Киргизско-русский словарь Юдахина
1. шаловливый, игривый; игрун;
балык менен акындын ойноок мүнөзү - окшош у рыбы и акына одинаково игривый характер;
2. перен. часто смещающийся (о вывихнутом и вправленном суставе);
бармагым ойноок болуп калыптыр мой (вывихнутый и вправленный) палец сместился.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Кол, буттун муундарынын чыгып кеткен жери ордунан жылып, бирде чыгып, бирде ордуна келип турган, кылтылдак. Бармагым ойноок болуп калыптыр.
2. Оюнкарак, шайкелең, ойноо. Кубалашкан кулундар Ойноок, тентек балдардай (Аалы). Ойноок бала жакшылыктуу оттоткон да эмес окшойт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кол, буттун муундарынын ордунан жылып, чыгып кетүүсүнүн кайра-кайра кайталанышы, адат болуп калышы. Бармагым ойноок болуп калыптыр. 2. Оюнкарак, шайкелең, ойноо. Кубалашкан кулундар Ойноок, тентек балдардай (Токомбаев). Ойноок бала жакшылыктуу оттоткон да эмес окшойт (Бейшеналиев).