Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыргын, бүлгүн, талкалануу. Эринип барбай койгонуң, Эртең чыгат ойронуң (Тоголок Молдо). 2. өт. Баатыр, эр, кыйраткыч. Он эки кеткен ойрондор, Баатырдыгы башкача Озуп калган кези экен («Манас» С. К.). Оён Кошой карыңыз, Оң жак бутун салганы. Ойрон Кошой абаңдын, Балтыры батпай калганы («Манас»). Эр Табылды ойронуң, Ташка жакын бастырып («Эр Табылды»). Оң жагында баатырдын, Ойрон Бакай баш болуп («Манас»). 3. Күл ойрон менен бирдей. 4. Абдан, эң бир. Ойрон мыкты.