Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бодо малдын ышталган терисинен жасалган анчалык чоң эмес идишти көөкөр дейбиз. Моңгол тилдеринде көк(өн)//хөх(өн) сөзү «эмгекти» билдирет. Калмак тилиндеги көкүр «упчу» жана «көөкөр» маанисин берет. Болжолу, көөкөрлөр алгач бээнин же төөнүн желининин терисинен жасалган окшойт. Кийин ошол идиштин көлөмүндөгү башка териден жасалган идиш да көөкөр атала берген болуу керек. Азыркы көөкөрдүн эки жакка кайрыла уурчуктанып турган бөлүктөрү алгачкы эки эмчектин элесин берген элементи болушу мүмкүн.