ойгон
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Уйкусу ачылуу, уйкудан туруу. Сергек Зарыл күндөгүсүндөй эрте ойгонуп, эрте турду (Сыдыкбеков).
2. өт. Жандануу, кыймылга келүү, козголуу. Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). Батыш, чыгыш ойгонду, Дос, душман таанып ойлонду (Турусбеков).