(в эпосе) священная книга калмыков.
БИЧИК (моңгол битиг, бичиг — жазуу; тунгус-манжур тил тобунда, бичи, битик, бачик, битэхэ — жазуу, китеп, документ, керээз, тумар, алтайча, якутча — жазуу) — эпосто «Бичиктерин алышып Аяр менен сыйкырчы Балын ачып салышып» (Саякбай Каралаев, 1. 34),— деп айтылат. Мында Б. китеп деген маанини билдирип турат. Б. кытай, калмактардын касиеттүү дин китеби катары түшүндүрүлөт.
1. Калмактардын диний ыйык китеби (эпостордо). Чочкодон төрттү союшуп, Бичикти төшкө коюшуп («Манас). 2. Жазуу, кат. Бичик чийип, кат коюп, Манастын атын бурмалап («Манас»).