Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. разрушенный, уничтоженный, погибший; гибель;
ойрон кыл- разрушить, уничтожить;
ойрон бол-
1) разрушиться;
2) испытывать муки, терпеть муки;
отун алып, от жактын, ойрон болуп кой бактың стих. ты (батрак) ходил по дрова, разводил (для хозяйки) огонь, в муках пас овец;
ойрону чыкты совсем разладилось, пришло в полный упадок;
оңолот десе, кайта ойрону чыга берди думали наладится, а оно всё хуже и хуже;
ойронун чыгар- разгромить кого-л.;
ойронуңду чыгарат он тебя разгромит;
2. так обычно, оплакивая, называет вдова своего умершего в молодости мужа или женщина умершего молодого мужчину (в этом смысле чаще күл ойрон);
ойрондон калган сен, Сейтек, төрөлө элек курган жан үч айлык мезгил боюмда фольк. от моего (покойного) богатыря остался ты, Сейтек, ещё неродившаяся бедная душенька, трёхмесячным в моём чреве;
3. очень, весьма;
ойрон мыкты очень сильный, могучий;
онго жашы толгону, ойрон мыкты болгону стих. вот достиг он десяти лет, вот стал он могучим.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Баатыр, оён, эр. Эр Табылды ойронуң, Ташка жакын бастырып («Эр Табылды»). Оң жагында баатырдын, Ойрон Бакай баш болуп («Манас»).
  1. 2.                  Күл ойрон менен бирдей.
  2. 3.                  3. Абдан, эң бир. Ойрон мыкты.

Күл ойрон — көбүнчө аялдар кошок кошкон мезгилде жаш өлгөн күйөөсүнө карата колдонулат. Асылым Арпа күл ойрон, Кандай жорук баштадың (Тоголок Молдо).
ОЙРОН II зат. Кыйранды, таш-талкан, бырын-чырын. Ойрон болуу. Ойрону чыгуу. Ойронун чыгаруу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзү өтүү, жок болуу, өлүү. Ал байкуш жаш кезинде ойрон болду. 2. Талкалануу, кыйроо, бүлгүнгө учуроо. Отун алып от жактың, Ойрон болуп кой бактың (фольк.). Басмачылар ойрон болду. В.: Ойрону чыгуу. Тек, биз мыктылар барсак, ордонун зынданына салып ойронубузду чыгарбасын деп чочулашты (Абакиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыргын, бүлгүн, талкалануу. Эринип барбай койгонуң, Эртең чыгат ойронуң (Тоголок Молдо). 2. өт. Баатыр, эр, кыйраткыч. Он эки кеткен ойрондор, Баатырдыгы башкача Озуп калган кези экен («Манас» С. К.). Оён Кошой карыңыз, Оң жак бутун салганы. Ойрон Кошой абаңдын, Балтыры батпай калганы («Манас»). Эр Табылды ойронуң, Ташка жакын бастырып («Эр Табылды»). Оң жагында баатырдын, Ойрон Бакай баш болуп («Манас»). 3. Күл ойрон менен бирдей. 4. Абдан, эң бир. Ойрон мыкты.