Киргизско-русский словарь Юдахина
сажа;
казанга жакын жүрсө, көөсү жугат погов. если близко у котла ходить, сажа пристанет;
көө жак-
1) запачкать сажей;
2) перен. запачкать (доброе имя и т.п.);
көө тарткандай бетиме тамга салды он меня опозорил (букв. он мне на лицо наложил знак, будто сажей провёл; см. бет);
бул эмне - бетпи же көөбү? совесть-то у тебя есть?, как тебе не стыдно? (букв. это что: лицо или сажа?);
көмүр көөсүндөй караңгылык тьма непроглядная;
кара көө один из видов беркута.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Көмүрдөн, түтүндөн, оттун кыпындарынан пайда болгон ыш. Казандын көөсү. Мордун көөсү. Фонардын көөсүн тазалап... чырагын тышка ала чыкты («Ала-Тоо»).
¨ Бетине көө жабуу — каралоо, уят кылуу. [Түркүн] далайдын убалына калып, далайдын бетине көө жабат (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көөдө I
то же, что көөдөк;
баарысы көөдө жаш бала фольк. все они несмышлёные молодые ребята.
көөдө II
ир.
то же, что көөдөн;
жигиттин баары бирдей болбойт, жоолугун көөдөсүнө бууган менен фольк. не все парни бывают одинаковы, хотя бы и стянули чресла своим платком (т.е. кушаком);
талып калган Жакыптын көөдөсүнө бүрккөнү фольк. он опрыснул (водой) грудь обомлевшего Джакыпа;
айтпаса да, билинди - көөдөгө кайгы сыйбаган стих. хоть он и не говорит, но видно, что горе не вмещается в его груди.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көтөрүлүп, мактанып кетме адаты бар, аркы-беркини билбеген мактанчаак, опурулма, ала көөдөн. Көкдөөнүн Көкдөө экенин, Көөдөк күйөө билсин де («Эр Төштүк»). Баатыр Кыяз чоң көөдөк, Күңгүрөнүп, күүлөнүп, Өзүнчө бөлөк түрлөнүп («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
грудь, верхняя часть туловища, бюст; корпус (человека);
көөдөн сөөгү уст. грудная клетка;
көөдөнүндө бүтүн көйнөк жок платье на нём всё рваное (букв. на теле его целой одежды нет);
көөдөнүн минип жанчалы! стих. сядем ему на грудь и измолотим-ка его!;
туруп турат дебесең, көөдөндө араң жан калды разве только то, что он стоит (может стоять), а то в его теле едва душа держится;
көөдөнүмдү жашырбай, мен жерде калмак экемин фольк. я, оказывается, должен остаться без погребения (букв. я, оказывается, должен остаться на земле, не спрятав своего тела);
көөдөнү жок (о человеке) глупый;
көөдөн көтөр- стать заносчивым, надменным, важничать;
көөдөнүн өргө чаап турган возгордившийся;
ала көөдөн
1) бесхитростный, недогадливый (часто о положительных эпических богатырях, отличительными чертами которых являются сила, отвага, прямодушие, но не хитрость и уловки);
"ала көөдөн эр Манас, капкага кирсе, өлөт" деп фольк. мол, если бесхитростный Манас войдёт в ворота, то умрёт (не догадается о грозящей ему опасности);
ала көөдөн жигит недалёкий, недогадливый парень;
2) легкомысленный;
ала көөдөн адамдар - куру дүрмөт мылтыктай стих. легкомысленные люди подобны холостому заряду;
кызыл көөдөн жаш балдар ребятишки-малыши, малыши-глупыши.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көкүрөк, төш. Көөдөнүн найза аралап, Көкүрөктү жаралап («Курманбек»).
2. өт. Көңүл, ой, ич. Калтырбай айтып берейин Көөдөндөгү сырымды (Каралаев). Көөдөнгө батпай көп санаа, Көзүнүн жашы он талаа («Эр Төштүк»).
¨ Ала көөдөн — алаңгазар, жел өпкө. Ала көөдөн кишиге, Аманат буюм тапшырба (Осмонкул). [Алымкул] кээ бир ала көөдөндөргө окшоп курулай мактанып,. көкүрөк кербеген жигит (Абдукаримов). Көөдөнү жок — акыл-эси кем, алаңгазар. мактанчаак. Ал эми бай аялдары болсо көөдөнү жок көпкөлөң, өтө эле обу жок.. болуп калыша турган (Убукеев). Көөдөнүн көтөрүү — менменсинүү, бой көтөрүү, мактануу. Темирчилик ишине мени эле коё бергиле, — деп Амандык карыя көөдөнүн көтөрдү (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дененин көкүрөк, төш жаккы бөлүгү. Көөдөнүн найза аралап, Көкүрөктү жаралап («Курманбек»). Касымбек ич күптүсү эми чыккандай, көөдөнүн кере дем алды («Ала-Тоо»). – Балам, ак сүтүмдү бердим, ысык күндөн, ышкырган бороондон көөдөнүм менен калкалап чоңойттум (Касымбеков). Муштумдай көөдөндөгү балбан жүрөк, Тулкуга азык чачып өкүм сүрөт (Токомбаев). 2. өт. Көңүл, ой-пикир. Калтырбай айтып берейин, Көөдөндөгү сырымды (Каралаев). Баатырсынып, эрсинип, Көөдөнүндө бу Кыяз, Кара кулак шерсинип («Сейтек»). Көөдөнүндө күүлөнүп, Күлчорого сүйлөнүп, Желигип турду Канчоро («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Менменсинүү, бой көтөрүү, өзүн жогору саноо, мактануу. – Темирчилик ишине мени эле коё бергиле,– деп Амандык карыя көөдөнүн көтөрдү (Убукеев). Сен эмне эле көөдөнүңдү көтөрүп калгансың, адамды тааныбай баратасыңбы дейм! («Чалкан»). Колун бөйрөгүнө ала коюп, көөдөнүн көтөрүп, сөзү дымактуу чыгып жатты (Ашымбаев). «Менден башка бу колхоздо ким бар!» деп көөдөнүңдү көтөрчү элең го, сен («Чалкан»). Кабинадан оолжуй тартып чыгып, кара көз айнекти түшүрбөй, көөдөнүн көтөрүп, ыңгырана басымыш болду. В.: Көкүрөгүн көтөрүү. Мени менен ойногуңар бар ээ? Жыламышев көкүрөгүн көтөрө сүйлөдү («Чалкан»). Көкүрөгүн өргө айдоо. Анда мунун көкүрөгүн өргө айдап, жер баспай турган кези эле. Көөдөнүн өргө чабуу. Көөдөнүн өргө чаап турган кези.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Менменсинүү, бой көтөрүү, өзүн жогору саноо, мактануу. Колун бөйрөгүнө ала коюп, көөдөнүн көтөрүп, сөзү дымактуу чыгып жатты (Ашымбаев). «Менден башка бу колхоздо ким бар! « деп көөдөнүңдү көтөрчү элең го, сен («Чалкан»), Кабинадан оолжуй тартып чыгып, кара көз айнекти түшүрбөй, көөдөнүн көтөрүп, ыңгырана басымыш болду («Фрунзе шамы»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨДӨҢ, Ыраң Көөдөн — эпизоддук кейипкер. Саякбай Каралаевдин варианты нда кытайдын үч жүз элүү жыл жашаган карысы, акылга дыйкан, кадырман адамы. Чоң казаттын алдында көп кол менен Манастын келатканын угуп кеңеш куруп жаткан кытай баатырларынын кашына келген К-гө Эсенкан өзү баш болуп ызат көрсөтүп, орун берет. Өтөр-кетер иштерди таамай көрө билген («кабарчысы азазил») К. Манасты согушуп жеңе албайсыңар, андан көрө тартуу тартып тынч багынып бергиле. Манастын акырет кетер ажалы силерден дейт. Чабала деген баатыры урушпай туруп эле чантуудан корксоңор, уруксат бергиле, мен барып чантууну байкап көрөйүн десе, Коңурбай «алжыган» деп, Ыраң Көөдөңдүн айтканына көнбөй коюшат. К. чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты утурлап барып, Алмамбетке жолугуп, Чабаланын келатканын айтып кетет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бурдючок (с горлышком для кумыса из тиснёной верблюжьей кожи; по форме напоминает плоский графин);
кол көөкөр маленький дорожный бурдючок;
түшүмдө жаман иш көрдүм: канжыгадан баш көрдүм, кол көөкөрдөн аш көрдүм фольк. я видела плохой сон (букв. во сне я видела плохое дело): в тороках я видела голову (см. канжыга), в бурдючке я видела (несъеденную) пищу (это предвещает смерть);
көөкөр-көнчөктөр всякая мелкая посуда из кожи;
көөкөр токоч фигурная лепёшка;
көөкөрдөн май карагандай скосив глаза (букв. как бы высматривая жир в бурдючке);
көөкөрдөй маленький, крохотный.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Жылкы, төө терисинен жасалган, суюктук куюп пайдаланууга ылайыкталган мойну ичке, түбү жазы идиш; Көк шибери жайкалган, көөкөрдө кымыз чайкалган (Үмөталиев) (КТС 2010:786). Муну азыркы көкүрөк деген сөз менен тектеш деп айтууга болот, анткени түрк тилдерине тектеш монгол тилдерине кирген калмак тилинде көкүр «упчу» жана «көөкөр» маанисин билдирет. Ушуга караганда, көөкөр байыркы мезгилде бээнин же төөнүн желин терисинен жасалса керек. Кийин башка териден жасалса да, аты ошол бойдон кала бериши мүмкүн. Азыркы көөкөрдүн эки жакка кайрыла уурчуктанып турган бөлүктөрү алгач эки эмчектин элесин берген элемент болушу мүмкүн (Сейдакматов 1988:157-158). Табыптар сынган кабырганы түз бүтүрүү үчүн оорулууга көөкөр үйлөтүшкөн. Таластагы «Манас ордо» комплексинде турган 7-8-кылымдарга таандык бир балбалдын белинде көөкөрдүн сүрөтү бар. Айрым маалыматтарга караганда, чака сыяктуу андан чоӊ идиш көнөк уйдун желин терисинен жасалган.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Көөкөрүм кооз болсун — деп, Көп жубанга бычтырган, Көк жибек менен тиктирген» (Жеңижок). Бул — шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан. Калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан. Көөкөр кармоодо аймактык айырмачылыктар бар. Мисалы, жаңы сыйрылган уйдун терисинин жүнүн кырып алып, аны шилтеге салат. (Шилтеге салуу — комуз кактын түбү менен чиенин карагандын бир түрү түбүн казып келип, аны казанга кайнатып, ошого терини салуу.) Ал үч-төрт күндөн кийин аябай былпылдап жумшап калат. Аны казандан чыгаргандан кийин ошол жумшак боюнча бычып тигет. Ичине кум салып, анан тоборсуп калаар чакта ага өзүнүн мүйүз сындырыгы аркылуу (чийим шибеси) көркөм оюм-чийим келтирилет. Тери ичиндеги куму боюнча кургайт. Көөкөрдүн ийинин, моюнун жана түбүн көркүнө келтирүү үчүн шиши болот. Демек, кептөөдө шиш, кум зарыл. Ал буюмдун кебин ойдогудай келтирет. Ага оюм-чийим батырыла түшөт. Кумду төгөөрү менен ал дандайган көөкөр болуп калат.
      Төө тери калың болот. Жибитүүдөн чыккандан кийин муну негизинен кол күрөк менен челдейт. Көөкөр болуп бычылган теринин сырткы кыртышын өзүнчө, ички эт жагын өзүнчө шибеге-темене менен тигет. Ал көөкөр кейпин бергенден кийин теринин ичине топуракты, кумду, көбүнчө кум аралаш топуракты шыкайт. Көпчүлүк көөкөрлөрдүн формасы — оозу кууш, моюну узун, түбү кенен, жалпак жана ийиндүү келет.
      Чеберлер көөкөрдүн көлөмүн ар кандай жасашат. Анын чоңунда алты-сегиз литр суюктук сыят. Идиштин бир, бир жарым литрдик эң кичинеси да тигилет. Көөкөрдүн ийинин, моюнун, булуң-бурчтарын атайын ийри шиш аркылуу көркүнө келтирип, шыкалган топурак тоборсуур менен ага көркөм «чийме сынпос» түшүрүлөт.
      Буга түшкөн оюм-чийимдердин же көркөм көчөттөрдүн элементтери негизинен «ийрекке», «мүйүзгө», («кочкор мүйүзгө») «кыял», «жарым кыял» оюмдарына окшошот. Ушундай эле кымыз куя турган шири кумарага (чайдөш түзбөлүндөгү чорголуу идиш) да «кыйма», «карга тырмак» мүнөздүү келет.
      Тери кийимге — көн тердикте «кыял», «мүйүз» оюмдары шарттуудай сезилгени менен булардагы кооздуктарды жаратуу ыкмалары окшош болгондуктан бири-бирине өтүшүп отурат. Орточо көөкөргө төрт-беш литр суюктук куюлат.
      Зергерлер көөкөрдүн булун-бурчтарына, ийинине, моюнуна күмүш, мис, жез, коло, калай өңдүүлөрдү да чөгөргөн. Ал түшкөн шөкөттөрдүн формасы ар кандай көркөмдүктө болот. Көөкөрдүн кепкегине да түстүү металлдарды чөгөрүп, адатта, жезден чагарак салынган. Анын кайыш боосу болгон.
      Көөкөрлөр ар кандай формада жасалып, кыз-келиндерге арналган көөкөрлөр андан бетер сыйдаланат да, «чийме сынпос» менен аруу кооздолот. «Токту берип ыштаткан, Торко менен тыштаткан» — деп, идиш ышталып турган. Көөкөрдү тыштап да коюшкан. Ал көчтүн сынын чыгарган. Тарых жана этнографиялык музейлерде көөкөрдүн ондон ашуун түрү бар. Андагы түшкөн «чийме сынпостор» бири-биринен айырмаланат.
      Эки ийинсиз эле узун тал моюндуу, тегерек келип, ийин ордуна боо тагылган көөкөр да жасалган. Буга түшкөн көркөм оюм-чийимдер жалпы алганда «байчечекей» өңдөнүп, чийим ичинен кайра «чийим сынпос» чыгып, ортолору «тоок көздөнүп» кетет.
      Адатта, көөкөр кош ийиндүү болот. Моюну узунураак келип, койкоюп турса, ошол көркөм көрүнөт. Мунун муунак-муунак сызыктардан туруп берилген «табак-табакча» оюм-чийимдер үч бурчтукту түзүп, алар чийим шибеге аркылуу «ийректелсе» анда да . буюм кооз болот.
      «Көк шибери жайкалган, Көөкөрдө кымыз чайкалган» (Т. Үмөталиев) — деп сүрөттөлөт. Көөкөрдүн мейман дастарконунун четинде койкоюп турушу, андан таңдайды тарткан ынак кымыздын куюлушу элибиздин сыйкордугунун күбөсү болгон. Демек, элдик кол өнөрчүлүктүн салтында түркүн буюмдун бетине көөкөрдү элестеткен көркөм оюмду берүү жөрөлгөлөрүн чечмелей келгенде ал токчулуктун символун туюндурат.
      Желини булактаган бээни «көөкөр эмчек» деген турмуштук салыштыруулар бар.
      Ыштоо менен шири идишке айланып, дайыма катуу абалын сактайт. Шири идишти жылына бир-эки жолу ыштообуз зарыл. Зергерлер мындай көөкөрлөрдүн булуң-бурчтарына, ийини жана мойнуна да күмүш, жез, мис, коло, өңдүү асыл заттарды чаап, көрчөгөлөрдү чегелей турган. Андай көөкөргө чөгөрүлгөн шөкөттөргө да элдик оюм-чийим беришкен.
      Мыкты көөкөрлөр көлөмүнө карата кош ийини «кочкор мүйүздөнүп» түшкөн оюмдары таза жана так, моюну койкоюп узун да, кыска да болуп, жалпы көрүнүшү жыйнактуу келип, көргөндүн көөнүнө толгон.
      Албетте, мал чарбачылыгы бар жерде көөкөр сөзсүз керек. «Көөкөрдөн куюп кымызды, Көк бөрү тартып жаткан эл» (Манас) деп айтылат. Андан ардактуу меймандарыбызга кымыз куюп сунуп, кыргыздын каада-салтын туюндуруп туруубуз тийиш.
      Сыйымдуулугу төрт-беш литр көөкөр жасоодо уйдун терисин жибитип, жүнүн кырып, ички челдерин алып, эки бөлүктөн турган кеп жасап, ошону жатак алдырып, көөкөр түспөлүн берүүгө болот. Мында эки беттүү жыгач калыпты алганда тери кургаары менен көөкөр формасын сактап калат, ыштоо үчүн карагайдын таарындысын пайдаланса жарайт. Мунун кепкеги чөйчөктүк да, кепкектик да милдет аткаргандай кармалса болот.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бодо малдын ышталган терисинен жасалган анчалык чоң эмес идишти көөкөр дейбиз. Моңгол тилдеринде көк(өн)//хөх(өн) сөзү «эмгекти» билдирет. Калмак тилиндеги көкүр «упчу» жана «көөкөр» маанисин берет. Болжолу, көөкөрлөр алгач бээнин же төөнүн желининин терисинен жасалган окшойт. Кийин ошол идиштин көлөмүндөгү башка териден жасалган идиш да көөкөр атала берген болуу керек. Азыркы көөкөрдүн эки жакка кайрыла уурчуктанып турган бөлүктөрү алгачкы эки эмчектин элесин берген элементи болушу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жылкы, төө терисинен жасалган, суюктук куюп пайдаланууга ылайыкталган мойну ичке, түбү жазы идиш. «Жерден мени көрбөй калды дегенсип учуп барат ко» – деп, көөкөрдөй болуп Карач кагырап калды («Эл адабияты»). Көөкөргө куйган аракты, Көңтөрө ичип салышып («Эр Табылды»). Көк шибери жайкалган, Көөкөрдө кымыз чайкалган (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что көөкөрдө-;
адатынча көөкөрлөп аракты эч ким албасын стих. пусть никто не следует привычке и не берёт водку бурдючками (т.е. не пейте много);
көөкөрлөп төктү канымды, көп кетирди алымды фольк. он обескровил меня (букв. лил мою кровь бурдючками), он очень обессилил меня;
керек болсо, көөкөрлөп канымды да беремин стих. если нужно, я отдам свою жизнь (букв. кровь);
канымды көөкөрлөп, согушка барып келдим я ходил на войну, готовый отдать жизнь свою.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көөкөргө куюу, көөкөр менен алуу, ташуу. Адатынча көөкөрлөп, Аракты эч ким албасын (Жантөшев). 2. Өтө көп, арбын агуу, чыгуу, төгүлүү. Кан көөкөрлөп ага баштады («Ала-Тоо»). Кеби бузук ант ургур, Көөкөрлөп төктү канымды («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мемиреген тынчтыкка балкып жайкалуу, теңселүү, көйкөлүп туруу. Теребел мемиреп, көөлбүп, жайнап турган маалда ата-эне Батийнаны атказышты (Сыдыкбеков). Күздүктөр тегиз баш алып кара көк тартып көөлбүйт (Сыдыкбеков). Бутактары көөлбүгөн бай карагай асман мелжип менменсинет (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тынчтыкта болуу, мемирөө. Көөлгүп жаткан тынчтык.. мыдыр эткен табыш жок. Чапанын.. жамынып көөлгүгөн зайып отурат (Элебаев).
  1. 2.                  Толуп жайылуу, каптоо, мелмилдөө» (суу жөнүндө). Сары суусу көөлгүгөн чылалуу короо (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Кенен-чонон, кең-кесири, жайкалуу. Көөлгүгөн тон.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. быть абсолютно спокойным, торжественно-спокойным;
көөлгүп жаткан тынычтык, мыдыр эткен табыш жок торжественная тишина, не слышно (букв. нет) ни единого звука;
2. (об одежде) быть удобным и просторным;
көөлгүгөн тон просторная и хорошая шуба;
3. быть в просторной и хорошей одежде;
чапанын желбегей жамынып, көөлгүгөн зайып олтурат сидит женщина, накинув на себя просторный чапан;
жаргак кийген кыргыз эли жибек менен көөлгүгөн фольк. киргизский народ, (раньше) носивший нагольные (штаны), (теперь) разоделся в шелка;
көөлгүп жур- важно расхаживать;
4. тихо переливаться; тихо, спокойно течь;
суу көөлгүп агып жатат вода течёт спокойно, плавно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мемиреген тынч, бейкут абалда болуу. Көөлгүп жаткан тынчтык, шыбыр эткен табыш жок 2. Бир жерге чөөлмөктөп туруу. Сары суусу көөлгүгөн чылалуу короо (Сыдыкбеков). 3. Кенен-чонон, кең-кесири болуу, жайкалуу (кийимге же ошондой кийимчен адамга карата айтылат). Көөлгүгөн тон.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. издавать шум, гудеть (напр. о кузнечном цехе);
2. перен. чваниться, возноситься; буйствовать;
3. перен. быть спокойным, бесхитростным;
көөлдөгөн адам спокойный и бесхитростный человек; человек с открытой душой.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Көөсүн кетирүү, тазалоо. Казан көөлөдү. Морду көөлөдү.
2. Көө жугузуу. Бети-башын көөлөп алып, кара ала болгон бойдон үйгө кирип келди («Ала-Тоо»).
КӨӨЛӨ II этиш. Казуу, оюу, үңүү. Жердин түбүн көөлөшүп, Коркпой терең барышкан (Үмөталиев). Калың токой ичинде Дүмүрдү көөлөп казамын (Токтогул).
КӨӨЛӨ III көйлө менен бирдей.

Киргизско-русский словарь Юдахина
көөлө- I
1. пачкать сажей;
2. очищать от сажи;
казан көөлө- очищать котёл от сажи.
көөлө- II
1. ковырять, колупать, выколупывать;
2. перен. подковыривать, подкапываться;
отту үйлөсө - өчөт, коңшуну көөлөсө - көчөт погов. дуть на огонь - погаснет, подкапываться под соседа - откочует;
3. перемешивать;
көөлөгөн талкан толокно, смешанное с маслом, с молоком или с бульоном, с чаем, с водой;
талкан кылып майга, сүткө көөлөп берди она смешала толокно с маслом и молоком и дала;
жармага көөлөгөн талкан смесь жарма (см. жарма I 2) и толокна;
бетиңе каткан топурак, көөлөп койгон талкандай фольк. на твоём лице засохла глина комками (букв. как смесь толокна);
4. перен. вращать, пускать в действие (оружие);
кара кындуу болотту, көөлөп жүргөн эр Кошой фольк. богатырь Кошой, всегда действовавший булатом в ножнах (т.е. булатом, который он носил в ножнах);
кара болот зулпукор көөлөгөн эрдин өзү элек фольк. мы были настоящими богатырями, действующими булатными мечами (см. Зулпукор).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көөлөт- I
понуд. от көөлө- I;
эки бетин көөлөтөм, эл көчкөндө жөөлөтөм фольк. я прикажу обе её щеки сажей намазать (см. бет), при перекочёвках я заставлю её идти пешком;
кара кашка көөлөт- см. кашка.
көөлөт- II
понуд. от көөлө- II.

Киргизско-русский словарь Юдахина
көөлөш- I
взаимн. от көөлө- I.
көөлөш- II
взаимн. от көөлө- II;
кызыл найза, ач болот көөлөшөрбүз дечү элек фольк. мы хотели сразиться на красных пиках, на остром булате;
нечен найза көөлөшкөн, эрендер менен жөөлөшкөн фольк. он много раз сражался на пиках, с богатырями схватывался.

Киргизско-русский словарь Юдахина
колесо с лопастями мельницы-мутовки;
бети баткак болсо, "эмне, тегирмендин көөлүсүнө кирип чыктыңбы?" дейт если у кого лицо в глине, (ему) говорят: "ты под мельницу лазил, что ли?";
душмандын көөлүсүнө суу жүгүрт- лить воду на мельницу врага.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Көөсү бар, көө жуккан, көө жугуп кара ала болгон. Жумушчулар.. көөлүү топуну мата менен чулгап алып аянычтуу да, москоол да көрүнөт (Сасыкбаев). Муздак суу Ашырдын көөлүү бетине чалп этип чачылды (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көңүл, пейил. Көөнүндө кайгы болбогон, Бар кезинде колунда (Казыбек). Элинин көөнү ток болсо, Элирип ырчы кубанар (Бөкөнбаев). Өз жүзүңдү мен көрүп, Карыптык көөнүм ачаарым! (Казыбек). 2. «Өз көңүлүң», «эмне кылам десең өз эркиң, өз каалооң» деген мааниде колдонулат. Айтылуу Талас жерибиз, Элиңе барсаң көөнүңүз («Сейтек»). Берсе-бербесе өз көөнү, ага эч кимдин доосу жок («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көөнө I
ир.
ветхий, старый, древний;
көөнө кийим старая одежда;
көөнө коргон древняя крепость;
көөнө жыл южн. старый (прошлый) год.
көөнө- II
то же, что көөнөр-;
көөнөп калган сүлөөсүн тебетей изветшавшая рысья шапка.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эски, эскирип калган, көөнөргөн. Көөнө кийим. Топтун ортосунда көөнө кара шинель кийген кубакай жигит сүйлөп жаткан экен («Ала-Тоо»). Эски, көөнө дүйнөнү, Эстүү пенде ап кетет («Эл адабияты»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨНӨКАН — эпизоддук кейипкер. Тал-Чокуда Манаска өзүнүн кытайдан кетиш таржымалын баяндаган Алмамбет өзү менен кошо келген Мажикке Каныкей Көлөйдүн кызы К-ды алып бергенин айтат (Саякбай Каралаев, 2. 122—123).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨНӨ КАТМАР — эпостогу көөнө мотивдердин, сюжеттердин, образдардын жана көркөм туюнтуу каражаттарынын системасынан түзүлөт. «Манас» жанрдык — стадиялык жагынан негизинен тарыхый-баатырдык эпоско жатса да, анын айрым эстеликтери, айрыкча, түштүктөн жазылып алынган варианттар сюжеттик курамы, образдары, көркөм сөз каражаттары жана алардын тарыхый-филологиялык өзгөчөлүгү боюнча толук бойдон көөнө-баатырдык эпостордун катарында турат. К. к. дегенде, эпикалык чыгармачылыктын тарыхый баатырдык жана андан кийинки этаптарына таандык чыгармалардын поэтикалык түзүлүшүнөн орун тапкан, анын мазмунунда тарыхый баатырдык теманы көркөм чагылдыруу үчүн кызмат кылган көөнө, мифологиялык (тотемдик, шамандык жана башкалар) мотивдер, эпизоддор, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттарынын тутумун түшүнөбүз.
Көөнө көрүнүштөр биринчи иретте «Манастын» сюжетинен жана образдар системасынан ачык көрүнөт. Кыз Сайкалды багынтып, акыреттик жар кылышы, Мадыкан, Макел дөө, Ороңгу жана башка каармандар, итаалы эли жөнүндөгү сюжеттер эпостун К. к-ын түзөт. Аты аталып бирок образдары ачылбаган адамноо, жетимурук, жаян жана башкалар мифологиялык жандыктар, баатырдык жомоктордо белгилүү болгон алп каракуш, тулпар, чеп кайтарган түлкү, өрдөк, аркар сыяктуу образдар да «Манастын» көөнө образдарды жана сюжеттерди кеңири камтыгандыгын көрсөтөт. «Манастын» төрөлүшү, үйлөнүшү тууралуу эпизоддор да көөнө белгилерге бай. Манас, Алмамбет, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын келбетин сүрөттөөдө да көөнө элементтер жыш колдонулат.
«Манаста» географиялык түшүнүктөр да тарыхый жана мифологиялык аң-сезимдин жуурулушунан турат. Жердин түбү Желпиниш — нукура мифологиялык түшүнүктүн жемиши болсо, Бээжин, Каңгай, Алтай жана башкалар топонимдер тарыхый белгилерди да алып жүрөт. Ошондой эле «Манаста» элдин космос, ааламдын түзүлүшү тууралуу байыркы түшүнүгү да сакталган (Жер, анын үстүндөгү, астындагы мифологиялык өлкөлөр).
«Манастын» көркөм сөз каражаттары да бир катар көөнө белгилерди камтыйт. Гипербола, салыштыруу, метафора, эпитет өңдүү негизги көркөм сүрөттөө каражаттарынын көпчүлүгү келип чыгышы боюнча элдин мифологиялык түшүнүктөрү менен тамырлаш (мисалы, канкор, айкөл, тоодой жана башкалар).
Көөнө белгилер «Манастын» ыр түзүлүш системасында да сакталгандыгын көрөбүз. Ар бир сап 7 — 8 муундан туруп, аллитерация, ассонанс, референдердин жыш колдонушу буга далил. Ошентип, «Манастын» поэтикалык курулушу көөнө элементтерге бай, алар өзүнчө бир катмарды түзүп турат.
С. Кайыпов

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨНӨ МОТИВ — дүйнөлүк эпостордо кеңири колдонулуучу, тарыхый тамырлары боюнча байыркы мифтик түшүнүктөргө негизделген, баатырдык тематиканын ачылышы үчүн кызмат кылган, көөнө образдардын (к. Көөнө образ) чыгармада сакталып калышын камсыз кылып турган эпикалык мотив (к. Көөнө катмар, Мотив).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨНӨ ОБРАЗ — тарыхый-филологиялык негизи боюнча элдин алгачкы мифтик түшүнүктөрү менен байланышкан, эпосто көөнө мотивдердин, сюжеттердин көркөм каражат катары кеңири колдонулушун шарттаган образдар системасы. Эпосто мындай сапаттарга ээ образдар — Алмамбет, Төштүк, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын образдары (к. Көөнө катмар).

Энциклопедия "Манас". ч.1.

КӨӨНӨ СӨЗДӨР — күндөлүк речте колдонулбаган, көркөм тексттерде стилдик ыкма, көркөм каражат катары кызмат аткарган сөздөр, сөз айкаштары. Көөнө сөздөрдүн элдик оозеки эпосто колдонушу анын мазмуну, жанрдык-стадиялык өзгөчөлүгү, поэтикасы менен тыкыс байланыштуу. Көөнө мотив, көөнө сюжет, көөнө образдарды көркөм чагылдырууда айрыкча жыш колдонулат. «Манаста»  көөнө сөздөрдүн бардык түрлөрү кездешет. Белгилүү бир тарыхый учурда жашап, кийин колдонуудан чыгып калган историзмдер (зубун, тарса, ылама, мубакил, бичик жана башкалар) элдин мифологиялык аң-сезимине жана көөнө тарыхына байланыштуу түшүнүктөрдү билдирген сөздөр (жетимурук, адамноо, албын, кайып, зерчи жана башкалар) көп жолугат. Эпостогу көөнө сөздөрдүн келип чыгышы боюнча эки топко бөлүүгө болот: уңгусу түрк сөзүнөн турган жана араб, иран, кытай, моңгол жана башкалар тилдерден кабыл алынган сөздөр. X. Карасаев «Манас» эпосундагы түшүнүүгө кыйынчылык келтире турган сөздөрдүн (Сагымбай Орозбаков варианты боюнча) сөздүгүн түзгөн (к. «Камус наама»). Көөнө сөздөрдүн эпостун стилине көтөрүңкү эпикалык мүнөз берип, көөнө түшүнүктөрдү көркөм чагылдырууга кызмат кылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨНӨ СЮЖЕТ — баатырдык - көөнө эпосторго мүнөздүү көөнө образдар катышып, көөнө мотивдердин тутумунан турган эпикалык сюжет. «Манаста» мындай сюжеттер арбын, алардын эң мүнөздүүлөрү Эр Төштүк, Алмамбет, Дөө-пери жомогу, Макел дөө, Итаалы жөнүндөгү сюжеттер болуп саналат, к. Көөнө эпос.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨНӨ-ТУРПАН, Турпан —топоним. Кыргыз уруулары эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет. Иранча кухене — көөнө-эски жана моңголчо Турпан — ордо, борбор шаар, кан сарайы деген сөздөрдүн айкалышынан жасалган аталыш. Географиялык реалияда Чыгыш Тянь-Шань тоолорунун этегиндеги ойдуң жана андагы шаар.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨӨНӨ ЭПОС («баатырдык-көөнө эпос, баатырдык архаикалык эпос, архаикалык эпос) — поэтикалык курулушун, мазмунун көөнө мотивдер, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттары аныктаган эпос, баатырдык эпостун жанрдык-стадиялык өнүгүшүнүн алгачкы этабын чагылдырган эпикалык мурас. «Манастын» белгилүү варианттары жанрдык-стадиялык жагынан тарыхый-баатырдык эпостордун катарында турса да, анын бир айтымдары кадимки К. э-ко таандык касиеттерди толук камтыйт. Алсак, эпостун түштүктөн жазылып алынган варианттары буга далил (к. Мурат Калбай уулу, Төрө Мамыт уулу, Матисак Акбай уулу, Чал Сыдык уулу жана башкалар). Мунун өзү кыргыз эли Манас баатыр жөнүндө ар кыл жанрдык-стадиялык мүнөздөгү чыгармаларды жараткандыгын көрсөтөт. К. э-тун поэтикалык курулушунда мифологиялык образдар, сюжеттер менен бирге, алардын аткарылыш ыкмасы да өзгөчө болот. Көлөмү тарыхый-баатырдык эпостордой чоң эмес, баяндоо ыкмасы жөнөкөй келет. Негизги каармандардын образдарында тарыхый белгилерге караганда көөнө белгилер басымдуулук кылат. Эпикалык душмандар болсо дээрлик фантастикалык, мифтик белгилер менен чүмбөттөлгөн болот. Негизги көркөм сөз каражаттары катары гипербола, салыштыруу кызмат кылат.
С. Кайыпов

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
перл, самоцвет; драгоценный камень;
жүгүн чечип караса, зумурут, көөр таш экен фольк. когда открыли вьюк, (там) оказались изумруды, самоцветы;
колунан көөр төгүлгөн очень искусный, "золотые руки";
кош колу кол машинеге көөрүн төккөн её руки искусно управляли ручной (швейной) машиной;
колунан көөр төгүлгөн Сайкал Сайкал - большая искусница.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Өтө кымбат баалуу таш, каухар.
¨ Колунан көөрү төгүлгөн — абдан чебер уста, колунан ар нерсе келген чебер. [Алтын] колунан көөрү төгүлгөн киши (Байтемиров). Атасы Жакып колунан көөрү төгүлгөн темир уста (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(Каухар, көөкар) «Андаштын уулу Сары эле, Айдалып барган а деле, Колунан көөрү төгүлгөн, Усталыгы бар эле» (Токтогул). Ал — ар кандай асем буюмдардын жүзүн ачуучу асыл зат. Демек, чебердин колунан жараткан аруу нускалар «көө хардай жанып турат» деген түшүнүктү берет. Айлакер чеберлерге, иш билги зергерлерге карата даңктала айтылат.
      Көркөм кол өнөрчүлүк — усталардын, уздардын, зергерлердин асем буюмдарды жаратуучу кесиби. Ал улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, элибиздин тарыхый эстелиги, калк казнасы, атадан — балага, энеден — кызга өткөн мурас. Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн башаты тереңден башталып, буюмдардын кандай жердиктен жасалгасына, жасоо ыкмаларына жараша бир нечеге бөлүнүп кетет. Анын оймочулук, саймачылык, килем токуучулук, өрмөк согуучулук, бычып-тигүүчүлүк, чий чырмоочулук, ат жабдыктары үчүн өрмөчүлүк менен кайыкчылык, териге ар кандай наар түшүрүүчүлүк, зергерчилик, мүйүзчүлүк, жыгаччылык өңдүү түрлөрү бар. Андан тышкары жип-шуу эшүүчүлүк, түймөчүлүк, метилеп таш чегип, тегирмен, жаргылчак жасоочулук жана боекчулук да элибизде аябай күчтүү өнүккөн. Өнөрлөрдүн башка түрлөрүндөй эле көркөм кол өнөрчүлүк да партия менен өкмөтүбүздүн аталык камкордугуна бөлөнгөн. Көркөм мурастын кечээкиден бүгүнкүсү кызык, азыркыдан эртеңкиси укмуш. Анткени, анын ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө, кеңири кулач жайышына, арымдуу кадам шилтешине шарт түзүлүүдө. Азыркы кезде элдик өнөрпоздордун чыгармачылыгы мурун болуп көрбөгөндөй өсүүдө.
      Бүгүн кыргыз элдик кол өнөрчүлүгү эки багытта өсүп-өнүгүүдө. Биринчиден, ар бир айылда, үйдө кооз буюмдар жасалууда. Чеберлер адатта илгертеден келе жаткан элдик ыкмаларды колдоп, андан ары өнүктүрүүгө өз үлүштөрүн кошууда. Экинчиден, эл ичиндеги ошондой чеберлерди топтоштуруунун негизинде жер-жерлерде бирикмелер уюшулууда. Мисалы, Бишкек шаарында «Кыял», Ошто «Мурас», Таласта «Шумкар» бирикмелери иштеп, алардын Тоңдо, Балыкчыда, Кочкордо, Нарында, Өзгөндө, Кара-Кулжада, Кадамжайда, Алайда ири филиалдары бар. Аталган көркөм өнөрканалардан кооз буюмдар, сувенирлер элге тартууланууда.
      Азыркы кезде колунан көөрү төгүлгөн усталар суюлуп баратат. Алардын шакирттери да аз. Биз алардын калтырган издерин айыл ичинде сакталып калган аруу буюмдарын гана көрүп: «Баланча зергердин колунан чыккан тура!» — деп тааныйбыз. Ошондуктан үзүлбөй келе жаткан бул жөрөлгөлөрдү жаш муундар андан ары улап кетүүлөрү керек.
      1973-жылы июнда элдик кол өнөрчүлүгүн жакшыртуу боюнча Бүткүл союздук координациялык Совет Кыргызстандын борборунда өттү. Анда илимий көз караштагы пикирлер айтылып, тажрыйбалар алмашылды. Оң натыйжалар жалпыга тиешелүү өрнөк катары белгиленди, элдик өнөрдү улантуучулар камкордукка алынып, алар жараткан буюмдарды чыгармачылык талдоого алуу каралды.
      КПСС Борбордук Комитетинин «Элдик кооз буюм промыселдери жөнүндө» токтому (февраль, 1976-жыл) советтик социалисттик маданияттын ажырагыс бир бөлүгү болгон элдик өнөрдүн андан аркы гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзүп, күндөлүк иштердин айкын программасы болуп калды.
      Кыргызстан КП Борбордук Комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Совети «Элдик көркөм кол өнөрчүлүгү жөнүндө» (30-июль, 1975-жылы) токтомунда элдик көркөм кол өнөрчүлүктү андан ары өнүктүрүү, иликтөө-изилдөө жана пропаганда иштерин жүргүзүү үчүн Атайын Көркөм Эксперимент Лабораториясынын милдетин аныктады. Анын негизги милдети — көркөм кол өнөрчүлүктүн ыкмаларын үйрөнүү, элдик чеберлерди табуу жана үйдө иштөөчүлөргө практикалык жардамдарды берүү, ишканалар үчүн атайын үлгүлөрдү жаратуу.
      Ал эми Кыргызстан Республикасынын Министрлер Советинин 1979-жылдын 10-апрелиндеги токтому боюнча Орто Азия республикаларында биринчи болуп атайын окуу жайы ачылган. Бул окуу жайы жергебиздеги элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелерине чыгармачыл кадрларды даярдап жатат.
      Кыргыздын элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндө аймактык айырмачылыктар бар. Маселен, Нарын тараптагы уздарда жана усталарда боз үй жасоо салтка айланган. Мына ошондуктан боз үйгө байланыштуу чий чырмоо жана согуу, шырдак шыруу, ала кийиз уютуу, туш кийиз саюу жана ат жабдыктарына узануу кеңири өнүккөн. Аларда улуттук кийимдерди жарашыктуу бычып тигүүнүн эң сонун үлгүлөрү бар.
      Көл өрөөнүндө сайма саюу, кийизчилик, өрмөчүлүк жасоо мыкты өнүккөн.
      Ал эми Талас өрөөнүндө жашагандарда көркөм көчөт түшүрүлгөн терме таарларды согуу өзгөчө өнүккөн.
      Ош жергесиндеги элдик чеберлеринин кармаган көркөм буюмдарынын өзүнчө жүзү бар. Аларда килем токуучулук, өрмөк согуучулук, саймачылык өзгөчө бааланат. Түштүк килеми өңүнүн ачыктыгы, жалаң кылчык койдун жүнүнөн токулганы, эндүүлүгү менен илгертеден белгилүү.
      Көркөм кол өнөрчүлүктүн айрым түрлөрү улам барган сайын суюлуп баратат. Аларга таш чегүүчүлүк, жыгаччылык, көн (шири), сөөк, мүйүз буюмдары кирет.
      1982-жылы СССРдин 60-жылдыгына карата элдик чеберлердин республикалык кароо-конкурсу эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөлөрүнүн павильондорунда уюштурулду. Анда кыз-келиндерибиздин өздүк кооз буюмдарын кармоо, жүгөн-куюшкан, басмайыл, көмөлдүрүк өрүп жана кайыш кармоо, жыгач идиштерин кыруу боз үйдүн уук-керегесин матоо, түндүктү ийүү, ээр чабуу, ала кийиз уютуу, кайыш ийлөө, мүйүз буюмдарын жасоо, шырдак оюп шыруу, туш кийиз саюу, килем токуу, терме, беш кеште кажары согуу, чыгдан кармоо, тор чачык чалуу, жип-шуу эшүү, элдик кийимдерди бычуу-тигүү өңдүү көркөм кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө узануунун жана уздануунун чеберчилик ыкмалары толук көрсөтүлдү. Анда өнөр жай ишканаларында элге керектүү буюм катары көп
      нускада чыгаруу үчүн көркөм үлгүлөрдү тандады. Өзгөчө кооз буюмдар Бүткүл союздук көргөзмөгө, музейлерге экспонат катары жөнөтүлдү.
      Андан кийин элдик чеберлердин республикалык I слету болду. Анын катышуучулары элдик чеберлерге жана уздарга элдик көркөм кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнү жандандыруу боюнча үндөө кабыл алышты.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(көрүк) — усталардын көмүрдү үйлөтө турган аспабы. Көмүргө көөрүк жан киргизет. Кыргыздар урунган көөрүк «кол көөрүк» же «ала көөрүк» деп аталган. Бул эки туюк териден, ача жыгачтан, түтүк темирден турган. Кош багалектүү көөрүктүн сырты түктүү да, жаргактуу да келген. Буга эчкинин, койдун, кийиктин, музоонун жана кулундун терисин колдонушкан. Көөрүктүн жерге тийип турган эки жагында кармай турган казыкчасы болот. Мунун колго алуучу тарабында «жуушанча» жыгачы бар. Анда баш бармакка илүүчү, төрт салаага кирүүчү кайыштары бар. Ал ачылып-жумулуп турат. Жел ууртатууда көөрүктү алма-телме көтөрүш керек. Көөрүк жыйырылып, жел чыкпай калбашка анын алаасын керип туруучу казыкча орнотулат.
      Көөрүктүн учундагы бирөөнүн жоондугу билектей кош жыгач адегенде темир бурама аркылуу чебер тешилген. Ошол көңдөйүнүн кенендиги баланын билеги баткандай эки тешик бир жайдан чыгат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
питьё овечьих пастухов, приготовленное из овечьего или козьего молока, заквашенного кумысом или айраном;
беш эчкинин сүтүн саап, көөрчөк кылышты подоили они пять коз и приготовили көөрчөк.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эчкинин сүтүнө кымыз же айран кошуп ачытылган кымыз сыяктуу суюк тамак. Көөрчөккө үйрөнүп алган койчулар айран ичмек беле (Аалы). [Койчулар] беш эчкинин сүтүн саап көөрчөк кылышты (Жантөшев).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Кымызга же айранга кой-эчкинин бир аз сүтү кошулуп, чайкалып жасалган суусун тамактын аты. Көбүр этишине –чек мүчөсүнүн жалганышынан пайда болуп, «көбүрмө, көбүрүп турган» деген маанини туюндурат. Көбүрчөк кийин кыскарып, көөрчөк болуп калган (Сейдакматов 1988:158).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эчкинин, койдун сүтүн кымыз же айран менен ачытып жасаган суусундук. Жапек чаначындагы кымызга эки эчкинин сүтүн кошуп, көөрчөк кылып, Каныбекке берди (Жантөшев). Көөрчөккө үйрөнгөн койчулар айран ичмек беле (Токомбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Айранга чийки сүт кошулуп жасалган суусундук тамак көөрчөк аталат. Ал көбүр этишине -чек мүчөсү кошулуудан пайда болгон. Анткени көөрчөк көбүрүп турат. Кымыз, айранга караганда көбүрүп тургандыгы ал тамактын көбүрчөк>көөрчөк аталышына себеп болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акыл-эси төмөн, алаңгазар, көөдөк, пас адамдарга карата айтылуучу сөз (уй баш, өгүз баш). Көөсөрүң болсо калыңар, Көсөмүң болсоң барыңар («Манас» С. О.). Көтөрүлүп көп сүйлөп, Көөсөр жүргөн келең бар (Тоголок Молдо). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»). Көрө албасаң, сен Көкчө, Көөсөрлүк сөздөн кайра кайт! («Манас»).