Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Перс тилинен келген, «христианин» деген маанини билдирет. Түрк-монгол элдери христиан динин кабыл алган элдерди ушинтип аташкан. Алар адатта несториан христиандар болушкан. Муну «Манас» эпосунан да байкоого болот: Дүнүйө жүзү бузулган, Суудай акты кызыл кан. Кыргыз, тарса кыйла эл Кызыл кан агып, болду сел (Курама вариант, 1. 157). Журттун баары чогулуп Болжогон жерге барганы, Тарса, жөөт, сакалат, Аягы барып бул иштин Ат келишке такалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 263). Археологиялык маалыматтарга караганда, азыркы Бишкек шаарынын Кара-Жыгач тарабында 12-14-кылымдарда Тарсакент деген несториандардын шаары болгон.