ЖАКИШЕВ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖАКИШЕВ Өмүркул (1909, Кант району, Үч-Эмчек айылы —1978, Фрунзе шаары) — кыргыз совет адабиятчысы, «Манас» изилдөөчү, түзүүчү. Алгачкы билимди Бишкектеги интернаттан, педагогикалык техникумдан алган. 1931 — 34-ж. Москвадагы редакциялык басма институтунда окуган. 1934—37-ж. Кыргызстан мамлекеттик басмада редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу секретары, 1940—49-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство иштери боюнча Башкарманын начальниги болуп иштеген. 1952 — 62-ж. Кыргыз ССРИлимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» секторун жетектеген. Адабий-сын ишмердүүлүгүн 30жылдары баштап, кыргыз адабиятына тийиштүү бир катар рецензияларды, обзорлорду, проблемалык мүнөздөгү макалаларды жазган. Өмүрүнүн кыйла бөлүгүн «Манасты» изилдөөгө жана жарыялоого арнаган. Союздук жана республикалык басма сөз беттеринде макалаларын жарыялап, «Манас» эпосунун көркөмдүк чен-кудуретин кыргыз жана дүйнөлүк оозеки адабияттагы ордун, беделин белгилеген. 1946-ж. Москвадан чыккан «Манас» эпосунун бир томдук орусча көркөм котормосун редакциялоого катышып, Е. Мозольков менен бирдикте кириш сөзүн жазган. «Манас» эпосунун 1958—60-жылдарда жарыяланган курама төрт томдугунун башкы редакторунун орун басары болгон. 1952-жылдагы «Манас» изилдөөгө арналган бүткүл союздук илимий конференцияда марксизм-ленинизмдин жоболорунун негизинде вульгардык социологиялык сындан коргоп, ««Манастын» негизги варианттарына кыскача обзор» деген доклад жасаган
Р. Сарыпбеков
Р. Сарыпбеков