Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что кайым I;
кайып болуп кетти он исчез, стал невидимым;
казынанын далайы кайып болгон чагы бар фольк. можно полагать, что большая часть сокровищ исчезла;
карылардын сөзүндө "кайыбы бар" дээр эле фольк. говорили, что в словах стариков есть тайный смысл;
2. (ср. чилтен) миф. добрый дух;
кара кийген жесирди кайыптар колдоп алыптыр фольк. одетой в чёрное вдове добрые духи покровительствовали;
кайыпка чалыш бул бир ат этот конь смахивает на кайып'а;
туудум деген эне жок, туудурдум деген ата жок, туура кайып экен деп, өзүм таап алгамын фольк. нет матери, которая сказала бы "я родила", нет отца, который сказал бы "я породил", полагая, что это кайып, его я сам нашёл;
кайып эрен или кайып то же, что кайберен;
кайыбы малдай жайылган стих. дикие жвачные там паслись как домашний скот;
жел кайып незримое существо;
кылмышкер жел кайып болсо да, мен аны табам если преступник даже незримое существо, я его найду;
жел кайыптан (чаще о поэтах, акынах) вдруг, экспромтом;
эстегенде мен өзүм жел кайыптан сөз табам стих. как только вспомню (что-л.), сразу нахожу слова (т.е. импровизирую);
желиккенде мен өзүм жел кайыптан сөз табам стих. когда я возбуждён (или вдохновлён), вдруг нахожу слова (слагаю стихи);
жамак деген - жел кайып стих. импровизация - это экспромт;
дидар кайып возможно, случайно встретимся;
илме кайып см. илме II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. миф. Көзгө көрүнбөй, билинбей жакшылык кылуучу дух. Касиеттүү жер эле, Карылардын сөзүндө Кайыбы бар дээр эле («Эр Табылды»). Кайыптан келген бууданды, Кармап баары алды эми («Эр Табылды»).
2. Кийиктердин жалпы аты, наамы. Кароолуңа ишенбей, Качкан кайып аттырбайт (Токтогул). Кайыптар оттоп, төлдөгөн, Албан түрлүү чөбү бар (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алданын өзүнө гана белгилүү (эч бир жандын акылы жеткис), көзгө илээшпеген, көрүнбөгөн жашыруун абалы. 2. дин. Көзгө көрүнбөй кубулуп жүрүп колдоочу кереметтүү күчтөр. Мис. Кырк Чилтен, Кызыр (Кыдыр) Илияз. 3. Кереметтүү көзгө илээшпеген колдоочуга айлануу: «Манас» үчилтигинин айрым оң каармандары (Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро), жаныбарлары (Акшумкар, Кумайык, Тайбуурул) кайып болгону – өлбөй тирүү калышып, жер кезип, көңүлдөрү сүйгөн адамдарга кезиккенде колдоо көрсөтөрү айтылат. 4. Кереметтүү жаралуу: айрым каармандар (Айчүрөк, Арууке, Көкмончок ж. б.), айрым жаныбарлар (мис. Тайбуурул) Кайыптын тукуму, же кайыбынан табылат (Акшумкар, Кумайык, айрым тулпарлар). Кайыпка катар ат минген («Манас» С. К.). Кашайган тулпар Керкулун, Кайыптан бүткөн жылкы эле. Элемандын Төштүккө, Кайыптын баары болду кез! («Эр Төштүк»). Касиеттүү жер эле, Карылардын сөзүндө Кайыбы бар дээр эле («Эр Табылды»). 6. Кийиктердин жалпы аты, наамы, кайберен. Кайып жүрчү тоолорду, Качырата басалык («Семетей»). Кароолуңа илинбей, Качкан кайып аттырбайт (Токтогул). Кайыптар оттоп төлдөгөн, Албан түрлүү чөбү бар (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тез эле көрүнбөй калуу, тез эле жок боло түшүү. Артымдан калбай кыйла жерге канаттуу немедей көзүмө көрүнүп олтурду да, анан кайып болуп кетти (Медетов). В.: Кайып болуу. Бир кишиге көрүнбөй, кайып болду Ак шумкар («Манас»). Кайып болгон адамды, Калк ичинен мен көрдүм («Эр Табылды»). Өлүп, сөөгү табылбай, Кайып болду деп уктум («Сейтек»). Жел кайып болуу. Кылмышкер жел кайып болсо да, аны табам, – деп Омор бак арасынан кетпеди (Сыдыкбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАЙЫП ДАҢ — кейипкер. Калмак кандарынын бири (даң — калмактарда акимдик титул). Манастын аялы Карабөрктүн атасы К. д. Манас менен урушуп колго түшүп, элдешип, кызын Манаска берет да андан наркы окуяларда кыргыздар тарабында болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 10, 11, 13, 31, 94, 95, 346). Саякбай Каралаевдин варианты нда Карабөрктүн атасы Кайып кан делет (Саякбай Каралаев, 2. 43).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАЙЫП-МАЗАР — топоним. Манас жолдоштору менен салбырынга барганда ашып өткөн кыр. Эпосто «Кайып-Мазар, Кара-Кыр, Кайыпчынын мазарын, Жаңыдан Манас ашты эле» (Саякбай Каралаев, 1. 233),— деп айтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАЙЫПЧАЛ — эпизоддук кейипкер. Куялынын атасы экендиги, Манас менен достугу жана өзү баатыр адам болгондугу айтылат (Курама варианты, «Сейтек», 227 — 230, 236—257).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАЙЫПЧЫНЫН КАРА-ТООСУ. Кайыпчынын Кара-Үңкүр — топоним. Эпосто Кайып колдогон сыйкырдуу жай, ашына кыйындык түшкө каармандар жашынып жан багат. Көзкамандардан ууланган Манасты Каныкей ала качып барып багат. Каныке Абыке, Көбөштөн Букарга качып баратканда корголойт, жоодон жараланган башка каармандар да ага барып жашынганы айтылат. Мисалы, эпосто Кыястан жараланган Семетейди:
Перизада Көкмончок,
Берен катын Чүрөктүн
Бейбактын жакын снңдисн,
Кайыпчынын тоосуна
Ала качып кетиптир (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 320) делет.

Хакас, Алтай элдеринин эпосторунда да каармандар аскадагы үңкүргө кирип жоодон кутулганы, калканч тапканы салттык мотив. Кыргыздын кенже баатырдык эпосу «Жаныш, Байышта» Байышты да асканын үңкүрүнө жашырып койгондугу айтылат.
Р. Сарыпбеков, Б. Төрөкулова