көөкөр
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыЖылкы, төө терисинен жасалган, суюктук куюп пайдаланууга ылайыкталган мойну ичке, түбү жазы идиш; Көк шибери жайкалган, көөкөрдө кымыз чайкалган (Үмөталиев) (КТС 2010:786). Муну азыркы көкүрөк деген сөз менен тектеш деп айтууга болот, анткени түрк тилдерине тектеш монгол тилдерине кирген калмак тилинде көкүр «упчу» жана «көөкөр» маанисин билдирет. Ушуга караганда, көөкөр байыркы мезгилде бээнин же төөнүн желин терисинен жасалса керек. Кийин башка териден жасалса да, аты ошол бойдон кала бериши мүмкүн. Азыркы көөкөрдүн эки жакка кайрыла уурчуктанып турган бөлүктөрү алгач эки эмчектин элесин берген элемент болушу мүмкүн (Сейдакматов 1988:157-158). Табыптар сынган кабырганы түз бүтүрүү үчүн оорулууга көөкөр үйлөтүшкөн. Таластагы «Манас ордо» комплексинде турган 7-8-кылымдарга таандык бир балбалдын белинде көөкөрдүн сүрөтү бар. Айрым маалыматтарга караганда, чака сыяктуу андан чоӊ идиш көнөк уйдун желин терисинен жасалган.