ЖАК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул мага жакты дегенде айтылган жак этиши байыркы түркчө йак «жакында, жуукта» (ДТС, 237) этишинен келип чыгат дешке болот. Анын мааниси кеңешинен жаңы мааниси келип чыгышы мүмкүн. Анткени байыркы түрк тилинде йак этиши «жакында» маанисин гана берген, ал кезде «жагуу» мааниси болгон эмес. Алгач аралыкка карата гана айтылган йак этиши кийин көңүлгө карата да айтыла турган болуп, колдонулушу кеңейип, ошол кезде ушундай мааниси келип чыккан. Жаңы мааниси пайда болгон соң байыркы йак этишинин биринчи маанисинде айтылышы унутулуп, кыргыз тилинде жакын (<йак+ын) сөзүндө өлүү уңгу түрүндө айтылып калган.