ОЙТ БЕРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жалт бурулуп карматпай качып кетүү. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). Сур ат ойт берип кошкурганда, Нур акең – Так, так! – деди (Токомбаев). 2. Кандайдыр бир окуядан, иштен аргасын таап чыга берүү. Бул окуяга катышпаган оңдур дегенсип, Ысмайыл ойт берип чыга берди.