1. глуповатый, с придурью, недалёкий;
2. отважный, неустрашимый, храбрый.
сын. Көөдөк, аңкоо, мактанчаак, көтөрүлмө, алаңгазар. Көтөрүлүп көп сүйлөп, Көөсөр жүргөн келең бар (Тоголок Молдо).
Акыл-эси төмөн, алаңгазар, көөдөк, пас адамдарга карата айтылуучу сөз (уй баш, өгүз баш). Көөсөрүң болсо калыңар, Көсөмүң болсоң барыңар («Манас» С. О.). Көтөрүлүп көп сүйлөп, Көөсөр жүргөн келең бар (Тоголок Молдо). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»). Көрө албасаң, сен Көкчө, Көөсөрлүк сөздөн кайра кайт! («Манас»).
Бейиштеги түгөнгүс, соолугус кудук. Ажылыкка бардыңыз, Абзи көөсөр суусуна (Калык).
глупость, придурковатость, недалёкость;
көөсөрлүк сөз или көөсөрлүк кеп глупые разговоры;
көөсөрлүк кеп ур- говорить глупости.
көөсөрлүк, көөсөрлүгү,
көөсөрлүккө
Көөсөр мүнөздүүлүк, көөдөктүк, аңкоолук, алаңгазарлык.