Энциклопедия "Манас". ч.1.
БИЧИК (моңгол битиг, бичиг — жазуу; тунгус-манжур тил тобунда, бичи, битик, бачик, битэхэ — жазуу, китеп, документ, керээз, тумар, алтайча, якутча — жазуу) — эпосто «Бичиктерин алышып Аяр менен сыйкырчы Балын ачып салышып» (Саякбай Каралаев, 1. 34),— деп айтылат. Мында Б. китеп деген маанини билдирип турат. Б. кытай, калмактардын касиеттүү дин китеби катары түшүндүрүлөт.