Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп жумуш аткаруу, абдан катуу иштөө, таш-талканын чыгаруу. Чындасак, ойду омкоруп, тоону томкоробуз («Кыргызстан аялдары»). Мына ойду омкоруп, тоону томкоруп жүргөн кезеги (Кыдырмышев). Өзүнчө ойду омкоруп, тоону томкоруп, көтөрүңкү ишенимде келген Кожон, артына шарт бурулуп, кароолчу болуп иштеген гидрометстанциясы тарапты көздөй бет алып жүрүп кетти (Абдыраманов).