ОЙРОТ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Азыркы калмак аталган элдин эски өз аты. Мурда эле көчмөн көп ойрот болгондо 1521-жылы ченден кыргызга жортуулдай баштаган (Касымбеков). Ойротту бузуп олжо алдым, Мындай олжо кайда алдым («Манас»). Ойрот – жоңгорду кыргыздын жерине жолотпой, алдын ала сокку берүү аракети ошол ага-бий Супатай кашкадан чыккан акыл имиш (Айтматов).