Киргизско-русский словарь Юдахина
1. думать, мыслить, помышлять; мнить;
ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө погов. даже если в шутку говоришь, говори подумав;
иш кылсаң, артын ойло если дело делаешь, то думай о последствиях;
ар ким өзүн эр ойлойт погов. каждый мнит себя богатырём;
коногум, үйүңдү ойлой отур погов. ты, мой гость, думай о доме своём (угощайся и не привередничай, т. к. дома у тебя не лучше);
ойлоп чыгар- или ойлоп тап- изобрести;
менин ойлоп чыгарганымбы? разве это моя выдумка?
ойлоп чыгаруучу или ойлоп табуучу изобретатель;
ойлоп чыгаруучулук изобретательство;
ойлоп тапкычтык или ойлоп чыгаргычтык изобретательность;
ойлоп чыгара турган башы жок у него ума не хватит, чтобы выдумать;
2. (о дореволюционном суде) выносить решение;
сот бүтүм ойлоду суд вынес решение;
кун ойло- ист. определять размер виры;
кун ойлогон бийлер бии, определявшие размер виры.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от ойло-
впасть в раздумье, задуматься, призадуматься, подумать;
ойлонуп турбастан недолго думая, не задумываясь;
ойлончу иш болуп калды произошло дело, о котором нужно хорошо подумать;
ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры кете турган болдум я и так думал, и этак думал и, наконец, решил уехать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ойлон-
заставить задуматься; навеять думы;
бизди ойлондура турган маселе - орфография вопрос, над которым мы должны хорошо подумать, - орфография;
бул иш бизди ары ойлондурду, бери ойлондурду это дело нас заставило и так подумать, и этак подумать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от ойлон-
быть обдумываемым, обдумываться;
мурунтан ойлонулган пикир заранее продуманная мысль;
ойлоно турган маселе вопрос, над которым следует задуматься; вопрос, о котором следует подумать.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУ – өнөржай менчигинин объектиси. О. т. катары сунуш кылынган нерсе чын эле жаңы, ойлоп табуучулук деңгээл болсо жана өндүрүштүк негизде пайдаланууга мүмкүндүк берсе, ага укуктук коргоо берилет. Эгер ал мурдагы техника деңгээли боюнча белгисиз болсо, жаңы О. т. катары кабыл алынат. О. т. ошо кездеги техника деңгээлине туура келбесе, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот. Дүйнөдө белгилүү болгон баардык маалыматтар О. т. артыкчылыгы берилгенге чейин техника деңгээлине кирет. О. т-нун жаңычылдыгын аныктоодо башка жактардын Кыргызпатентке сунуш кылынып, кайра чакыртып алына элек нерселердин техникалык деңгээли боюнча маалыматтар жана КРде каттоодон өткөн ойлоп табуулар менен пайдалуу деп табылган үлгүлөр эске алынат. Эгер өнөржайда, айылчарбада, саламаттык сактоодо ж. б. элчарба тармактарында колдонулушу мүмкүн болсо, О. т. өндүрүштүк негизде пайдаланууга жата турган нерсе катары таанылат. О. т-га жатуучу нерселер: түзүлүш, ыкма, зат, микроорганизм түрү, өсүмдүк менен жаныбарлардын клетка түзүлүштөрү, ошондой эле мурда белгилүү болгон түзүлүштөрдү, ыкмаларды, заттарды жаңы багытта колдонуу же техника менен технология чөйрөсүндөгү баардык жаңы жетишкендиктер. Төмөндөгүлөр О.т. катары таанылбайт: илимий теориялар менен математикалык усулдар; чарбаны уюштуруу жана башкаруу усулдары; шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, эрежелер; акыл эмгегинин аткарым усулдары; эсептөө машинелери үчүн алгоритм менен программалар; курулмаларды, имараттарды, аймакты пландаштыруу долбоорлору жана схемалары, буюмдун көркөмдүк керектөөлөрдү канагаттандыруу багытына тийиштүү сырткы жасалгалары; интегралдык микросхемалар топологиясы; өсүмдүк менен жаныбар түрлөрү; коомдук кызыкчылыкка, гумандуулук жана морал принциптерине кайчы келген чечимдер; айлана-чөйрөгө зыян келтире турган нерселер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУ ФОРМУЛАСЫ – патенттик укукта белгиленген ченемдик документтердеги эрежелер боюнча ойлоп табуунун техникалык маани-маңызын, анын көлөмүн аныктоочу сөз түрүндөгү кыскача мүнөздөмө. О. т. ф. бир баскычтуу жана көп баскычтуу болуусу жана ошого жараша 1 же бирканча пунктту өзүнө камтуусу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУЧУЛУК ДЕҢГЭЭЛ – ойлоп табуунун патентке жарамдуулук шарттарынын бири. Эгер ойлоп табылган нерсе ошо кездеги техника деңгээлине туура келбесе, ал О. т. д-ге ээ болот. Анын жаңычылдыгы менен өндүрүштүк негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгү дагы бир шарты болуп саналат.