КӨӨН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көңүл, пейил. Көөнүндө кайгы болбогон, Бар кезинде колунда (Казыбек). Элинин көөнү ток болсо, Элирип ырчы кубанар (Бөкөнбаев). Өз жүзүңдү мен көрүп, Карыптык көөнүм ачаарым! (Казыбек). 2. «Өз көңүлүң», «эмне кылам десең өз эркиң, өз каалооң» деген мааниде колдонулат. Айтылуу Талас жерибиз, Элиңе барсаң көөнүңүз («Сейтек»). Берсе-бербесе өз көөнү, ага эч кимдин доосу жок («Ала-Тоо»).