КӨӨДӨНҮН КӨТӨРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Менменсинүү, бой көтөрүү, өзүн жогору саноо, мактануу. Колун бөйрөгүнө ала коюп, көөдөнүн көтөрүп, сөзү дымактуу чыгып жатты (Ашымбаев). «Менден башка бу колхоздо ким бар! « деп көөдөнүңдү көтөрчү элең го, сен («Чалкан»), Кабинадан оолжуй тартып чыгып, кара көз айнекти түшүрбөй, көөдөнүн көтөрүп, ыңгырана басымыш болду («Фрунзе шамы»).