ОЙ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Акыл жүгүртүүнүн жыйынтыгында пайда болгон нерсе. Экөө тең алда кандай терең ойлордун кучагына түшүп термелди (Жантөшев). Булактай кайнап түгөнгүс ою терең (Сыдыкбеков). Ой жеткен менен кол жетпейт (макал). Ойдун гүлдөгөнү – акылдын өркүндөгөнү (макал). 2. Аң сезимдин продуктусу, пикир. Капитан өзүнүн оюн бирөөгө түшүндүрүүгө абдан уста (Жантөшев). Сабыр азыр Сырганын оюн түшүнүп тургансып, балдарга суроо берди (Сыдыкбеков).