Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«ойротто жок. Теӊдешсиз, баа жеткис, эӊ мыкты. Омурткасы он кула, Ойротто жок чоӊ кула» («Семетей») (КТФС 2001:375). «ойрот (в научной литературе ойрат) 1.: ойротто жок или ойроттон озгон бесподобный, не имеющий себе равного; ойротто жок ойронум, кыргызда жок кайраным фольк. мой молодец, какого в свете нет, мой дорогой, какого среди киргизов нет; ойротко дүӊү тарады он прославился на весь мир; оюн, кызык, тамаша – ойротто жок кеп болду фольк. игры, шутки, забавы — было такое, чего в мире не бывало; 2. народ, народные массы; ойротко айтам мен, Манас, ойнойт экен деп Манас, ойлобосун кары-жаш фольк. народу говорю я, Манас, пусть не думает стар и млад, мол, шутит богатырь Манас» (Юдахин 1965). Сыягы, бул фразеологизмдин чыгыш теги XIV-XV кылымдарга, кыргыздар үч монгол уруусу менен биригип Алтайда Ойрот биримдигин түзгөн мезгилге барып такалат. XIV кылымдын аягында бул биримдикти Алтай кыргыздарынан чыккан Угечи кашка бийлеп турган (Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. Бишкек, 2010:93-98).