Киргизско-русский словарь Юдахина
ойт I
ойт бер- резко повернуть в сторону, в испуге шарахнуться в сторону;
жолдон ойт бер- шарахнуться с дороги в сторону;
ойт деп, чочуган кишидей как сильно испугавшийся человек;
ойт берме киши паникёр;
ойт бермеси бар
1) (о коне) шарахающийся, пугливый;
2) (о человеке) паникёр;
"айт" десе "ойт" деген см. айт I.
ойт II
ойт десең! ой, здорово!, вот ловко!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: ойт берүү — жалт берүү, буйт берүү, үркүп кетүү. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). [Сурат] ойт берип кошкурганда, Нур акең: «Так, так» деди, Тракторго жалдырап (Аалы).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Буйт берүү, жалт бурулуп карматпай качып кетүү. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). Сур ат ойт берип кошкурганда, Нур акең так, так! - деди (Аалы). 2. Кандайдыр бир окуядан, иштен аргасын таап чыга берүү. Бул окуяга катышпаган оңдур дегенсип, Ысмайыл ойт берип чыга берди («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалт бурулуп карматпай качып кетүү. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). Сур ат ойт берип кошкурганда, Нур акең – Так, так! – деди (Токомбаев). 2. Кандайдыр бир окуядан, иштен аргасын таап чыга берүү. Бул окуяга катышпаган оңдур дегенсип, Ысмайыл ойт берип чыга берди.