ОЙНОКТО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир орунга тынч тура албоо, тынч ала албоо, оюн салуу, ойдолоо, өтө тез, элпек, ар кыл кыймыл-аракетте, абалда болуу. Ойноктосо Телтору ат, Ок жетпеген мал эле («Курманбек»). Деңизде сүзүп ойноктоп, Дем кылган жакка бара алсам (Токомбаев). [Орусбектин] бакырайтып, чоң ачылган капкара көздөрү ойноктоп оттуу (Сыдыкбеков).