этиш. 1. Уйкусу ачылуу, уйкудан туруу. Сергек Зарыл күндөгүсүндөй эрте ойгонуп, эрте турду (Сыдыкбеков).
2. өт. Жандануу, кыймылга келүү, козголуу. Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). Батыш, чыгыш ойгонду, Дос, душман таанып ойлонду (Турусбеков).
прям. , перен.
проснуться.
1. Уйкусу ачылуу, уйкудан туруу. Сергек Зарыл күндөгүсүндөй эрте ойгонуп, эрте турду (Сыдыкбеков). 2. өт. Жандануу, кыймылга келүү, козголуу. Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). Батыш, чыгыш ойгонду, Дос, душман таанып ойлонду (Турусбеков).
Азыркы кыргыз тилиндеги ойгон, ойгоо, ойгот сөздөрүн өз ара салыштырганда, ойго же ойг бөлүгү баарына орток болгондуктан, аны сөздүн уңгусу катары кароого болот. Бирок ошол уңгу кандай маани бергени белгисиз бойдон калат.
Кыргыз тилиндеги ойгот, ойгоо, ойгон сөздөрү байыркы түркчө одуг «ойгоо» (ДТС, 362) сөзүнө -от, -ог, -он мүчөлөрү жалгануудан келип чыккан. Закон ченемдүүлүк боюнча одуг+от, одуг+ог, одуг+он түрүндө айтылууга тийиш болсо, уңгуга мүчө уланганда уңгунун аяккы муунундагы үндүү тыбыш түшүп, одгот, одгок, одгон түрүнө келген. Кийин д тыбышы й тыбышына алмашып, жогорку сөздөр ойгот, ойгоо, ойгон болуп айтылып калган.
Алгачкы одуг сөзү од+уг морфемаларынан куралган. Анткени байыркы түрк тилинде одул, одун этиштери да болгон. Анын одул этиши туюк мамилесинин мүчөсү аркылуу жасалса, одун дегени өздүк мамилесинин жардамы менен жасалып, азыркыча ойгон сөзүнө мааниси боюнча туура келген. Одуг сөзү болсо мааниси боюнча азыркы ойгоо сөзүнө туура келет. Байыркы кезде од уңгусунун өзү эле «ойгонуу» маанисин берген. Ага этиштен сын атооч жасоочу -ыг мүчөсү жалганып, одуг «ойгоо» сөзү жаралган. Бирок бул сөздөн байыркы кезде эле одгур түрүндө аркылуу мамилеси жасалган. Кыргыз тилинде одул, одун түрлөрү унутулуп, одуг негизинен жасалган ойгон, ойгоо, ойгот сөздөрү пайдалана баштаган. Натыйжада азыркы ойгоо деген сөздө этиштен атооч жасоочу -ыг мүчөсү эки жолу кайталанган: од+уг+ог+одгог>ойгог> ойгоо.
уподоб. от ойгон-
как бы проснуться, делать вид, что проснулся;
уктабай эле жатып, ойгонгонсуп коёт он не спит, а делает вид, что просыпается.
ойгон этишинин кыймыл атоочу.
ойгон этишинин кыймыл атоочу.