Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Жакшы. Солутпай жакшынакай сактоо үчүн, Жайкалган жайкы гүлдөй кырчын жашын (Маликов). Чичилло, ошентип, жакшынакай күзөтчү болду («Мугалимдерге жардам»).
2. Кооз, көркөм, сулуу. Кыздын жакшынакай көркүнө кайра-кайра Карагысы келди (Сыдыкбеков). Мурдагыдан да аялы жакын, жакшынакай көрүнөт (Байтемиров).