ЖАКШЫ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз жак+шы бөлүктөрүнөн куралган. Жак уңгусу байыркы түркчө саг «1) соо, 2) жакшы» (ДТС, 480) сөзүнүн с тыбышы ж тыбышына өзгөргөнү болуп эсептелет. Азыркы кыргыз тилинде сын атооч же тактооч маанисиндеги сөздү жасай турган -шы мүчөсү бул сөздөн башка текши (<тек+ши) сөзүндө да катышат. Текши сөзүндөгү тек уңгусу азыркы кыргызча тең сөзүнө барабар келет. Демек, -шы мүчөсү сын атоочтон же тактоочтон кайра эле ошондой сөз түркүмүн жасай турган мүчө экени даана көрүнөт. Жакшы сөзүндө да йак уңгусуна -шы мүчөсү уланып, кайра эле ошондой маани берген жакшы сөзү жаралган.