сын. 1. Жакшы. Солутпай жакшынакай сактоо үчүн, Жайкалган жайкы гүлдөй кырчын жашын (Маликов). Чичилло, ошентип, жакшынакай күзөтчү болду («Мугалимдерге жардам»).
2. Кооз, көркөм, сулуу. Кыздын жакшынакай көркүнө кайра-кайра Карагысы келди (Сыдыкбеков). Мурдагыдан да аялы жакын, жакшынакай көрүнөт (Байтемиров).
good-looking ‘гуд’лукиң;
nice найс
1. Жакшы менен бирдей. Кечеде жакшынакай ойлор айтылды. 2. Татынакай, көркөм, кооз, сулуу, жагымдуу көрүнүш. Кыздын жакшынакай көркүнө кайра-кайра карагысы келди (Сыдыкбеков). Жакшынакай көпөлөк, Мынча учасың көкөлөп (Үмөталиев). Соолутпай жакшынакай сактоо үчүн, Жайкалган жайкы гүлдөй кырчын жашын (Маликов).