көөнө I
ир.
ветхий, старый, древний;
көөнө кийим старая одежда;
көөнө коргон древняя крепость;
көөнө жыл южн. старый (прошлый) год.
көөнө- II
то же, что көөнөр-;
көөнөп калган сүлөөсүн тебетей изветшавшая рысья шапка.
сын. Эски, эскирип калган. Топтун ортосунда көөнө кара шинель кийген кубакай жигит сүйлөп жаткан экен («Ала-Тоо»).
Эски, эскирип калган, көөнөргөн. Көөнө кийим. Топтун ортосунда көөнө кара шинель кийген кубакай жигит сүйлөп жаткан экен («Ала-Тоо»). Эски, көөнө дүйнөнү, Эстүү пенде ап кетет («Эл адабияты»).
КӨӨНӨКАН — эпизоддук кейипкер. Тал-Чокуда Манаска өзүнүн кытайдан кетиш таржымалын баяндаган Алмамбет өзү менен кошо келген Мажикке Каныкей Көлөйдүн кызы К-ды алып бергенин айтат (Саякбай Каралаев, 2. 122—123).
КӨӨНӨ КАТМАР — эпостогу көөнө мотивдердин, сюжеттердин, образдардын жана көркөм туюнтуу каражаттарынын системасынан түзүлөт. «Манас» жанрдык — стадиялык жагынан негизинен тарыхый-баатырдык эпоско жатса да, анын айрым эстеликтери, айрыкча, түштүктөн жазылып алынган варианттар сюжеттик курамы, образдары, көркөм сөз каражаттары жана алардын тарыхый-филологиялык өзгөчөлүгү боюнча толук бойдон көөнө-баатырдык эпостордун катарында турат. К. к. дегенде, эпикалык чыгармачылыктын тарыхый баатырдык жана андан кийинки этаптарына таандык чыгармалардын поэтикалык түзүлүшүнөн орун тапкан, анын мазмунунда тарыхый баатырдык теманы көркөм чагылдыруу үчүн кызмат кылган көөнө, мифологиялык (тотемдик, шамандык жана башкалар) мотивдер, эпизоддор, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттарынын тутумун түшүнөбүз.
Көөнө көрүнүштөр биринчи иретте «Манастын» сюжетинен жана образдар системасынан ачык көрүнөт. Кыз Сайкалды багынтып, акыреттик жар кылышы, Мадыкан, Макел дөө, Ороңгу жана башка каармандар, итаалы эли жөнүндөгү сюжеттер эпостун К. к-ын түзөт. Аты аталып бирок образдары ачылбаган адамноо, жетимурук, жаян жана башкалар мифологиялык жандыктар, баатырдык жомоктордо белгилүү болгон алп каракуш, тулпар, чеп кайтарган түлкү, өрдөк, аркар сыяктуу образдар да «Манастын» көөнө образдарды жана сюжеттерди кеңири камтыгандыгын көрсөтөт. «Манастын» төрөлүшү, үйлөнүшү тууралуу эпизоддор да көөнө белгилерге бай. Манас, Алмамбет, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын келбетин сүрөттөөдө да көөнө элементтер жыш колдонулат.
«Манаста» географиялык түшүнүктөр да тарыхый жана мифологиялык аң-сезимдин жуурулушунан турат. Жердин түбү Желпиниш — нукура мифологиялык түшүнүктүн жемиши болсо, Бээжин, Каңгай, Алтай жана башкалар топонимдер тарыхый белгилерди да алып жүрөт. Ошондой эле «Манаста» элдин космос, ааламдын түзүлүшү тууралуу байыркы түшүнүгү да сакталган (Жер, анын үстүндөгү, астындагы мифологиялык өлкөлөр).
«Манастын» көркөм сөз каражаттары да бир катар көөнө белгилерди камтыйт. Гипербола, салыштыруу, метафора, эпитет өңдүү негизги көркөм сүрөттөө каражаттарынын көпчүлүгү келип чыгышы боюнча элдин мифологиялык түшүнүктөрү менен тамырлаш (мисалы, канкор, айкөл, тоодой жана башкалар).
Көөнө белгилер «Манастын» ыр түзүлүш системасында да сакталгандыгын көрөбүз. Ар бир сап 7 — 8 муундан туруп, аллитерация, ассонанс, референдердин жыш колдонушу буга далил. Ошентип, «Манастын» поэтикалык курулушу көөнө элементтерге бай, алар өзүнчө бир катмарды түзүп турат.
С. Кайыпов
КӨӨНӨ МОТИВ — дүйнөлүк эпостордо кеңири колдонулуучу, тарыхый тамырлары боюнча байыркы мифтик түшүнүктөргө негизделген, баатырдык тематиканын ачылышы үчүн кызмат кылган, көөнө образдардын (к. Көөнө образ) чыгармада сакталып калышын камсыз кылып турган эпикалык мотив (к. Көөнө катмар, Мотив).
КӨӨНӨ ОБРАЗ — тарыхый-филологиялык негизи боюнча элдин алгачкы мифтик түшүнүктөрү менен байланышкан, эпосто көөнө мотивдердин, сюжеттердин көркөм каражат катары кеңири колдонулушун шарттаган образдар системасы. Эпосто мындай сапаттарга ээ образдар — Алмамбет, Төштүк, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын образдары (к. Көөнө катмар).
этиш. Эскирүү, тозулуу. Анархан куржундан көөнөрүп калган кара ала шайы көйнөктү сууруп алды (Жантөшев).
1. изветшать, обветшать;
көөнөрүп калган көйнөк изветшавшее платье;
2. постареть (и накопить жизненный опыт);
көөнөргөн, көптү көргөн киши старый, много видавший человек.
Эскирүү, тозулуу. Көөнөргөн күрөң костюмчан, иреңи азыңкы куба жигит вагондон жалгыз түштү (Каимов).
понуд. от көөнөр-
довести до обветшания.
возвр.-страд. от көөнөр-,
то же, что көөнөр-.
Көөнөрө баштаган, бир аз эскирген, көөнөргөн.
КӨӨНӨ СӨЗДӨР — күндөлүк речте колдонулбаган, көркөм тексттерде стилдик ыкма, көркөм каражат катары кызмат аткарган сөздөр, сөз айкаштары. Көөнө сөздөрдүн элдик оозеки эпосто колдонушу анын мазмуну, жанрдык-стадиялык өзгөчөлүгү, поэтикасы менен тыкыс байланыштуу. Көөнө мотив, көөнө сюжет, көөнө образдарды көркөм чагылдырууда айрыкча жыш колдонулат. «Манаста» көөнө сөздөрдүн бардык түрлөрү кездешет. Белгилүү бир тарыхый учурда жашап, кийин колдонуудан чыгып калган историзмдер (зубун, тарса, ылама, мубакил, бичик жана башкалар) элдин мифологиялык аң-сезимине жана көөнө тарыхына байланыштуу түшүнүктөрдү билдирген сөздөр (жетимурук, адамноо, албын, кайып, зерчи жана башкалар) көп жолугат. Эпостогу көөнө сөздөрдүн келип чыгышы боюнча эки топко бөлүүгө болот: уңгусу түрк сөзүнөн турган жана араб, иран, кытай, моңгол жана башкалар тилдерден кабыл алынган сөздөр. X. Карасаев «Манас» эпосундагы түшүнүүгө кыйынчылык келтире турган сөздөрдүн (Сагымбай Орозбаков варианты боюнча) сөздүгүн түзгөн (к. «Камус наама»). Көөнө сөздөрдүн эпостун стилине көтөрүңкү эпикалык мүнөз берип, көөнө түшүнүктөрдү көркөм чагылдырууга кызмат кылат.
КӨӨНӨ СЮЖЕТ — баатырдык - көөнө эпосторго мүнөздүү көөнө образдар катышып, көөнө мотивдердин тутумунан турган эпикалык сюжет. «Манаста» мындай сюжеттер арбын, алардын эң мүнөздүүлөрү Эр Төштүк, Алмамбет, Дөө-пери жомогу, Макел дөө, Итаалы жөнүндөгү сюжеттер болуп саналат, к. Көөнө эпос.
КӨӨНӨ-ТУРПАН, Турпан —топоним. Кыргыз уруулары эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет. Иранча кухене — көөнө-эски жана моңголчо Турпан — ордо, борбор шаар, кан сарайы деген сөздөрдүн айкалышынан жасалган аталыш. Географиялык реалияда Чыгыш Тянь-Шань тоолорунун этегиндеги ойдуң жана андагы шаар.
КӨӨНӨ ЭПОС («баатырдык-көөнө эпос, баатырдык архаикалык эпос, архаикалык эпос) — поэтикалык курулушун, мазмунун көөнө мотивдер, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттары аныктаган эпос, баатырдык эпостун жанрдык-стадиялык өнүгүшүнүн алгачкы этабын чагылдырган эпикалык мурас. «Манастын» белгилүү варианттары жанрдык-стадиялык жагынан тарыхый-баатырдык эпостордун катарында турса да, анын бир айтымдары кадимки К. э-ко таандык касиеттерди толук камтыйт. Алсак, эпостун түштүктөн жазылып алынган варианттары буга далил (к. Мурат Калбай уулу, Төрө Мамыт уулу, Матисак Акбай уулу, Чал Сыдык уулу жана башкалар). Мунун өзү кыргыз эли Манас баатыр жөнүндө ар кыл жанрдык-стадиялык мүнөздөгү чыгармаларды жараткандыгын көрсөтөт. К. э-тун поэтикалык курулушунда мифологиялык образдар, сюжеттер менен бирге, алардын аткарылыш ыкмасы да өзгөчө болот. Көлөмү тарыхый-баатырдык эпостордой чоң эмес, баяндоо ыкмасы жөнөкөй келет. Негизги каармандардын образдарында тарыхый белгилерге караганда көөнө белгилер басымдуулук кылат. Эпикалык душмандар болсо дээрлик фантастикалык, мифтик белгилер менен чүмбөттөлгөн болот. Негизги көркөм сөз каражаттары катары гипербола, салыштыруу кызмат кылат.
С. Кайыпов