көөрчөк
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыКымызга же айранга кой-эчкинин бир аз сүтү кошулуп, чайкалып жасалган суусун тамактын аты. Көбүр этишине –чек мүчөсүнүн жалганышынан пайда болуп, «көбүрмө, көбүрүп турган» деген маанини туюндурат. Көбүрчөк кийин кыскарып, көөрчөк болуп калган (Сейдакматов 1988:158).