Киргизско-русский словарь Юдахина
(в научной литературе ойрат)
1. ойротто жок или ойроттон озгон бесподобный, не имеющий себе равного;
ойротто жок ойронум, кыргызда жок кайраным фольк. мой молодец, какого в свете нет, мой дорогой, какого среди киргизов нет;
ойротко дүңү тарады он прославился на весь мир;
оюн, кызык, тамаша - ойротто жок кеп болду фольк. игры, шутки, забавы - было такое, чего в мире не бывало;
2. народ, народные массы;
ойротко айтам мен, Манас, ойнойт экен деп Манас, ойлобосун кары-жаш фольк. народу говорю я, Манас, пусть не думает стар и млад, мол, шутит богатырь Манас.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«ойротто жок. Теӊдешсиз, баа жеткис, эӊ мыкты. Омурткасы он кула, Ойротто жок чоӊ кула» («Семетей») (КТФС 2001:375). «ойрот (в научной литературе ойрат) 1.: ойротто жок или ойроттон озгон бесподобный, не имеющий себе равного; ойротто жок ойронум, кыргызда жок кайраным фольк. мой молодец, какого в свете нет, мой дорогой, какого среди киргизов нет; ойротко дүӊү тарады он прославился на весь мир; оюн, кызык, тамаша – ойротто жок кеп болду фольк. игры, шутки, забавы — было такое, чего в мире не бывало; 2. народ, народные массы; ойротко айтам мен, Манас, ойнойт экен деп Манас, ойлобосун кары-жаш фольк. народу говорю я, Манас, пусть не думает стар и млад, мол, шутит богатырь Манас» (Юдахин 1965). Сыягы, бул фразеологизмдин чыгыш теги XIV-XV кылымдарга, кыргыздар үч монгол уруусу менен биригип Алтайда Ойрот биримдигин түзгөн мезгилге барып такалат. XIV кылымдын аягында бул биримдикти Алтай кыргыздарынан чыккан Угечи кашка бийлеп турган (Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. Бишкек, 2010:93-98).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Азыркы калмак аталган элдин эски өз аты. Мурда эле көчмөн көп ойрот болгондо 1521-жылы ченден кыргызга жортуулдай баштаган (Касымбеков). Ойротту бузуп олжо алдым, Мындай олжо кайда алдым («Манас»). Ойрот – жоңгорду кыргыздын жерине жолотпой, алдын ала сокку берүү аракети ошол ага-бий Супатай кашкадан чыккан акыл имиш (Айтматов).