оймок
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Шакек сымалдуу, төгөрөк таман салынган жагы сөөмөйдүн ич жагына келтирилген, тигүүдө ийненин түбү колго өтпөс үчүн колдонулуучу буюм. [Айымжандын] оймогу сөөмөйүндө жүрөт (Сыдыкбеков). Сайма түргөп, салаага оймок кыстарган (Аалы).
♦ Жез оймок — ишмер аял, колунан көөрү төгүлгөн уз. Жез оймок аял өзү эле, Сарамжал менен үй кармап, Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Оймок ооз — оозу кичинекей (көбүнчө кыздарга, алардын сулуулук сапатына карата айтылат. Ордунан турду буралып, Оймок ооз, калем каш («Курманбек»).