Киргизско-русский словарь Юдахина
тарса I
(см. тарс).
тарса II
ир.
1. (у старых книжников) христианин;
2. (в эпосе) название народа;
кыргыз, тарса - кыйла эл, кызыл кан агып, болду сел фольк. киргизы, тарса и многие народы - красная кровь лилась, образовался поток.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Перс тилинен келген, «христианин» деген маанини билдирет. Түрк-монгол элдери христиан динин кабыл алган элдерди ушинтип аташкан. Алар адатта несториан христиандар болушкан. Муну «Манас» эпосунан да байкоого болот: Дүнүйө жүзү бузулган, Суудай акты кызыл кан. Кыргыз, тарса кыйла эл Кызыл кан агып, болду сел (Курама вариант, 1. 157). Журттун баары чогулуп Болжогон жерге барганы, Тарса, жөөт, сакалат, Аягы барып бул иштин Ат келишке такалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 263). Археологиялык маалыматтарга караганда, азыркы Бишкек шаарынын Кара-Жыгач тарабында 12-14-кылымдарда Тарсакент деген несториандардын шаары болгон.