жак I 1. в разн. знач. сторона; түн жак север; күн жак юг; кыбла жак (в лексике старшего поколения) запад (сторона Каабы); сол жак левая сторона; оң жак правая сторона; базардын бери жагында по эту сторону базара; анын ары жагында по ту сторону, дальше чего-л.; үй жакка в сторону дома, по направлению к дому, домой; аттанар жак левая сторона коня (с которой садятся верхом); камчылар жак правая сторона коня (с которой у всадника находится плеть); жан-жагына каранып фольк. оглядываясь по сторонам; жалпы жак мат. общая сторона; бурч жагы мат. сторона угла; саясий жактан зыяндуу политически вредный; сен жак болбоймун я не буду на твоей стороне, я твоим сторонником не буду; Суусамырдын биз жак четинде капчыгайлар бар с нашего края Сусамыра есть ущелья; жагынан в отношении; мен жагынан кайгы жебе в отношении меня не беспокойся; кайсы жагынан болбосун во всех отношениях; формасы жагынан улуттук, мазмун жагынан социалисттик (культура) национальная по форме, социалистическая по содержанию; киши жактан от руки человека (а не по другой причине); бул - бери жагы, ары жагына барганда... это ещё только цветочки, а вот дальше...; башка жактан уктум я стороной слышал; 2. грам. лицо; үчүнчү жак третье лицо; ал жагы бар это за ним водится, этого отрицать нельзя, не без того; коркунучтуу жагы бар небезопасно; ар жак-бер жагын ойлобой эле необдуманно; с наскока. жак II южн. то же, чтомай I 1. жак- III 1. нравиться; "көңүлүмө жагат" деп, көрүнгөнгө дос болбо погов. не дружи с каждым, кто тебе понравился; туура сөз тууганга жакпайт погов. правдивое слово родичу не нравится; правда глаза колет; майдай жагат очень приятно, очень нравится; көңүлүмө жакпаса если мне не понравится; жага түшкөн очень понравилось; 2. (о пище, лекарстве, климате) быть на пользу; маа эт жакпады мясо мне не пошло на пользу; жага бербей кал- быть на руку, прийтись кстати, явиться удобным случаем; анын урушканы мага жага бербей калды то, что он бранился, было мне на руку, было тем, чего я только и ждал. жак- IV жечь, зажигать; от жак- зажигать огонь; мешке от жак- затопить печь; отко жак- сжечь в огне, предать сожжению. жак- V смазывать, намазывать; кара көө жак- намазать сажей.
I Тарап, багыт. Күн жак. Он жак. Сол жак. Арка жактан келаткан үч атчан Шабыраалынын үнүнөн улам кайрыла калышты (Байтемиров). ЖАКIIэтиш.1. Купулга толуу, көңүлгө төп келүү, жакшы, түзүк катарында эсептелүү. Зууранын сөзү отургандарга абдан жакты (Баялинов). Аялынын калп сөзгө жеңгени Ышкынаалыга жакты(Байтемиров).
2. Сиңимдүү болуу, аш болуу, пайдалуу болуу.Мага эт жагат. Абдан жагат акча. Адал эмгегиң тапса (Шүкүрбеков). Ичкен жанга дем берип, Жагып турат аккан суу (Тоголок Молдо).
III этиш.1. Күйгүзүү, тутантуу, жандыруу. Биз бактылуу балабыз, Ырдап костёр жагабыз (Аалы).
2. Жарык кылуу.Шам жак. Чырак жак. ЖАКIVэтиш. Сыйпоо, сүртүү, шыбоо. Кара көө жак.
Бул мага жакты дегенде айтылган жак этиши байыркы түркчө йак «жакында, жуукта» (ДТС, 237) этишинен келип чыгат дешке болот. Анын мааниси кеңешинен жаңы мааниси келип чыгышы мүмкүн. Анткени байыркы түрк тилинде йак этиши «жакында» маанисин гана берген, ал кезде «жагуу» мааниси болгон эмес. Алгач аралыкка карата гана айтылган йак этиши кийин көңүлгө карата да айтыла турган болуп, колдонулушу кеңейип, ошол кезде ушундай мааниси келип чыккан. Жаңы мааниси пайда болгон соң байыркы йак этишинин биринчи маанисинде айтылышы унутулуп, кыргыз тилинде жакын (<йак+ын) сөзүндө өлүү уңгу түрүндө айтылып калган.
1. Тарап, багыт. Жума төр жакка барып отурду (Жантөшев). Арка жактан келаткан үч атчан Шабыраалынын үнүнөн улам кайрыла калышты (Байтемиров). 2. грамм. Сөз болуп жаткан тараптардын сүйлөөчү, тыңдоочу жана сөзгө катышпоочу болуп үч топко бөлүнүшүн билгизүүчү грамматикалык категория.
1. Купулга толуу, көңүлгө төп келүү, жагымдуу таасир берүү, жакшы элес калтыруу, түзүк катарында эсептелүү. Темирдин шар сүйлөгөнү, ачык мүнөзү Исага жакты (Сасыкбаев). Өнөрүң болсо өргө чап, Эмгегиң менен элге жак (Токтогул). Көңүлүмө жагат деп, көрүнгөнгө дос болбо (макал). 2. Сиңимдүү болуу, пайдалуу болуу (мисалы, тамак, дары, аба ж. б.). Кадырлап берген тамагы Жакпай жатат өзүмө («Эр Төштүк»). Дайындуу ооруң бар болсо, Дарысын ичсең жакпайбы! (Осмонкул).
1. воротник; ата баласы - тон жакасы погов. сын у отца, что воротник у шубы; кайырма жака отложной воротник; тик жака стоячий воротник; ак жака 1) белый (крахмальный) воротничок; 2) ирон. интеллигент; жакадан ал- 1) взять за шиворот; 2) перен. взять, схватить за глотку; алка-жака передняя часть воротника; алка-жакадан ал- перен. хватать за грудки; жака-башын оңдогулап, тамагын жасап (оратор) одёрнув воротник, пригладив волосы и откашлявшись; 2. (в некоторых местах) одежда; жака камда- готовить одежду; 3. край, берег; суу жакасында на берегу реки; чет-жака окраины, окрестности, соседние места; чет-жакадан из соседних мест, не из этих мест, со стороны; чет-жакадан жеткирилген доставленный из другого места, со стороны (не местный); 4. предгорье; эл жайлоодон жакага түшүп, күздүк, кыштык оокатына камынып жатат народ с летовки (с горных пастбищ) спустился в предгорья и готовится к осени и зиме; 5. тяньш. стр. мауэрлат; жака карма- или жака карман- изумиться, удивиться (букв. схватиться за свой воротник); чын эле жакаңды кармана турган жорук да и в самом деле, странное явление; эки колу жакасында (букв. две руки его на своём воротнике) 1) он удивлён, поражён, подавлен; 2) он только и знает, что с ним скандалит, только и знает, что с ним враждует; жан уяда, жака колдо болсо если будем живы-здоровы (букв. если душа будет в гнезде, а воротник - в руке).
зат.1. Кийимдин адамдын моюну туура келген жерине ылайыкталып тигилген бөлүгү. Тик жака. Кайырма жака түлкү ичик Желбегей салып жамынып («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Жээк, чет жака, бир нерсенин бою.Кол жакасы. Жаркырап аккан чоң суусу Жакасы салкын көлөкө (Үсөнбаев).
3. Тоо этеги, тоо алды.Эл жайлоодон жакага түштү. Баасы кымбат, баркы
өйдө, Жакасына пахта айдап (Үсөнбаев). ¨ Жакасынкармануу — таң калуу; үрөйү учуу; коркуу.
1. Кийимдин адамдын моюну туура келген жерине ылайыкталып тигилген бөлүгү. Кайырма жака. Тик жака. Көйнөгүнүн жакасы жалжайып, каректери балбылдайт (Айтматов). 2. Суу, көл ж. б. жээги, чети, бою. Жаркырап аккан чоң суусу, Жакасы салкын көлөкө (Үсөнбаев). 3. Тоо этеги, тоо алды. Акбар бирде жайытта малда болсо, бирде жакада дыйканчылыкка барат (Убукеев). Тоолоруң ай, жакаң ай, Жайкалган жашыл жериң ай (Осмонов). Жакадан бозой келет деп, Жаталбай уйкуң качкандыр (Сарногоев).
Кандайдыр бир нерсенин чет жагы, тегерек-чети, чет-жакасы. Айылдын жака-белинде эч адам көрүнбөдү (Жантөшев). Жака-бели ызы-чуу, Айланып учуп өрдөк, куу (Бөкөнбаев).
этиш.1. Жакадан алып булкуу, силкүү, урушуп калуу.Жаман менен. дос болсоң, Жарым тыйын доолашып, Жабыркатат жакалап (Осмонкул). Жигиттери жабылып, Жакалады уулумду («Таалай жомогу»).
2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө. От жакалай отурду. Байыртан Талас суусу жактан агып, Жакалап көчмөн кыргыз малын багып (Шүкүрбеков). Көл ж.акалап Орус келди, Орусту ээрчип ырыс келди (Убукеев).
1. хватать за воротник; киши жакала- хватать человека за воротник; 2. двигаться по краю, по берегу; суу жакала- идти берегом; жол жакала- идти обочиной дороги; от жакалай вокруг огня.
1. Жакадан алуу, урушуу, туткактоо, чырдашуу максатында жакадан кармоо. Мен да балага жакалап жооп бердим (Элебаев). Жаман менен дос болсоң, Жарым тыйын доолашып, Жабыркатат жакалап (Осмонкул). 2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө, бир нерсенин чети менен кыркалап өтүү, бойлоо. Кашкардын кара тоосун жакалап, Эрикпей Төштүк жол жүрүп («Эр Төштүк»). Сай жакалай сагызган Салпактады эңиштеп (Бөкөнбаев). От жакалай отура кетти да, бир тизесин тонунун өңүрүнө катты (Абдумомунов).
жакалаш I чет-жакалаш близлежащий, соседний; чет-жакалаш айыл соседний аул. жакалаш- II (о пеших мужчинах; ср. чачташ-) драться, трясти друг друга за воротник.
Жакасы бар, жака салынган. Тик жакалуу боз кемселинин этектери делдек-делдек этет (Байтемиров). Саңсаң жакалуу ичигинин белин Бары кайыш кур менен бүйрө курчанган (Жантөшев).
Бучкактап кое бербөө, асылып алуу. Жакасына жармашып жүрүп, эптеп аны колго тийгизди («Кыргызстан маданияты»). Жакасына жармашып, этегине эрмешип жүрүп, эптеп макулдаттым («Кыргызстан маданияты»).
Бучкактап коё бербөө, асылып алуу. Жакасына жармашып жүрүп, эптеп аны колго тийгизди («Кыргызстан маданияты»). Жакасына жармашып, этегине эрмешип жүрүп, этпеп макулдаттым («Кыргызстан маданияты»).
1. Бир нерсеге аябай таң калуу, айраң-таң болуу, акылы айран болуу. Эне сүтү оозунда деген береги баланын... кылган иштеринежака карманышты (Акматов). «Ой тобо», дешти аны көргөндөр жакасын карманып, «ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен...» («Кыргызстан аялдары»). Мунум сыртка чыкпай, ичимден айтылганын кийин билип, жакамы карманып, өзүмө бир ыраазы болдум (Казакбаев). 2. Бир нерседен кооптонуп үрөйү учуу, коркуу. Ачарчылык аз келгенсип, кызылча, келте каптады, - деп жакасын карманып, мөгдүрөп турушту (Бердикеев). Кудай өзүң колдой көр, алааматтан сактай көр, -деп кемпир калтаарып, жакасын карманды (Жантөшев).
1. Таң калуу, жакасын кармануу, айран-таң болгондук. Калктын баары таң калды, Жакаларын карманды (Токтогул). Эне сүтү оозунда деген береги баланын кылган иштерине жака карманышты (Акматов). «Ойтобо», дешти аны көргөндөр жакасын карманып, «ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен...» («Кыргызстан аялдары»). Мунум сыртка чыкпай, ичимден айтылганын кийин билип, жакамы карманып, өзүмө бир ыраазы болдум (Казакбаев). 2. Корккондо, укмуштуу окуяны укканда, апкаарып, шаштысы кеткенде ж. б. жакасын кармап кудайга жалынуу, тобо кылуу. Чын эле жаканы кармана турган жорук. Ачарчылык аз келгенсип, кызылча, келте каптады, – деп жакасын карманып, мөгдүрөп турушту (Бердикеев). Кудай өзүң колдой көр, алааматтан сактай көр, – деп кемпир калтаарып, жакасын карманды (Жантөшев).
жаке I сев. из уйг. приказ, распоряжение; жаке берип (или кылып) койсоң, инилериң аткара берет если ты прикажешь, твои младшие братья будут исполнять. жаке II сев. то же, чтоага I (чаще встречается в сочет. с аке 3); "аке-жаке" деп келээр он ещё придёт с повинной, он ещё напросится.
entity extraction (noun)
The process of extracting information from unstructured text in an item and storing that information as additional managed properties for the item.
entity extractor (noun)
A content processing feature that extracts information from unstructured text in an item and stores that information as additional managed properties for the item. The additional managed properties can be used to refine results.
ЖАКИШЕВ Өмүркул (1909, Кант району, Үч-Эмчек айылы —1978, Фрунзе шаары) — кыргыз совет адабиятчысы, «Манас» изилдөөчү, түзүүчү. Алгачкы билимди Бишкектеги интернаттан, педагогикалык техникумдан алган. 1931 — 34-ж. Москвадагы редакциялык басма институтунда окуган. 1934—37-ж. Кыргызстан мамлекеттик басмада редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу секретары, 1940—49-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство иштери боюнча Башкарманын начальниги болуп иштеген. 1952 — 62-ж. Кыргыз ССРИлимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» секторун жетектеген. Адабий-сын ишмердүүлүгүн 30жылдары баштап, кыргыз адабиятына тийиштүү бир катар рецензияларды, обзорлорду, проблемалык мүнөздөгү макалаларды жазган. Өмүрүнүн кыйла бөлүгүн «Манасты» изилдөөгө жана жарыялоого арнаган. Союздук жана республикалык басма сөз беттеринде макалаларын жарыялап, «Манас» эпосунун көркөмдүк чен-кудуретин кыргыз жана дүйнөлүк оозеки адабияттагы ордун, беделин белгилеген. 1946-ж. Москвадан чыккан «Манас» эпосунун бир томдук орусча көркөм котормосун редакциялоого катышып, Е. Мозольков менен бирдикте кириш сөзүн жазган. «Манас» эпосунун 1958—60-жылдарда жарыяланган курама төрт томдугунун башкы редакторунун орун басары болгон. 1952-жылдагы «Манас» изилдөөгө арналган бүткүл союздук илимий конференцияда марксизм-ленинизмдин жоболорунун негизинде вульгардык социологиялык сындан коргоп, ««Манастын» негизги варианттарына кыскача обзор» деген доклад жасаган
Р. Сарыпбеков
этиш.1. Бирөөнү, бир нерсени колдоо, бирөө тараптуу болуу, кубаттоо. — Ал мактады, — Биз ошону жактадык (Аалы). Тоо жумушчулар союзунун бийлигин жактайбыз (Сасыкбаев).
2. Талкууга сунуш кылынган иштин, жобонун (диссертация, проект, дипломдук иш ж. б.) атайын заседаниеде кабыл алынышына жетишүү, аларды коргоо.
1. Кубаттоо, бирөөнү колдоо, бирөөлөр тарапта болуу. Ар дайым, жаңылыкты жактайбыз (Сыдыкбеков). Кең мамлекеттин менчигине өтүшүн гана жактайбыз! – деп күркүлдөштү шахтерлор (Сасыкбаев). Байбиченин сөзүн кээ бирөө жактап, кээси кулак каккан жок (Байтемиров). 2. Талкууга сунуш кылынган иштин, жобонун (диссертация, проект, дипломдук иш ж. б.) атайын заседаниеде кабыл алынышына жетишүү, аларды коргоо. Кандидаттык диссертациясын жактады. Дипломдук ишин ийгиликтүү жактады. 3. грамм. Этиш сөздөрдү үч жак боюнча жак, сан, чак формалары менен өзгөртүү.
грамм. Жалпыланган заттык маанини үч жактын бирине, жекелик же көптүк санга тиешелүү кылып көрсөткөн, сөз өзгөртүү системасы менен өзгөрө алган ат атоочтор, мисалы: мен, сен, биз, сиз, ал, алар, силер сыяктуу сөздөр.
1. сторонник; тынчтыкты жактоочулар сторонники мира; 2. юр. защитник, адвокат. жактуу принимающий чью-л. сторону, стоящий на чьей-л. стороне; алар бир жактуу болуп, биз - бир жактуу кармаштык мы схватились (разделившись на два лагеря); они по одну сторону, а мы по другую; ар жактуу всесторонний; бир жактуу односторонний; ишти бир жактуу кыл- довести дело до конца.
зат.1. Колдоочу, кубаттоочу, таламын талашуучу. Тынчтыкты жактоочулардын саны өсүүдө. 2.юр. Айып коюлган адамды сот процессинде коргогон, жактаган киши.
1. Колдоочу, кубаттоочу, таламын талашуучу. Тынчтыкты жактоочулардын саны өсүүдө. 2. юр. эск. Айып коюлган адамды сот процессинде коргоп, жактаган киши, актоочу, адвокат.
сын.1.Тараптуу. тармактуу.. Окутуу процесси бир жактуу.. эмес, ал эки жактуу болот («Мугалимдерге жардам»).Ар жактуу.
2. Жактары бар, бир канча жактардан турган. Көп жактуу призма.
Бир өңчөй, бир беткей болгондук, бирдей мүнөздүүлүк. Каармандын өсүү процессин көрсөтүүдө автор бир жактуулукка жол берет («Мугалимдер газетасы»). Натыйжада анын ырларында бир жактуулук, олку-солкулук көз караштар да орун алган («Ала-Тоо»). || Көп жактуулук. Ар тараптуулук, көп багыттуулук, көп маанилүүлүк.
находящийся на чьей-л. стороне; происходящий с какой-л. стороны; держащий чью-л. сторону, сторонник; Жамыйла жактык болгон да кишилер чыкты оказались и у Джамили сторонники; башка жактык нездешний, с чужой стороны.
жактыр- I понуд. отжак- III одобрять; жактырбады он не одобрил, ему не понравилось. жактыр- II понуд. отжак- IV заставить жечь; отун албаганга от жактырба погов. не позволяй разводить огонь тому, кто не собирал топлива. жактыр- III понуд. отжак- V заставить мазать (снадобьём).
1. жак II этишинин аркылуу мамилеси. Орус калкым, тууганым, Кыялыңды жактырам (Осмонов). Егор Ашырдын зээндүүлүгүн да жактырчу (Сасыкбаев). 2. Туура деп эсептөө, макул табуу. Бюро шаарды жашылдандыруу жөнүндөгү проектини жактырды.
ар. 1. яхонт; 2. драгоценный камень; самоцвет; жакут таштай кашка тиш фольк. резцы (у неё) как самоцветы; эки көзүн карасаң, - жакуттан чара ойгондой стих. смотришь на её глаза - будто чаши, выдолбленные из самоцветов.
Бул сөз грек тилинен арап тили аркылуу келип кирген. Байыркы түрк жазма эстеликтеринде жакут таш түрүндө кездешет (ДТС 1969:238). «Манас» эпосунда кездешет: Жакут менен көөкардан Босогого салдырган.
ЖАКУТ — кымбат баалуу асыл таш, яхонт. Жашыл саффир менен кызыл рубиндин кымбат баалуу түрлөрүнүн жалпы аты. Кээде гранит жана асыл шпинель сыяктуу кызыл түстөгү асыл таштар Ж. деп аталган. Эпостон Ж-тун байыртадан эле асем буюмдарга, жасалгаларга, кооздуктарга колдонулганы, нур чачыратып, жарык чыгаруучу каражат катары пайдаланылганы көрүнөт. Мисалы, Алмамбет Бээжиндеги өзүнүн алтын тагын Сыргакка төмөнкүчө сүрөттөйт: «Бу туш менен тиги туш Жакут таштан жабылуу» (Саякбай Каралаев, 2. 136), «Жакут менен көөкардан Босогого салдырган» (Саякбай Каралаев, 2. 136). Алмамбеттин атасы Азизкандын сейилдикке кийүүчү жарым кандык чен тонунун жасалгасы төмөнкүчө баяндалат: «Жакут ташты жардырган Көкүрөккө тонунун Асыл таштан салдырган» (Саякбай Каралаев, 2. 139). Ж-тун баалуулугу төмөнкү саптардан да көрүнөт: «Жакут, көөхар, лагыл таш, Жандар өлүп калган соң Аны эмине кылабыз!» (Сагымбай Орозбаков, 4. 349). Жарык болуп турсун үчүн Каныкей Манастын сөөгү коюлган жайга да Ж-ту колдонот: «Жакут таштан жардырдым, Алтымыш уруу жерине Жакут, көөхар аралаш Чырак гана кылып салдырдым» (Сагымбай Орозбаков, «Семетей», 1. 154).
Ы. Кадыров
Кымбат баалуу жылтылдаган асыл таш. Он эки бурап жандырган, Оозуна жакут салдырган, Көздөй көрүп чоң дүрбү («Эр Төштүк»). Алтын жакут дилде артып («Манас» С. К.).
1. хорошо; хороший;
жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт погов. хороший умирает, но слово его не умирает;
эң жакшы очень хорошо, отлично;
аттын жакшысы лучшая из лошадей;
жакшы эле аракет кылды он основательно потрудился; 2. уст. знатный (по рождению, по общественному или имущественному положению);
бир өнөрү жакшынын - эл жемекке далбаса стих. одно из занятий знатного - объедать народ;
он адамга бир жанды жакшы коюп салыптыр одного человека он поставил начальником над десятью;
жакшысыңбы? хорошо ли ты себя чувствуешь? как ты поживаешь?
жакшы туруңуз! (вежливо к одному) или жакшы тургула! (ко многим, когда с каждым на "ты") счастливо (вам, тебе) оставаться!;
жакшы көр- любить;
жакшы көргөн атым моя любимая лошадь;
жакшы көрүн- понравиться, полюбиться.
сын.1. Сапат жагынан талапка ылайыктуу, көңүлгө толгон, мыкты баага татырлык. Жакшы жүрүп үлгү алгын — Копту билген көсөмдөн (Сыдыкбеков). Жакшы жылкы. Жакшы кийим. 2.өт. Атактуу, даңкы чыккан., эл бийлеген адам.Байлыгыңды баркың үчүн аяба, сен жакшыларга ошондо жанашасың! (Аалы). Жамгырчынын ордуна Жакшы кылып алалы («Саринжи — Бөкөй»).
¨ Жакшыаттууболуу — кошомат кылуу, жагынуу. Жакшы болуу — оорудан айыгуу, оңолуу. Карып оорусунан жакшы болду (Жантөшев).
Бул сөз жак+шы бөлүктөрүнөн куралган. Жак уңгусу байыркы түркчө саг «1) соо, 2) жакшы» (ДТС, 480) сөзүнүн с тыбышы ж тыбышына өзгөргөнү болуп эсептелет. Азыркы кыргыз тилинде сын атооч же тактооч маанисиндеги сөздү жасай турган -шы мүчөсү бул сөздөн башка текши (<тек+ши) сөзүндө да катышат. Текши сөзүндөгү тек уңгусу азыркы кыргызча тең сөзүнө барабар келет. Демек, -шы мүчөсү сын атоочтон же тактоочтон кайра эле ошондой сөз түркүмүн жасай турган мүчө экени даана көрүнөт. Жакшы сөзүндө да йак уңгусуна -шы мүчөсү уланып, кайра эле ошондой маани берген жакшы сөзү жаралган.
1. Сапаты, касиети, өзгөчөлүгү жагынан талапка ылайыктуу, көңүлгө толорлук. Жакшы ат. Жакшы кийим. Жакшы үй. Жакшы жол. Жакшы музыка. Жакшы ыр. Жакшы китеп. || Ылайыктуу, пайдалуу, орундуу, жөндүү. Жакшы кеңеш. Жакшы сөз. Жакшы ой. 2. Кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу жагынан үлгү болорлук, моралдык сапаты жагынан жогору (адам жөнүндө). Жакшы адамдын белгиси – Эл камы үчүн жүгүрөт (Токтогул). || Ак ниет, жамандыгы жок, жөн билги, үлгү болорлук адам, алдыңкы катардагы. Жакшы ката кетирсе – өзүн жемелейт (макал). Жакшыга айтсаң – билет, жаманга айтсаң – күлөт (макал). Түзүп чарба, жакшыларга теңдешкин (Бөкөнбаев). || сүйл. Эл ичинде, өз айылында кадыр-барктуу, эл башкарган, эл бийлеген, башкаруучулардан, мыктылардан деп эсептелген адам. Жамгырчынын ордуна Жакшы, кылып алалы («Саринжи Бөкөй»). Ок адамга бир жанды Жакшы коюп салыптыр («Сейтек»). 3. Көп, мол, арбын. Дыйкандар быйыл да дан эгиндеринен жакшы түшүм алды. || Артык, түзүгүрөөк. Ушул көрөкчө, өндүрүштүн өзүнө барып иштеген жакшы (Убукеев). 4. Ачык, даана, айкын. Мендирман жакшы тааныды, Ким экенин үнүнөн («Мендирман»). 5. Жакшылык. Кайгырбагын, энеке, Жаман, жакшы баарына, Байыртан балаң бышты го (Элебаев). Жаман менен жакшыны, Таасындап билер убагың («Мендирман»). 6. Абалды, ден соолукту суроодо, саламдашуу, учурашуу же коштошуу иретинде колдонулат. – Жакшысызбы? Уктук эле оору деп (Токомбаев). Жакшыбы жайың, Алмаке, Эмне бизден четтедиң (Токомбаев). Кош жакшы калыңыз! – деп Батый да Осмондун колун бекем кысып коштошту (Сасыкбаев). 7. Баа коюу системасында «эң жакшы» деген баллдан кийинки баа катарында колдонулат. Экзаменди жакшы деген баага тапшырды. 8. Жарайт, болуптур, макул деген сыяктуу ырастоо маанисинде да колдонулат. Жакшы, бара тур, Жакшы, кийин сүйлөшөлү.
Бирөөгө жагынуунун, жакшы көрүнүүнүн аракетин жасап, ичи-койнуна кирүү, кошомат кылуу. Бошкой жакшы аттуу болуу максатында мыктыларын мактай келип, Тоголок Молдону мыскылдай ырдаганда, анын жойпулугу, жасакерлиги мыктыларына жакты (Бейшеналиев).
Бирөөгө жагынуунун, жакшы көрүнүнүн аракетин жасап, ичи-койнуна кирүү, кошомат кылуу. Бошкой жакшы аттуу болуу максатында мыктыларын мактай келип, Тоголок Молдону мыскылдай ырдаганда, анын жойпулугу, жасакерлиги мыктыларына жакты (Бейшеналиев).
1. Урматтоо, кадырлоо, жакын саноо сезиминде болуу, берилгендик, жакындык сезимде болуу. Айгүл байкесин жакшы көрөт. 2. Ашык болуу, сүйүп калуу, көңүлү берилип калуу. 3. Өзгөчө жактыруу, каалоо, эңсөө (мисалы, тамакты). Тагай беш бармакты жакшы көрөт.
этиш.1. Мактоо, жактыруу, бирөөнүн же бир нерсенин жакшы атагын чыгаруу.
2. Бир нерсенин сапатын жакшыртуу, мурдагысынан жакшы кылуу. Жалпы журтка пайдалуу Жакшылап чексең тегирмен (Токтогул).
3. Түзүктөп, ойдогудай кылып иштөө, аткаруу.Акылыңды жыйнап, шашпай, жакшылап жооп бер (Жантөшев). Айтыша көр жакшылап, Жаңылышсаң куурадың! (Аалы). Тапшырайын төрт жолдош, Жакшылап баккын энемди («Кедейкан»).
1. Бирөөнүн же бир нерсенин жакшы жагын чыгаруу, жакшы сапаттарын көрсөтүү. 2. Бир нерсенин сапатын мурункусуна караганда түзүк кылуу, дурустап оңдоп коюу. Башкарманын кабинети жакшылап жасалган (Жантөшев). Силер аны жакшылап уюштургула. 3. жакшылап формасында. м. Дурустап, түзүгүрөөк, жакшы, көңүлгө толо тургандай. – О, кадырман достум, келчи жакшылап. көрүшөлү! (Абдукаримов). Акылыңды жыйнап, шашпай жакшылап жооп бер (Жантөшев).
1. добро, благодеяние; жакшылык кыл-сделать доброе дело; оказать благодеяние; ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан жакшылык көрөсүң погов. если будешь уважать своих родителей, увидишь добро от детей своих; жакшылыкка алып келбейт к добру не приведёт; 2. хорошее, положительное качество кого-чего-л. жакшылыктуу содержащий в себе добро; благой, хороший; жакшылыктуу тамак жебейт он не ест путём (живёт впроголодь).
зат.1. Жакшы мамиле, жакшы иш, пайдасы тийгендик.Токтогул элди эмгекке, жакшылыкка үндөгөн (Бөкөнбаев). Жакшылыкка жакшылык — ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык — эр кишинин иши (макал). 2. Жакшы сапат.Сылык мүнөз адептүү, жакшылыктын өрнөгү (Осмонов). Жайыл Манас көрбөсүн Жаңы келген келиндин Жакшылыгын көмбөсүн («Манас»). ЖАКШЫЛЫКТУУсын. Ойдогудай, канагаттандыргыдай.Ойноок бала жакшылыктуу оттоткон да эмес окшойт (Бейшеналиев).
ЖАКШЫЛЫК — эпосто элдин моралдык аң-сезимин чагылдыруу менен жалпысынан этикалык түшүнүмдөрдөн кабар берет. Ал өзүнүн мазмуну боюнча жамандыкка карама-каршы. Бул антипод көрүнүш чыгармада «Туулмак бар, өлмөк бар, Жакшы менен жамандык Туш-тушунда көрмөк бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 24) — делинип, жашоодогу түбөлүктүү маселе катары тастыкталат.
Элдин социалдык-этикалык ойлорунун, идеяларынын тарыхы негизинен жакшылык менен жамандыктын (к. Жамандык) ортосундагы келишпес күрөш болуп келген. Бул учурлар «Манаста» дайыма Ж-тын жамандыктын үстүнөн болгон жеңиши, салтанат курушу менен көрүнөт. Ушул ыңгайдан алып караганда эпостун «кан тамырына терең тараган, мазмунунда чордонун аныктаган өмүр, жашоо, эркиндик, көз каранды эместик, адилеттүүлүк үчүн жан аябай күрөшүү ириде Ж-тын жаркын жышааналарын билдирет. Алсак, эпостун сюжеттик өзөгүн түзгөн окуялар (Манастын туулушу жана эрезеге жетип, элин жыйып Ала-Тоого келиши, баскынчы душмандарды багындырышы, Семетейдин эли-жерине келип, ички жана тышкы душмандар менен талбай кармашып, элине, мекенине ээ болушу жана башкалар) дал ушундай.
Эпосто чагылдырылгандай, Ж. жөнүндөгү түшүнүктү адамдар жүрөгүндө бекем сактап, аспиеттеп жүргөн түпкү кызыкчылыктары, умтулуулары, мүдөөлөрү, каалоолору, үмүт-тилектери менен ажырагыс байланыштырышкан. Муну барыдан мурда чыгарманын негизги оң каармандарынын кылган иштеринен, кылык-жоруктарынан таасын байкоого болот. Маселен, Манас баш болгон: Каныкей, Бакай, Кошой, Семетей, Алмамбет, Айчүрөк, Сейтек жана башкалар көптөгөн каармандардын бардык аракеттеринде элдин эртеңки күнү, эркиндикке умтулуусу үчүн астейдил күрөш, бийик ыймандык, адамгерчилик сапаттар башкы орунду ээлейт. Маселен, Манас 24 жаш курагында эле элге баш-көз болуп, келечегине кам көрүп, анын зор күч-аракети менен:
Азган-тозгон кайран эл,
Чогулушуп калды эми.
Медер кылып Манасты,
Мекен кылып Таласты (Саякбай Каралаев, 1. 183).
Ушул сыяктуу умтулуулар берки каармандарда да даана байкалат. Алсак, Каныкей бүткүл турган-турпаты менен Ж-ка жаралып калган адамды элестетет. Анын бул бийик сапаты Манаска ишенимдүү жан-шерик, ийги акылман болуп бергендикте гана эмес, андан да нары элдин мыкты билерманы, көсөмү даражасына да жетишкендикте. Каныкей эркинин бекемдиги, акылынын тунуктугу менен башына түшкөн бардык оор кыйынчылыктарды жеңип, өз максатына жетет. Манастын ысмын өчүрбөй сактап калууда, Семетейди эр жетилтип, элине ээ кылууда анын эмгеги аябай зор. Анын Ж. иштери жалаң эле Эл, Жер, Мекен, Манас, Семетей үчүн болгон түйшүктөрдө гана эмес, каска, доско кылган адилет, ак ниет мамилесинде да айкын сезилет. Маселен, Каныкейдин дааналыгы Кошой сыяктуу абасына чак келген кандагай тигип, анын Жолойду жыгышына өбөлгө түзгөндөн да, түбүндө душман болгон Канчоро сыяктуу адамды ак сүтү менен баккандан да байкалат.
Мындай асыл сапаттар Кошой, Бакай жана башкалар каармандарга да мүнөздүү. Ошол жоокерчилик заманда Ж. менен жамандык тынбай кагышып, кармашып, улам биринин үстүнө бири ала салып жаткан мезгилде, эл арасынан чыккан жогорудагыдай акылмандар чоң демөөр болгон. Маселен, согуш болгон жерде талоон бар. Бирок, эпосто сүрөттөлгөндөй Манас душманын багындырганда мындай учурлар байкалбайт. Ал душманынын колун гана кыйратат, бейкүнөө элди чаппайт. Ал гана эмес душмандан олжолоп алынган дүнүйөнү элге таратып берет. Алсак, Манас элге аябай запкы көрсөткөн Алооке канды жеңгенде эпосто айтылгандай:
Алоокенин сан дүйнө,
Келген жандын баарына
Атаң Кошой ошондо
Камчыга ченеп бөлдү эми (Саякбай Каралаев, 1. 215).
Акыл үстөмдүк кылган жерде Ж. болору шексиз. Манастын жогорудагыдай позициясына албетте Кошой, Бакай, Каныкей сыяктуу акылмандар таасир берген. Маселен, Бакай жоокердик артыкчылыгына караганда туура кеңеш берген, билгилик, олуялык жагы менен Манаска зор тутка, жөлөк болгон. Ал душманга дайыма келишпес мамиле кылат, ошондой эле аны жетиштүү деңгээлде баалай билет, эч качан адамгерчиликке жатпаган чеки ишке барбайт. Кырк чоро Семетейдин айтканына көнбөй, бийлигине ыкрар кылбай ага дайыма жаман иштерди жасап, акырында кытайды көздөй качышат. Семетей алардын артынан кууп жетип, бардыгын тындым кылып таштайт. Ошондо Бакай Семетейге кайрылып мындай дейт:
Манастан калган кырк чоро
Жашырып жүзүн кетпесек
Карагаттай кайран көз
Каркылдап карга ойбосун,
Каалгадай кашка тиш,
Сагызган чычып койбосун,
Бөйрөгүн бөрү ойбосун
Бөтөн эттин баарына,
Түлкүлөр капыр тойбосун.
Мингендерин союп кет,
Кетмендеп жерди оюп кет
Мингенин атап союп кет
Кырк чоронун баарысын
Белгилеп жерге коюп кет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 340).
Семетей Бакайдын тилин алып, ары-бери өткөн жолоочуларды уюштуруп, кырк чорого кырк күмбөз, кызык кылып салдырат. Мындан Семетейдин да, Бакайдын да жамандыкка жакшылык менен жооп бергендигин байкоого болот.
Эпос күбөлөп тургандай, элдин көп кылымды ичине алган социалдык-саясий экономикалык, турмуштук изденүүлөрүндө мезгилдин сынынан өтүп, адамдарга дайыма аброй болуп келген баалуу, көөнөрбөс моралдык сапаттар иштелип чыккан. Мында асыресе Ж. идеясына дем берүү чоң мааниге ээ болгон. Мындай идеянын шарданы менен адамдардын прогрессивдүү социалдык практикасы, жашоо ыңгайлары, кылган иштери, кылык-жоруктары, жүрүш-туруштары, аракеттери калыптанган. Мына ушулардын пайдалуу, оң болушуна жараша Ж. мазмуну жагынан кеңейип көп түрдүү, конкреттүү көрүнүштөрү келип чыккан. Маселен, Ж. кылуу (добродеяние, доброта), кең пейилдик (широта души), ажат ачуу (благодеяние), ак көңүлдүк (добродушие) адамдардын моралдык сапаттарына айланган. Эпосто булардан сырткары айрыкча көңүл бура турган нерсе — жакшылыкчыл (добродетель) көрүнүштөр. Бул дегинкисинде инсандык туруктуу оң, мыкты моралдык сапатын мүнөздөйт, анын моралдык абройлуулугун, нарктуулугун айгинелейт.
Мында Ж-тын эч ноюбастыгы, жашоонун эң алгылыктуулугу, ишмердүүлүгү. Ал өзү асыресе Ж-ты, ыймандуулукту активдүү алып жүрүүчүнүн ролун да көрсөтөт. Жакшылыкчыл жөнүндө түшүнүк ар бир мезгилде шартка жараша өзгөрүлүп келсе да, анын кайраттуулук, патриоттуулук, акылмандык, кең пейилдик, эрктүүлүк сапаттары дайыма сакталып калган. Эпосто буга бирден бир мисал Манаска карата колдонулган айкөл, асыл, эр, зор, сырттан, кызырдуу деген сыяктуу эпитеттер анын ашкере жакшылыкчыл адам экендигин ырастайт. Бул жерде ага карата берилген «айкөл» деген сыпаттама өзгөчө маанилүү. Ал биринчиден, өтө сыйымдуу моралдык сапатты көрсөтсө, экинчиден, эпостук каармандардын ичинен Манаска карата гана айтылат. Манасты «айкөл» деп атоо менен эл андан бүткүл жакшы нерсени көргөн. Анын ысмы жалпы эле Ж-тын символу болуп калган. Манастын туулушу эпосто кыргыздар үчүн чоң Ж-тын келиши катары көрсөтүлөт. Чындыгында эле ал «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган», «өчкөн отту күйгүзгөн, өлгөн жанды тиргизген» улуу иштерди жасайт. Эл ага тен берип, «Өйдө бассак Манасты Өбөк кылып алалы, Ылдый түшсөк Манасты Жөлөк кылып алалы» деп өздөрүнүн бүткүл үмүт-тилегин, мүдөөлөрүн, максаттарын анын аты менен байланыштырат.
Эпосто сүрөттөлгөндөй Манас өмүрүндө бирөөгө жамандык кылган жан эмес. Ырас, анын алабармандык, ээнөөлүк жагы да бар. Бул сапаттар анын жакшылыкчыл мүнөзүн кемитпестен, кайра толуктап турат. Бөтөнчө ага зордукчулдук жат нерсе. Маселен, Алтайда эл жыйылып, Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү масилетте Манас ким кааласа көчө тургандыгын эскертет. Жоого карата аттанганда адамдарды аскерге, кошунга кысым, күч колдонуу менен албайт. Ал түгүл чет Бээжинди ээлеп турганйа кайра кайтуу жөнүндө Каныкейден кат барганда да абалдын татаалдыгына карабастан, каалагандарга элге кайтууга уруксат берет. Колундагысын аябай элге чачат. Душмандын тилине да кирип кете берет.
Ушулардын бардыгы анын дегеле дилинде эч кимге залал келтирбей тургандыгын ачык далилдейт. Анын жакшылыкчыл иштери жалпы элге гана эмес, ар түрдүү адамдарга да жугумдуу. Маселен, кырк чоро ким эле:
Тонсуз келди бир чоро,
Тонсуз келген чорого,
Жакасы алтын, жеңи жез.
Кош бадана, торгой көз,
Келеме бото, кең жака,
Керишке кийсе ок өтпөс,
Тон кийгизди зор Манас.
Атсыз келген чорого,
Аркар аяк, жез билек,
Ат мингизди зор Манас.
Манастын кырк чорого кылган жакшылыгы ченемсиз. Мындай иштерди ал мамилелешкендердин бардыгына, ал түгүл душмандарына да жасайт. Анын жакшылыкчыл дыгы дегинкисинде адилеттүүлүктү, бийик ыймандык сапатты күбөлөп турат.
Эпосто Ж. жөнүндөгү элдик түшүнүмдөрү жалаң эле адамдардын жүрүш-туруш чөйрөсүндө эмес, ошондой эле анын мифтик, диний, космологиялык жана башкалар көз караштарында ширешкен формаларда чагылдырылган. Маселен, баланын жакшы жышааны менен туулушу (Манас), дуба окуу менен кыйын кырдаалдан чыгуу (Алмамбет), Ж-тын түш, аян аркылуу берилиши, Манасты дайыма сырдуу күчтөрдүн колдошу (Баба-Дыйкан, Кырк чилтен, Кызыр, жаныбарлар жана башкалар), асмандагы ай, жылдыздардын жайгашына, көрүнүшүнө карата алдыдагы иштерди аныктоо жана башкалар дайыма Ж-ка байланыштырган. Эпостун мазмунунда адамдардын өздөрүнүн жашоо турмушунда коомдогу, айлана-чөйрөдөгү жакшы нерселерди улам өздөштүрүп, үйрөнүүгө, үлгү алууга, тууроого боло турган баалуу көрүнүштөрдү дайыма алып, байытып олтурушкандыгы даана байкалат.
О. Исмаилов
ЖАКШЫЛЫК Сарык уулу (1880, Ысык-Көлдүн Шаты айылы—1934, ошол эле жер) — манасчы. Бугу уруусунан. Эл арасында «Кара ырчы» деген ат менен таанымал. Ж. тогуз жашынан жамактатып ыр айтып, он эки жашында эл аралап, жамакчы-ырчы катары белгилүү болгон. Анын «Жылдыз» аттуу дастаны мазмунунун кызыктуулугу жана уккулуктуулугу менен эл арасына кеңири тараган. Жыйырма бешке чыкканча аш-тойлордо жар чакырып, жамак айтып жүргөн. «Семетей» айта баштаганын кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат.
Жыйырма беш кезимде,
Күнү-түнү үч күндө,
Аян берип өзүмө,
Түшүмдө келди көзүмө.
Белги берип береним,
Жамагыңды ташта деп,
Түшүмдө сөзүн уккамын.
Түшүмдө сөзүн уккан соң
Жамакты мындай таштадым.
«Семетей» менен «Сейтекти»
Ошондо айта баштадым (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 57-инв., 1684-б.),
— деп эскерет. 1929-жылдан баштап андан «Семетей» менен «Сейтек» эпостору жазып алынган. Ж. өмүрүнүн акырына чейин жомок айтууну атайын кесип кылып калгандыгы жөнүндө:
«Семетей» менен «Сейтекти» Катар айтып чакылдап, Акын-ырчы атанып, Жашымдан берген кесипти, Карыганча таштабай Айтып жүрөм таштабай (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 57-инв., 1682-б,),— деп өмүрү өткөнчө эпосту айткандыгын баса белгилеген. «Семетей» эпосу — эл арасына кеңири тарап, сюжеттик, тематикалык, композициялык жактан калыптанып калган чыгарма. Ж. Сарык уулунун «Семетейинде» да бардык семетейчилерге мүнөздүү сюжеттик нук сакталып, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу сыяктуу манасчылардын варианттары менен жалпы сюжеттик схемасы, окуялардын чечмелениши боюнча үндөшүп турат. Жакшылык Сарыковдун вариантынын «Семетей» бөлүгү: Каныкейдин Букарга качканы, Семетейдин балалык чагы, Семетейдин эл-жерин угуп Таласка жөнөөгө камынганы, Каныкейдин жомогу, Семетейдин Таласка келип Абыке, Көбөш, Жакыптарга жолукканы, Атасынын алты мүлкүн алганы, Чачыкейге үйлөнгөнү, Айчүрөктүн ак куу кебин кийип учуп баатырларды сынаганы, Семетейдин Чынкожо, Толтой менен урушу, Толтойдун жомогу, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөнү, Семетейдин Коңурбай менен урушу, Кыяс менен Семетейдин урушу, Семетейдин өлүмү, Айчүрөктүн олжого кетиши, Сейтектин тарыхы жана башка окуяларды камтыйт. Көпчүлүк семетейчилерде Манас дүйнөдөн кайтканда Каныкей күмбөзүн салдырып, аны жайына койгондон кийин көп өтпөй Манастын инилери Абыке, Көбөш Каныкейге сөз айттырып, аны аялдыкка алууга аракеттенгендиктен Каныкей аргасыздан атасы Темир кандын шаарына качып баргандыгы баяндалат. Ж. деле жалпы сюжеттик нукту улантканы менен эпостун «Семетей» бөлүмүнө «Манастын» акыркы финалдык бөлүмүн кошуп айтуу менен айырмаланып турат. Семетейдин төрөлүшүнө чейин айткан баяндамасында Манастын туяксыз өтөмбү деген зары жана Көкөтөйдүн ашында Кошойдун берген батасынан бүтүп эли-жерин тышкы жана ички душмандан коргой ала турган болочокку баатыр баланын — Семетейдин дүйнөгө келиши жөнүндө айтылат. Семетей төрөлгөндөн кийин Манас жортуулга чыгып, Коңурбайды жеңип, Орто Бээжин, Чет Бээжинге сурак жүргүзөт. Бээжинди алгандан кийин Манас душманга алдатып, бүт колун кырдырып Алмамбет менен Чубактан айрылып, өзү башынан жарадар болот, Аккула аты окко учат. Абалдын оордугун байкаган Каныкей Манастын көзү өткөндө Жакып төрт уулу менен ордону талап, мени бир уулуна алып берүүгө аракеттенет деген ишеничке келип, тийиштүү ырым-жырымдарды өткөрүп, Манаска арнап күмбөз салдырат да, аны коштоп күмбөзгө алып келет. Каныкейдин камбылдыгына ыраазы болгон Манас баарын көргөндөн кийин, Семетей менен Чыйырдыны Бакайга табыштап көз жумат. Манас дүйнөдөн кайткандан кийин Каныкей Семетейди алып, Чыйырдыны ээрчитип Букарга качып барат. Семетейдин бала чагы, жигиттик курагы Букарда өтөт. Окуянын экинчи этабы — Семетейдин Таласка келиш эпизоду Сарытазга байланыштырылган. Жакшылык Сарыковдун вариантында Сарытаз Манастын чоролорунун бири катары баяндалат да, ал Абыке, Көбөш жана Жакыптан качып, Семетейдин артынан Букарга келет. Сарытаздын негизги максаты — Семетейге эли-жерин таанытуу. Ар бир семетейчиде Сарытаздын тарыхы ар кыл айтылса да, негизги мотив бардыгына тең бирдей жалпылыкты түзөт. Семетейдин Букардан Таласка көчүшү жөнүндөгү баяндамада Ысмайыл элин чогултуп той кылып, Семетейге көп мал берип, жездемдин кабарын билип келем дейт деп Семетейди Таласка чейин жеткирип келет. Ал эми Канчоро менен Күлчоронун образы Канчоро менен Күлчоронун эпиканын дүйнөсүнө келиши Жакшылык Сарыковдун вариантында бир аз өзгөчөлөнүп сүрөттөлгөн. Бул окуянын чечмелениши сюжеттик нукта түрк элдеринин, о эле дүйнө элдеринин фольклорунда салттык түрдө айтылып келе жаткан туугандашуу мотиви менен үндөшүп, эки чоронун Семетей менен эмчектеш тууган болушу баяндалат. Ж-тын айтуусунда Айчүрөк периден жаралган кыз экендиги ачык баяндалат. Өзүн Кайкынын сары белине перинин кызы тууп таштап кеткендигин жана аны Акун кан таап асырап баккандыгын:
Алакандай энеме,
Акункандай атама,
Пери ойногон жеринен,
Кайкынын сары белинен,
Перинин кызы тууп кеткен,
Таап алган талаадан
Асыранды кыз болдум (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 54-инв., 620-б.),— деп эскерет. Семетей өлгөндөн кийин ордосу таланып, Айчүрөк баш болуп олжого кетет. Күлчоронун далысы кесилип, кул катары Айчүрөк менен кошо Кыяска берилет. Ушул учурду пайдаланып, Күлчородон өч алуу үчүн, Карагул Кыяска жылкычы башы болуп келет. Башка варианттагыдай эле Сейтектин дүйнөгө келиши жана жүргүзгөн иш-аракеттери айрым бир көрүнүштөрүнө карабастан сюжети жагынан бир жалпылыкты түзөт. Айчүрөк Кыяска келгенде боюнда бар экендиги белгилүү болот. Бала төрөлгөндө анын көзүн тазалоо Кыястын оюнда жүрөт. Ошентип, Сейтек төрөлгөндө аны жок кылууну Кыяс беш мастан кемпирге тапшырат. Сейтек дүйнөгө келип, көз жарып жаткан учурунда Айчүрөктүн сиңдиси Көкмончок беш кемпирди дубалап, баланы өлүмдөн куткарып калат. Сейтек эс тартып эрезеге жеткенде Орус кандын кызы Күлнаарыга үйлөнөт. Сейтек Кара дөө менен кармашып, аны жеңет. Эпостун финалында Сейтек менен Күлчоро душмандарын жеңип, Таласка келгенден кийин Сейтек энеси Айчүрөктү Күлчорого тийсин деп ортомчу салат. Айчүрөк макул болгону менен Күлчоро макул болбойт. Жалпысынан алганда Жакшылык Сарыковдун вариантында Семетейдин Чачыкейге үйлөнүшү, Семетейдин Коңурбайдан атасынын кунун кууганы, Семетейдин өлүмү жана башкалар салттык эпизоддор бүтүндөй кезигет. Бул жогоруда эскерилгендей айрым бир окуялардагы мотивдердин берилиши боюнча айырмачылыктар жана кошумчалар бар экендиги байкалат. «Сейтек» бөлүмүндө да туугандар арасындагы араздашуунун натыйжасында Айчүрөк колго түшүп туткунга кетет. Ата-бабасы сыяктуу эле Сейтектин да балалык күнү башка эл, башка жерде өтөт. Акыры өз эл, жерин таап, атасынын кунун кубалап, өчүн алгандыгы баяндалат. Ж. Сарык уулунун айтуусунда жазылып алынган «Семетей», «Сейтектин» варианты кол жазма түрүндө 12 китеп (дептер) болуп Кыргыз республикасынын Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 53—54. 57, 214-инв.).
К. Кырбашев
1. Жакшы мамиле, жакшы тилек, жакшы иш, пайдасы тийгендик. Сенин ошол мени ачкачылыкта сактаган жакшылыгыңды эки дүйнөдө унутпайм (Абдукаримов). Ушул жерден бир жакшылык кылдыңар, садагаң кетейиндер,– деди чал (Элебаев). Бактыга жараша жарк этип жакшылык болуп калса, бир күнү келип калармын (Жантөшев). 2. Жакшы сапат. Сылык мүнөз, адептүү, Жакшылыктын өрнөгү (Осмонов). Токтогул элди эмгекке, жакшылыкка үндөгөн (Бөкөнбаев).
ЖАКШЫРТУУЧУ ИННОВАЦИЯ – базардагы тигил же бул товардын (кызмат көрсөтүүнүн) сапаттарын (мүнөздөмөлөрүн) жакшыртуу максатында атайын тапшырык берилген илимий, технологиялык, уюштуруучулук же долбоордук иш жыйынтыгынын негизинде алынган инновация. Жаңы табылгаларды жакшыртууга багытталган инфратүзүмдөр тармактык долбоорлоо-технологиялык жана илимий-изилдөө институттарында жайгашкан.
enhanced DVD movie (noun)
A DVD from which the video section can be played on the DVD set top box. When inserted in the PC, the user can access additional features such as games, web links etc.
Мыкты, акылдуу, ишенимдүү. Ысымы төрө, таяке, – деди Токтогул, – «төрө» десе төрөдөй, бир суу элдин жакшы чыкмасы, ниети ак, кара кылды как жарган калыс баласы (Касымбеков).
Мыкты, акылдуу, ишенимдүү. Ысымы төрө, таяке, - деди Токтогул, -«төрө» десе төрөдөй, бир суу элдин жакшы чыкмасы, ниети ак, кара кылды как жарган калыс баласы (Касымбеков).
монгольское слово, встречающееся в эпосе и употребляемое киргизами для выражения огорчения, скорби; турамын деп, туралбай, "жакы" деп, жатып калды Коңурбай фольк. Конгурбай хотел встать, но не мог, сказал "жакы" и лёг.
1. близко; близкий; жакын жерде близко; күн батууга жакын солнце близко к закату; үйгө жакын калды до дому уже близко; жакын калдык нам уже близко, мы уже приблизились (доезжаем, доходим, заканчиваем); жакын калыптыр, бүгүн-эртеңден келет уже скоро, не сегодня-завтра приедет; жакында келет он скоро (в ближайшем времени, на днях) прибудет; эң жакын милдетинин бири одна из ближайших задач; 2. свой (родной); друг, приятель; жакын талашса, жатка жем погов. когда свои ссорятся, чужому корм; жакын көр- считать кого-л. близким; питать к кому-л. симпатию; жакын или таман жакын с предшеств. дат. п. имеющий склонность, пристрастие, предрасположение к чему-л.; тамакка жакын любитель поесть; кызга жакыя девичий угодник; оорууга бир таман жакын предрасположенный к заболеваниям; жакындан бери с недавних пор.
Азыркы кыргыз тилинде жакын сөзү морфемаларга ажырабайт, анткени уңгусу же мүчөсү кайсы экени белгисиз. Байыркы түрк тилинде йак//йагу//йак//йаву варианттарында айтылган этиш болгон. Ал азыркы кыргызча «жакында, жуукта, жуу» маанисинде колдонулган (ДТС, 224, 225, 237). Мына ошол этишке -ын мүчөсү жалгануудан жакын сөзү келип чыккан.
Ал эми йагу//йаву формасынан жуу этиши жаралып, андан жуук (<йагу//йаву+к) сөзү пайда болгон.
1. Ортодогу аралыгы жагынан алыс эмес, жуук. Жолдош Жапек жакын жерде эл жайлаган жер бар экенин билесизби? (Жантөшев). Ууз кымыздын жыты жакын олтурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). 2. Тууган-туушкандыгы жагынан жакындыгы бар, бөлөк-бөтөн эмес. Абаке, иниңмин деп айткан ким бар? Деги, айтор, жакыныңмын иши кылып (Осмонов). Жалгыз чалын тентиретпей көз салып, Жакындары баксын деди агасын (Токомбаев). 3. Достугу, жолдоштугу, мамилеси, ымалаштыгы ж. б. жагынан жакындыгы, байланышы бар. Жалгыз аттуу кедейдин Жакыны болгон Токтогул (Барпы). Улуу орус баатыр эл, Боордош тууган жакын эл (Үмөталиев). 4. Сүйкүмдүү, ысык, сүйгүнчүктүү. Тоодогу түн дагы жүрөккө жакшы сезилет (Байтемиров). 3. Тектештиги, окшоштугу, жалпылыгы бар, бири-бири менен байланыштуу. 5. Мезгили, убактысы жагынан алганда жакындап калган учурду, чукулдап аз калган учурду көрсөтүүдө колдонулат. Таңга жакын Курман кош атын жетелеп алдыга жөнөдү (Убукеев). Коштошуп колун кармашып, Жакын калды жөнөргө («Курманбек»). 6. Чамасында, болжол менен, ошого барабар болгон, жете бербеген (сан, ченем, өлчөмгө карата). Эки жарым миң гектарга жакын сугат жер. Жүзгө жакын окуучу. 7. Бир нерсеге шыгы бар, байланыштуу, катышы бар, талапташ. Кадыркулдун өз атасы Ногой да малга жакын адам болгон (Каимов). Уста устага жакын (Байтемиров). Мен башынан эле аңчылык ишине, мүнүшкөрлүк жагына жакын кишимин («Ала-Тоо»).
Iэтиш.Жакын келүү, жуук келүү, жакындыгы, окшоштугу болуу.Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт. ЖАКЫНДАII такт.Аз убакытта, тез арада, жакын аранын ичинде, бир аз мурун.Жакында өткөн съездде, Эмгекчи элдер кеңешти (Осмонкул). Жакында жайлоодо эки райондун күлүктөрүнүн жарышы болот (Каимов).
1. Чукулдап келүү, жакын аралыкка келүү. Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Салам берип, мен жакындай бергенде, Ызаат кылып жаштар тура калышты (Токомбаев). 2. Жакын аралыктан чыгуу, жакын арадан угулуу, туюлуу, сезилүү. Булбул үнү мурункудан алда канча жакындады (Жантөшев). Мынакей, жакындады ат дүбүртү (Бөкөнбаев). 3. Мезгили, убактысы жагынан аз калуу, белгилүү бир мезгил, убакыт, окуя ж. б. болоруна чукулдап калуу. Эл жатууга жакындап калды (Жантөшев). Жай бүтүп күз аяктап, кыш жакындап (Осмонов). Жакындаса карылык, Кетирет экен тынчыңды (Тоголок Молдо). 4 Кандайдыр бир чекке, сан өлчөмүнө жете жаздап калуу, аз калуу. Дубалдын боорундагы саатты караса, он экиге жакындап калыптыр (Байтемиров). Алтымышка жакындап, Айыл-үйдөн четтетти (Токтогул). 5. Мамилеси, өз ара катнашы, байланышы жагынан жакын болуу, жакын ымалада болуу. Жайыңды айтсаң жакындайт Акылы бар курдашка (Осмонкул). Жаны-дили сүйбөсө, Жакындаба сулууга (Калык). 6. Жакындыгы, окшоштугу болуу, бири-бирине жакын келип, окшоп кетүү. Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт. Бул эки чыгарма мазмун жагынан бири-бирине абдан жакындайт.
Recently-found songs (proper noun)
The collection title for music songs recently found on customer drives or storage, regardless of when they were first ripped or downloaded.
1. жакында I этишинин кош мамилеси. Күүлөнтүп балбан атын баатыр Тиштээк Куушуруп, Аксакалга жакындашты (Маликов). 2. Бири-бирине жакындыгы болуу, катышы болуу, байланыша баштоо, жакын мамиледе болуу. Жаштар бат эле бири-бири менен таанышып, жакдашып алышат (Баялинов). Жакындашпай алыс жүр, Жандан кечкен сүткорго (Токтогул).
proximity (noun)
A Windows feature that enables users to connect computers with a simple tap gesture or by browsing for computers within wireless range. If two computers come within 3-4 centimeters of each other, or are tapped together, the operating system of each computer becomes aware of the other computer. Also, a user can browse for computers within wireless range that are advertising for a peer connection. The user can then connect the two computers to share content such as photos or links, or create a multi-player experience. If the connection is made using a tap gesture, the user can also publish and subscribe to messages transmitted during the tap.
proximity sensor (noun)
A type of sensor that can determine without physical contact if an object/person is nearby, or can be used to measure the distance between the object/person and the sensor device.
жакындаш этишинин кыймыл атоочу. Мындай маданий жакындашуулар орус элинин алдыңкы көз караштагы окумуштуулары тарабынан башталган («Кыргызстан аялдары»).
зат.1. Арасы алыс эместик, ыраак эместик.Силерге караганда шаар бизге жакындык кылат. Мектептин жакындыгы балдарга жакшы (Сыдыкбеков).
2. Туугандык, тууган-туушкандык, достук. Пролетариаттык жакындыктан пайда болгон сезим («САЖИ»).
3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык.Тилдердин жакындыгы. Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши эч мүмкүн эмес эле («Чалкан»).
4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы барлык. [Аманкул].. китеп, газета, журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).
1. Арасы алыс эместик, чукулдук, ыраак эместик. Силерге караганда, шаар бизге жакындык кылат. 2. Туугандык, тууган-туушкандык, жакшы жолдоштук, достук. Асан Сабырга жакындык кылды («Ала-Тоо»). 3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. || Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши мүмкүн эмес эле («Чалкан»).4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы бардык. Амантур китеп, газета журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).
этиш. Бирөөнү жакын көрүп, боор тартуу, бирөөгө жакындоого аракет кылуу, бирөөнү жакын кишиси катарында эсептөө. Жакынсып кытмыр жабышса, Тез эле кетчү дарт эмес (Аалы).
Бирөөгө боор тартуу, туугансынуу, өзсүнүү, бирөөнү өзүнө тартып жакындоо, өзүн жакын саноо. Бала жакынсып калат. Дилварды аяп, жакынсып бышак, Айткансыйт көңүл келип үч убак (Абдыраманов). Жакынсып кытмыр жабышса, Тез эле кетчү зат эмес (Токомбаев).
ЖАКЫП — каарман, Манастын атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ногойдун уулу. Саякбай Каралаевдин варианты нда Ж-тын атасы Каракан. Ж-тын образы эпостогу татаал, карама-каршылыктуу образдардын бири. Эпостун башында каны өлүп, душмандан кордук көргөн эл туш-тушка чилдей тараганда, Ж., Акбалта баштаган кырк үйлүү кыргыз Алтайга айдалат. Алтындын кенин казышып, эгин айдап, мал багып, эл бакыбат турмушка жетишет. Айрыкча Ж. абдан бай болот. Бирок, көпкө чейин ал балалуу болбой жүрөт.
Долоно саптуу ай балта
Муну толгонтуп ийбей ким аштайт?
Бу тозуп жүргөн көп журтту,
Томсортпой муну ким баштайт? (Саякбай Каралаев, 1. 38),
— деп кейиш кылат. Бул арманында Ж. керт башынын камын гана эмес жалпы журттун кызыкчылыгы, келечеги үчүн санаа тартат. Бирок малга кароо Ж. бай ушинтип зарлап жүрүп көргөн баласы төрөлгөндө эле «Малымды суудай чачарда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 69) дейт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас атасы Ж-ка кыргыз элинин салтына ылайык куда түшүп, калың берип, аял алып беришин суранат, өзүнө кандай аял ылайык экендигин айтат. Ж. кыйла жерди кыдырып, бир да кыз көңүлүнө толбойт. Т. Герцен. Жакып.
Акыры Атемир кандын кызы Санирабиганы көрүп, сынына толтурат, кыздын бой турпатын, жүрүм-турумун гана электен өткөрбөстөн, келечек тагдырынан өйдө таасын көрө билет. Куда түшүп Атемир сурагандан алда канча көп калың төлөп, Санирабиганы Манаска алып берет. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда караниет Ж. калың төлөмөк түгүл, «кара тай бербеймин» деп чыкканда Бакай өзү жуучу түшүп, калыңын төлөп Манасты Каныкейге үйлөндүрөт. Манастын көзү өткөндө Ж.:
Ат өлгөндө кесек ит
Соору керек болучу,
Ага өлгөндө иниге,
Кесек ит, жеңе керек болуучу (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 12),
— деп Бакдөөлөттөн төрөлгөн алты уулун тукуруп, бирин Каныкейди ал дейт. Левират салтына ылайык бул адаттагы эле көрүнүш болгон (к. Левират). «Бирок Манастын жесирине Көбөштүн көз артуусу жана мындагы Жакыптын ролу кордогондук катары кабыл алынат» (В. М. Жирмунский).
Семетей Таласка кайтып келгенде Ж. кичи аялынан төрөлгөн балдары басып калган бийликти жана байлыкты сактап калууга жан далбас кылат. Ачыктан-ачык душмандыкка өтүп, Семетейге уу берип, өлтүрмөкчү болгондо, Ж-тын эки жүздүүлүгүн башынан билген кыраакы Бакай Семетейди өлүмдөн алып калат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас эр жетип, элге таанылып, Таласка келип туруп калган мезгилде эле атасынын «малымды түгөттүң» деген кебине тарынып кетип калып, эгин айдай, түшүмүнө Аккуланы айырбаштап алганы айтылат. Манастын атасына: «Малга кароо сырың бар, Мал жагына калганда, Басылбаган чырың бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 349),— деп баа беришинин да жөнү бар. Ж-тын ач көздүк, дүнүйөкордук, өзүмчүлдүк өңдүү терс сапаттары бара-бара киши өлтүрүүдөн, болгондо да өз небересин өлтүрүүдөн кайра тартпаган жүзү каралыкка чейин өсүп жетет. Анын образынын эволюциясы эпосто ишенимдүү көрсөтүлгөн. Бул жеке эле Ж-тын керт башына мүнөздүү терс сапаттары менен гана эмес, ошол учурдагы коомдук шартка дагы негизделет. Эпостун «Семетей» бөлүгүнүн окуялары феодалдык уруу түзүлүшүнүн учуруна туура келет. Бул мезгилде жеке кызыкчылык уруунун кызыкчылыгынан жогору коюлуп, адамдардын өз ара мамилеси (ал түгүл тууган арасында) мал-мүлккө, бийликке көз каранды болот. Ушул шартта токол аялынан көргөн балдарына тийген дүнүйөнү, мансапты Семетей менен бөлүштүрүүнү каалабаганы, аны өлтүрүүгө жасаган аракети ишенимдүү мотивдештирилген. Ж-тын Семетейди өлтүрүүгө аракеттениши эпостун дээрлик бүт варианттарында бар. ТМВ боюнча Жакып өзү даярдаткан ууну өзү ичип өлсө, Саякбай Каралаевдин варианты нда жүзү-каралыгы ашкереленген Ж-ты Чыйырды, Бакдөөлөт, Каныкей үчөөлөп өлтүрөт.
Көп элдердин, анын ичинде кыргыз элинин фольклордук чыгармаларында ата менен баланын касташуусу кенен кезиге турган салттык мотив. Мисалы, «Курманбек» эпосунда Курманбектин атасы Тейитбек менен, Алмамбеттин атасы Азизкан (Соорондук) менен касташуусу аркылуу берилет. «Эр Төштүктө» сараң бай Элеман өзү аман калыш үчүн желмогуз кемпирге Төштүктү баш кылып, тогуз уулун, балдарынын энесин кошуп туруп берип жиберүүгө да даяр. Ал эми Манас менен Ж-тын ортосундагы карама-каршылык анчалык ачык байкалбай, ата-бала өмүр бою бир пикирге келе алышпаса, Манастын баласы Семетейге Ж. тикеден-тике душмандыкка барат (к. Ата менен баланын касташуусу). «Мажму-ат-таварихте» да Ж тын (Якуб-бектин) Манастын атасы катары берилиши, бул каарманды эпостогу байыркы образдардын бири катары кароого негиз берет.
Д. Саалиева
ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (1935, Киров району, Шекер айылы) — жазуучу, котормочу. 1963жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1958). «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер (1958—60), Шекер айылында мугалим (1961 — 64). «Мектеп» басмасында редакция башчысы (1965—69), «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор (1969—83) болуп иштеген, 1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редакторуна орун басар. К. Жусупов менен бирге «Манас» эпосунун кара сөз нускасын жазган. Үзүндүлөрү бир нече жолу газета, журналдарга жарыяланды. Ж.— бир нече китептин автору.
бедняк, неимущий; жоор жайын жакыр билет погов. что такое ссадины (на спине коня), знает бедняк (ему некем заменить такого коня); жакыр турмуш жизнь в нужде; жарды-жакыр см.жарды.
зат.1. Жеткен кедей, турмуштан, оокат-тиричиликтен кысылган жарды, түгү жок букара. «Жакшы кишиң» дечү эле, Жакырларды жарыткан (Токтогул). Жоордун жайын жакыр билет (макал).
2.өт. Эч нерсе өспөгөн кумдак, таштуу жер.Ал жылдарда Балыкчы жансыз жаткан жакыр, куураган кум, шагырап жаткан шагыл.. боло турган (Убукеев). Кайып буту баспаган, Жакыр жерге өстүрдү (Аалы).
Кыргыз тилинде жакыр сөзү «кедей» маанисин берет. Мындай маани берген бакыр синоними араб тилинен кабыл алынса, кедей, кембагал сөздөрү иран тилинен келип кирген. Байыркы түрк тилинде жакыр же жарды сөзү мындай мааниде айтылган эмес, ал кезде чыгай, чыган, йарлыг сөздөрү кедей маанисинде кеңири колдонулган. Ошондуктан азыркы кыргыз тилиндеги жакыр жана жарды сөздөрдү кийин пайда болгон сөздөрдүн катарына кошууга болот.
Азыркы кыргыз тилинде жону жука фразеологизми да «кедей» маанисин берет (Юдахин, 260). Ал эми «жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу» деген макалда да кедейлик жон менен байланыштырылат. Ушуга негиздеп, жакыр байыркы түркчө йагыр «далы» маанисиндеги сөздөн келип чыккан дешке болот. Болжолу, ал кезде кедейликтин белгиси катары жонунда кийими жоктугу же жонун аябай кызмат кылуудан башка мал-мүлкү жоктугу эсептелген окшойт.
1. Абдан кедей, жарды, турмушу начар, оокат-тиричиликтен кысылган букара. Күндүк ырыскысын күндө өз кесибинен издеген жакыр мергенчинин кызымын (Сыдыкбеков). Чөпкө бергис такыр бар, байга бергис жакыр бар (макал). 2. сейр. Эч нерсе өспөгөн, такыр, кумдак, таштуу жер. Кайып буту баспаган, Жакыр жерге өстүрдү (Токомбаев). Мындан бир нече жыл илгери азыркы гүлдөп турган көл бою өзүнчө жаткан абдан жакыр жер болуптур (Убукеев).
Кедейлик, жакырдык, жардылык, колунда жоктук, кембагалдык. Андагы болгон мурунку Жакырчылык жоюлду (Үмөталиев). О, куураткан жакырчылык, жанымды күйгүздүң ээ! (Сыдыкбеков).