ЖАКЫН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кыргыз тилинде жакын сөзү морфемаларга ажырабайт, анткени уңгусу же мүчөсү кайсы экени белгисиз. Байыркы түрк тилинде йак//йагу//йак//йаву варианттарында айтылган этиш болгон. Ал азыркы кыргызча «жакында, жуукта, жуу» маанисинде колдонулган (ДТС, 224, 225, 237). Мына ошол этишке -ын мүчөсү жалгануудан жакын сөзү келип чыккан.
Ал эми йагу//йаву формасынан жуу этиши жаралып, андан жуук (<йагу//йаву+к) сөзү пайда болгон.