Киргизско-русский словарь Юдахина
(в эпосе - о монголах, калмыках) отряд войска;
зубун-зубун бөлүнүп разделившись на отряды;
канча зубун кол менен а да каптап кетти эми фольк. со многими отрядами войск и он напал.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЗУБУН (моңг. зуу — «жүз») — эпосто калмактардын уруу, топ, бөлүк, аскер бөлүгү маанилеринде айтылат: «Зубун-зубун калмактар, Эр өлгөн айылга барыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 154); «Майданга Манас барыптыр, Аны көрүп акырын, Зубундап ураан чакырып, Сайкал жөнөп калыптыр» (СО. 2. 60).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уруу. 2. Топ, бөлүк. 3. Аскер бөлүгү. Зубун – зубун калмактын Суусунан жылкы тийгизди («Манас» С. О.). Зубун-зубун сулуу бар («Манас» С. К.). Айкырык салып Айжаңжуң, Канча зубун кол менен, А да каптап кетти эми («Манас»).