.                  3. Абдан, эң бир. Ойрон мыкты.

Күл ойрон — көбүнчө аялдар кошок кошкон мезгилде жаш өлгөн күйөөсүнө карата колдонулат. Асылым Арпа күл ойрон, Кандай жорук баштадың (Тоголок Молдо).
ОЙРОН II зат. Кыйранды, таш-талкан, бырын-чырын. Ойрон болуу. Ойрону чыгуу. Ойронун чыгаруу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзү өтүү, жок болуу, өлүү. Ал байкуш жаш кезинде ойрон болду. 2. Талкалануу, кыйроо, бүлгүнгө учуроо. Отун алып от жактың, Ойрон болуп кой бактың (фольк.). Басмачылар ойрон болду. В.: Ойрону чыгуу. Тек, биз мыктылар барсак, ордонун зынданына салып ойронубузду чыгарбасын деп чочулашты (Абакиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыргын, бүлгүн, талкалануу. Эринип барбай койгонуң, Эртең чыгат ойронуң (Тоголок Молдо). 2. өт. Баатыр, эр, кыйраткыч. Он эки кеткен ойрондор, Баатырдыгы башкача Озуп калган кези экен («Манас» С. К.). Оён Кошой карыңыз, Оң жак бутун салганы. Ойрон Кошой абаңдын, Балтыры батпай калганы («Манас»). Эр Табылды ойронуң, Ташка жакын бастырып («Эр Табылды»). Оң жагында баатырдын, Ойрон Бакай баш болуп («Манас»). 3. Күл ойрон менен бирдей. 4. Абдан, эң бир. Ойрон мыкты.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(в научной литературе ойрат)
1. ойротто жок или ойроттон озгон бесподобный, не имеющий себе равного;
ойротто жок ойронум, кыргызда жок кайраным фольк. мой молодец, какого в свете нет, мой дорогой, какого среди киргизов нет;
ойротко дүңү тарады он прославился на весь мир;
оюн, кызык, тамаша - ойротто жок кеп болду фольк. игры, шутки, забавы - было такое, чего в мире не бывало;
2. народ, народные массы;
ойротко айтам мен, Манас, ойнойт экен деп Манас, ойлобосун кары-жаш фольк. народу говорю я, Манас, пусть не думает стар и млад, мол, шутит богатырь Манас.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«ойротто жок. Теӊдешсиз, баа жеткис, эӊ мыкты. Омурткасы он кула, Ойротто жок чоӊ кула» («Семетей») (КТФС 2001:375). «ойрот (в научной литературе ойрат) 1.: ойротто жок или ойроттон озгон бесподобный, не имеющий себе равного; ойротто жок ойронум, кыргызда жок кайраным фольк. мой молодец, какого в свете нет, мой дорогой, какого среди киргизов нет; ойротко дүӊү тарады он прославился на весь мир; оюн, кызык, тамаша – ойротто жок кеп болду фольк. игры, шутки, забавы — было такое, чего в мире не бывало; 2. народ, народные массы; ойротко айтам мен, Манас, ойнойт экен деп Манас, ойлобосун кары-жаш фольк. народу говорю я, Манас, пусть не думает стар и млад, мол, шутит богатырь Манас» (Юдахин 1965). Сыягы, бул фразеологизмдин чыгыш теги XIV-XV кылымдарга, кыргыздар үч монгол уруусу менен биригип Алтайда Ойрот биримдигин түзгөн мезгилге барып такалат. XIV кылымдын аягында бул биримдикти Алтай кыргыздарынан чыккан Угечи кашка бийлеп турган (Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. Бишкек, 2010:93-98).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Азыркы калмак аталган элдин эски өз аты. Мурда эле көчмөн көп ойрот болгондо 1521-жылы ченден кыргызга жортуулдай баштаган (Касымбеков). Ойротту бузуп олжо алдым, Мындай олжо кайда алдым («Манас»). Ойрот – жоңгорду кыргыздын жерине жолотпой, алдын ала сокку берүү аракети ошол ага-бий Супатай кашкадан чыккан акыл имиш (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кылтыңдап, кылыктанып ойдолоо, бир калыпта тынч тура албай ойсоңдоо, ойкуштануу. [Гүлнар] тынч тура албай ойсоктой берип, эжекелеринин колдорун бек-бек кысып ажырашты (Сыдыкбеков). Акмандын жээрдеси ойсоктой басат (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о девушке, молодухе) быть расторопной, бойкой, весёлой, находчивой;
ойсоктогон келин бой-баба;
2. (о лошади) быть резвой, строгой, пугливой;
селтең этип, ойсоктой басат (конь) идёт резво, пугливо озираясь;
ойсоктоп баскан кунан резво идущий жеребёнок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кылтыңдап, кылыктанып ойдолоо, бир калыпта тынч тура албай ойсоңдоо, ойкуштануу. Гүлнар тынч тура албай ойсоктой берип, эжекелеринин колдорун бек-бек кысып ажырашты (Сыдыкбеков). Акмандын жээрдеси ойсоктой басат (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ойт I
ойт бер- резко повернуть в сторону, в испуге шарахнуться в сторону;
жолдон ойт бер- шарахнуться с дороги в сторону;
ойт деп, чочуган кишидей как сильно испугавшийся человек;
ойт берме киши паникёр;
ойт бермеси бар
1) (о коне) шарахающийся, пугливый;
2) (о человеке) паникёр;
"айт" десе "ойт" деген см. айт I.
ойт II
ойт десең! ой, здорово!, вот ловко!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: ойт берүү — жалт берүү, буйт берүү, үркүп кетүү. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). [Сурат] ойт берип кошкурганда, Нур акең: «Так, так» деди, Тракторго жалдырап (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалт бурулуп карматпай качып кетүү. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). Сур ат ойт берип кошкурганда, Нур акең – Так, так! – деди (Токомбаев). 2. Кандайдыр бир окуядан, иштен аргасын таап чыга берүү. Бул окуяга катышпаган оңдур дегенсип, Ысмайыл ойт берип чыга берди.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Буйт берүү, жалт бурулуп карматпай качып кетүү. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). Сур ат ойт берип кошкурганда, Нур акең так, так! - деди (Аалы). 2. Кандайдыр бир окуядан, иштен аргасын таап чыга берүү. Бул окуяга катышпаган оңдур дегенсип, Ысмайыл ойт берип чыга берди («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жүрөгүн өйүп, абдан катуу ойлонуп жүргөн ниет, ички сезим. Ошондон улам акындын ой толгоосу тагдырдын утурумдук күчү кимде, түбөлүктүү күч кимде экендигин... чакмактоодо (Бейшеналиев). Кабырылган ой толгоосун зорго муунай күрсүнду (Бейшеналиев).