КӨӨСӨР І
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Акыл-эси төмөн, алаңгазар, көөдөк, пас адамдарга карата айтылуучу сөз (уй баш, өгүз баш). Көөсөрүң болсо калыңар, Көсөмүң болсоң барыңар («Манас» С. О.). Көтөрүлүп көп сүйлөп, Көөсөр жүргөн келең бар (Тоголок Молдо). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»). Көрө албасаң, сен Көкчө, Көөсөрлүк сөздөн кайра кайт! («Манас»).